КР Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви кайрымдуулукту унутта калтырышпайт

Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун 1-ноябрдагы №7 катындагы жардам берүүнү өтүнгөн кайрылуусуна КР Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин кызматкерлери 20-ноябрь күнү өз каражаттарынан 1900 сом чогултушкан (жалпы жыйындын протоколу тиркелет). Чогулган каражатка күндөлүк керектелүүчү кир жуугуч каражаттарын сатып алышып,  Бишкек шаарындагы майыптар үйүнө тапшырып келишти.

Майыптар коомунун төрагасынын орун басары К.Б. Мамбетакунов архив кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирүү менен кайрымдуу адамдар өлкөбүздө көп болсо деген тилегин айтты.

    

Авторизация