Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата Талас облустук мамлекеттик архиви иш чара өткөрдү

 

2018-жылдын 19- сентябрында  Талас облустук мамлекеттик архивинде  архивдик документтер пайдалануу менен улуу жазуучу  Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата көргөзмө  даярдалып, слайд колдонуу менен  иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Талас районунун  Көк-Ой айылындагы Т. Кушчубаева атындагы орто мектебинин окуучулары жана  мамлекеттик архивдердин кызматкерлери катышты.  Талас облустук мамлекетик архивинин  директору  Раимкулов Жусуп Кадыркулович дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу Чынгыз Айтматов тууралуу баяндады.   Ал эми директордун орун басары Кочербаева Нуржамал Амановна атайын даярдалган слайдды пайдалануу менен окучуларды жазуучунун өмүр баяны менен кыскача тааныштырды.

 

 

Авторизация