Талас райондук мамлекеттик архивинин расмий ачылышы тууралуу

Талас райондук мамлекеттик архивинин  расмий ачылышы тууралуу

Талас райондук мамлекеттик архиви  1985- жылы уюшулуп, архив сактоочу жайларында 1932-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки райондо иштеген эмгекчилердин 96 фонддон турган, бардыгы 19002 сактоо бирдигиндеги документтерди камтыган өздүк курамдын документтеринен турат.

Мамлекеттик архив уюшулганынан бери чейрек кылым өтсө да бул мамлекеттик мекеме өз имараты жок, облустук архивдин имаратында жайгашып келген. Облустук архивдин сактоочу жайлары толуп, өзүнө тийиштүү документтерди мамлекеттик сактоого кабыл ала албай, а райондук архив үчүн андан өткөн көйгөйлүү маселелер пайда болгон эле.

Жергиликтүү бийлик органдары, биринчи кезекте КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.А. Курманалиеванын,

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин аракети аркасында райондук мамлекеттик архиви өз имаратына ээ болду.

Жалпы аянты 243 кв м. түзгөн бул имарат   1968-жылы курулуп, Талас Дан-Азык акционердик коомунун менчигинде болгон. Облустук архивдеги архив сактоочу жайлардын тартыштыгынан улам, 2011-жылы бул имарат Талас облустук архивине өткөрүлүп берилген. Имаратты архив документтерин сактоого ыңгайлаштырып кайра куруп чыгуу, керектүү каражаттар менен жабдуу иштери жүргүзүлдү.  Бул иштерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп, кошумча бөлмөлөр курулду, жалпы ремонт иштери аткарылды.

Талас облусунун архив кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө абдан ыраазы.

Талас шаардык мамлекеттик архиви да өз имараты жок облустук администрациянын имаратынын жертөлөсүнөн орун алып 2005, 2010- жылдардагы коогалаң учурунда олуттуу жабыр тарткан.

Учурда Талас райондук архиви жалпы аянты 235 кв м. ашык жаңыдан бүтүрүлгөн имаратка ээ болуп, 21-октябрда расмий ачуу иш чаралары уюштурулууда.

 

Авторизация