Кыргыз тили кылымдарды карыткан…

2019-жылдын 11-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Борбордук Мамлекеттик коомдук саясий документтер архиви  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тил боюнча улуттук комиссиясынын демилгесин колго алып кызыктуу иш-чара өткөрдү.

23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун урматына салтанатуу иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин кадр иштерин уюштуруу жана документтер менен камсыздоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Б.С.Чокморов,  Архив агенттигинин кадр иштерин уюштуруу жана документтер менен камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери З.М.Атакозуева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын өкүлү А.К.Эсенов, Кыргыз Эл акыны Гулсайра Момунова, Кыргыз ССРинин Эл артисти Дарика Жалгасынова катышышты.   

КР БМ КСДА калкка кызмат көрсөткөн орган катарында  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүп жатат; архивдик документтердин негизинде көргөзмө уюштурду; көркөм окуу, монолог, макал- лакаптар жана кыргыз элинин улуттук каада-салттары боюнча «Кара Жорго» бийин даярдашкан.

 

                                                                                                                    

 

                                                                                                                                         

 

 

                                                                          

Авторизация