“Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун, Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун”

   Талас облустук мамлекеттик архивинде “Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун, Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” аттуу  кароо-сынагы өткөрүлдү. 

         2019-жылдын 28- августунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын  30-жылдыгына карата Талас облустук мамлекеттик архивинде   “Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун, Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” аттуу  кароо-сынагы өткөрүлдү. Кароо-сынакка Талас облусунун баардык мамлекеттик архивдери катышты. Кароо-сынакта мамлекеттик тил жөнүндө ырларды көркөм окуу, мамлекеттик тил жөнүндө учкул сөздөрдү айтып таймашуу, Ата-Мекен, Кыргызстан, эне, бала жөнүндө ырлары ырдалып, көрөрмандардын көңүлдөрү   көтөрүлдү. Архив кызматкерлери  мамлекеттик тилди  даңазалоо, жайылтуу  максатында , өздөрү мамлекеттик тил  жөнүндө видеороликтерди даярдашып, жыйын залы күлкүгө толуп,  коноктор шаңдуу отурушту. Кароо-сынакта I орунга Талас шаардык мамлекеттик архиви ээ болду.