Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

WhatsApp Image 2026 02 13 at 165836 12026-жылдын 12-февралында Архив кызматынын конференц-залында архив ишин санариптештирүү маселелери боюнча семинар болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик жана региондук архивдердин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Семинардын жүрүшүндө «Архивдик маалымкаттар» автоматташтырылган маалыматтык системасы тааныштырылды. Системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңири көрсөтүлүп, аны ишке киргизүүнүн негизги ыкмалары түшүндүрүлдү. Талкуу активдүү диалог форматында өтүп, кызматкерлер АМСти колдонуу боюнча актуалдуу суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле документтерди санариптештирүү үчүн заманбап технологиялык чечимдер талкууланды. Тактап айтканда, катышуучулар жаңы алынган BookTek V3 Archive (А3 форматы) жана BookTek V2 Archive (А2 форматы) китеп сканерлеринин иштөөсү менен таанышты. Мындан тышкары, камсыздоочу компаниянын өкүлдөрү карталарды жана башка чоң форматтагы архивдик документтерди санариптештирүүгө арналган компаниянын каталогундагы кең форматтуу сканерлердин мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты.

Семинардын практикалык бөлүгү КР БМАнын санариптештирүү кабинетинде өттү, анда жаңы алынган китеп сканерлеринин базасында катышуучуларга жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана документтердин электрондук образдары менен иштөө тартиби көрсөтүлдү.

Семинарды өткөрүү архив тармагында санариптик чечимдерди андан ары өнүктүрүүгө, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана архивдик документтердин сакталышын камсыздоого багытталган.