«Элегиянын султаны!» Обончу, композитор коомдук ишмер Түгөлбай Казаковго 70 жыл

«Элегиянын султаны!»

(Обончу, композитор коомдук ишмер Түгөлбай Казаковго 70 жыл)

Кыргыздын атын алыска, даңкын далайга чыгарган инсандарыбыз аз эмес. Кыргыз эли байыртадан эле талантка бай калк. Деги койчу ырчы десең ырчысы, комузчусу, актеру, суротчусу, акыны, жазуучусу жана башка көптөгөн таланттуу инсандарыбыз арбын.  Дал ошондой таланттардын бири обончу, композитор жана коомдук ишмер Түгөлбай Казаков быйыл 70 жылдык юбилейин белгилеп отурат. Композитор 1951-жылы 28-май күнү Кыргыз Республикасынын Талас облусуна караштуу  Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Өз айтымында: Балалыгым Таластын баш жагындагы Көпүрө-Базар деген айылда өттү.Абасы,суусу да тап-таза.Бизден өйдө кийиктер эле жашайт.Тоолор бийик,жылдыздар жакын.Жылдын жарымы кыш.Ал кезде кар калын түшүп кыш узак болор эле.Кыш чилдесинде,январдын алгачкы түнү кыштоодо,боз үйдө төрөлүпмүн. Жылым койон,жылдызым-Текечер,дарагым-Пихта.  Казаков маданият жолун биринчи ыр, макала жазуудан баштаган.  6-классынан баштап райондук гезитке кабарчы катары макала жазып баштаган. Т.Казаков  башында кыргыз филология факультетине тапшырып, жазуучу болсом деп ойлогон экен.

Окууну бүткөндөн кийин тоо кен институтунун геология  факультетине тапшырган. Бул окуу жайга тапшырганынын бирден бир себептери агасы Аман Токтогуловдун башка кесиптин окуусун оку деген кенеши болсо, экинчиден  тоо арасында чонойгондугу себепкер болгондой.  Ал жакта окуп жүрсө дагы жан дүйнөсү музыкага тартып турчу. Ошондой күндөрдүн биринде биринчи курсту бүтүп жаткан учурда, исскуство чөйрөсүндө окуган таанышына  жолугуп,  бала кезиндеги ышкысы ойгонуп музыкага аралаша баштаган. Ошол убактан тарта баш оту менен маданият дүйнөсүнө сапар алган. 

1973-жылдан тарта 1976-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.

1970-жылдан тарта чыгармачылык жолу башталып, көптөгөн элдин канына сиңген обондорду, ырларды жаратты. 1980-жылы чыгармачылык өмүрдүн гүлдөгөн доору болгон. Казаковдун түп нуска обондору кыргызга кенен тараган. Анын ырларын ырдаганга куштар болбогон ырчылар деле жок деп ойлойм. Түгөлбайдын ырларын жеке эле кыргыздар эмес казактар да ырдап жүрөт.

Эң алгачкы эмгеги - «Алтын балалык» деген ырга обон жазган, ал эми сөзү Ж.Алыбаевге тиешелүү. Бул эмгек жаралган убакта ал исскуство институтунун 2-курсунда окуп, жашы 19 жашта болгон.  Бул чыгарманы укканда балалыгын эстеп, ал жакка барып келгендей сезим калтырат.

Андан соң шар аккан суудай оргуштап арты артынан обондор жаралды. Мисалга алсак «Түркүн тагдырлар», «Терек канча жыл жашайт», «Махабат дастаны», «Кайран эл», «Элегия», «Жамгыр», «Сүйүү жазы», «Гүлзарлар», «Эстелик», «Гүлдөр»  жана башка көптөгөн 70ден ашуун обондор, айрым ырлары жарык көрдү. 20 дан ашык толук жана кыска метраждуу кинотасмаларга, спектаклдерге музыка жазган. Түгөлбай  Казаковдун «Жамгыр» ж. б. ырлары бир гана өз жергебизде эмес башка Польша, Португалия, Сирия, Кытай, Казакстан ырчыларынын репертуарларынан орун алган.  Обончунун ар бир обону мааниге ээ жана жан дүйнөнү козгоп айылды, балалыкты, ата конушун эске салса керек. Обончунун коңур үнүндөгү кусалуу кайрыктар угармандарга жашоонун түбөлүктүү эмес экенин, ата-эненин, бир туугандын, тирүүлүктүн баалуулугун айтып муңканат. Сүйүү сезимине арналган, кусалыкка толгон, аруу сезимге оронгон  ырлар кыргыздын кыйырына жетип, өз угармандарын тапкан.

 Бир гана обон жазуу менен токтоп калбастан, К.Орозовдун «Насыйкат», Д.Нурпеисовдун «Асем коныр» күүлөрүн ырга салган.  1984-жылы «Ырлар» аттуу обондор жыйнагын жазып, 1989-жылы «Биринчи кар» деген ат менен поэзия жыйнагын чыгарган.

Эмгек жолуна назар салсак обончу көптөгөн жерлерде иштеп, ар жерде мыктылыгын коргозгон.

 Ысык-Көл райондук маданият үйүнүн директору,   Ысык-Көл элдик театрынын режиссёру (1973-76) болуп дайындалган.  1976-жылдан баштап, 1979-жылга чейин Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы, Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин редактору, башкы редактору. «Кыргызтелефильм» студиясынын редактору  (1979-92), 1990-жылдан тарта Кыргызстан өнөрпоздор союзунун башкармасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын телерадио агентствосунун төрагасы (1992-93), Кыргыз Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары (1993-96), 2005-жылдан тарта  2007-жылга чейин «Алас» гезитинин башкы редактору, Улуттук телерадио корпорациясында «Ибарат» борборунун продюсери (2007-09), 2009-жылдан ошол эле жерде Атайын долбоорлор башкы редакциясынын Башкы редактору болуп эмгектенген. Кылган эмгектери  учун ар кандай сыйлыктар менен сыйланган.

1971-жылы Пермь шаарында өткөн Бүткүл союздук телеконкурстун,   1984-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын, 1974-жылы Кишинев шаарында өткөн эл аралык жаш таланттардын фестивалынын  лауреаты болгон. Сомалиде (1977-ж), Швецияда (1978-ж), Финляндияда (1988-ж.) өткөн СССР маданият күндөрүнүн катышуучусу. 1984-1985-жж. кинокомпозитор катары жаш кинематографистердин республикалык конкурстарынын эки жолку женүүчүсү аталган.

Ошондой эле 1988-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти наамын алган. 

Түгөлбай Казаков эч качан менин обондорум менин ырларым деп мактанып көкүрөк каккан эмес.  Замандаштары обончуну өз чыгармаларынын санына эмес, сапаттык баасына басым койгон талант катары баалашат. Чыгармачыл дүйнөсү өтө кеңири. Керемет ырларды жарата билген акындыгы да бар. Журналистикада, коомдук иштерде атуул катары өз позициясы бар. Эч качан чарчадым, чаалыктым дебейт. Бул да болсо адамдагы жөнөкөйлүк сапаттын ээси экендиги байкалып турат. Ушундай таланттуу адамдардын катарын толуктаган Түгөлбай Казаков кыргыз элинде аты өчпөй муундан-муунга өтүп чыгарган чыгармалары, эмгектери сакталып, аларды биз, жаны муун атын өчүрбөй сыймыктануу менен келечектеги жаштарга өткөрүп берүүбүз шарт!

Даярдаган: КР БМКФФДА, Топтоо, илимий-маалыматчыл аппаратынын жана документтерди пайдалануунун бөлүм башчысы Максатбек кызы Мырзайым

 

Авторизация