Бишкек шаардык мамлекеттик архивине 40 жыл!

Архив ишинин Аздектейли

Ар бир мамлекеттин тарыхы бар. Анын ичинде администрациялык бөлүнүштөрдүн, андагы меке-ишканалардын да өз тарыхы бар. Алардын катарында Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин да өз тарыхы бар. Тарыхын, тилин, салт- санаасын бабалардын бай мурасын бүгүнкү күнгө жеткирип, ага кошуп, учурдун тарыхын бапестеп, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү аракетинде талыкпай иш алып барып жаткан улуу тармактын бир бөлүгү – Бишкек шаардык мамлекттик архиви.

Архив кызматынын мааниси өтө жогору экендиги талашсыз чындык. Мамлекетттик маанидеги тарыхый, түрдүү, уникалдуу архивдик материалдарды мурастагандан тышкары өлкөбүздүн ар бир жаранынын басып өткөн жолу, анын кызматы архивде калат. Архив иши ошондой тарыхый мурастарды көздүн карегиндей сактап, кыраакылыкты жана чыдамкайлыкты талап кылган өтө жооптуу кызмат. Ошондой кыйынчылыктарды жана жооптуу иштерди аткарган архив кызматкерлери арзыбаган айлык маяна менен талыкпай эмгектенип келишет.

Бишкек шаардык мамлекттик архивинин пайда болушу

1931-37-жылдар аралыгында Кыргызстандагы мамлекеттик ар­хив мекемелеринин саны 45ке жеткен. Архивдик маалыматтарга таянсак, 1939-жылдын орто ченинде Республикалык (Борбордук) мамлекеттик архив, 4 аймактык архив (Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Тянь-Шань), Фрунзе шаардык архиви жана 45 райондук архивдер болгон.

1963-жылы администрациялык-территориялык бөлүнүшкө байланыштуу Ысык-Көл, Жалал-Абад, Тянь-Шань, Талас жана Фрунзе облустук, ошондой эле бир нече шаардык райондук архивдер жоюлуп, Борбордук мамлекеттик архив жана Ош облустук мамлекеттик архивдер гана калган. Аларга баш ийген райондук, шаардык архивдер туруктуу сактоодогу документтер менен иштөөнү баштаган. 1964-жылы Борбордук мамлекеттик архивге караган 8 филиал жана Ош облустук мамлекеттик архивине караган 8 филиал калган. Фрунзе шаарындагы мекемелер менен Борбордук мамлекеттик архив иш алып барган.

“Республикада архив ишинин абалы жана андан ары өнүгүшү тууралуу” Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1970-жылдын 13-апрелинде чыккан №134 токтому архив ишинин алга жылышына жол ачты. Бул токтомду аткаруу боюнча чыккан 1977-жылы 14-июлдагы Кыргыз ССР Министрлер Советинин №377 токтомуна ылайык ошол эле жылы бир катар мекеме аралык өздүк курам боюнча документтердин архивдери ачылган. Бул архивдердин түзүлүшү көптөгөн документтердин жоголуусуна бөгөт болуп, документтердин сакталуусун аз да болсо камсыз кыла алган.

Аталган  токтом­дорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз ССР Эмгекчилер депутаттарынын Фрунзе шаардык Советинин аткаруу комитетинин 1977-жылдын 1-декабрындагы №668 че­чиминин негизинде Фрунзе шаардык бириккен мекеме аралык өздүк курам боюнча архиви түзүлгөн. Ага чейин 1977-жылдын 4-октябрында  Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы архив башкармалыгы тарабынан №57 буйрук чыгарылып, анда  Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы архив башкармалыгынын 1977-жылдын 16-сентябрындагы чечимин аткарууга алуу,  мекеме аралык өздүк курам документтеринин архивинин жобосу бекитилген. Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык аткаруу комитетине Борбордук мамлекттик архивдин ошол кездеги директору Б.Ш.Курманованын атынан Фрунзе шаарында  мекеме аралык өздүк курам боюнча документтердин архивин түзүү боюнча 1977-жылдын 14-ноябрында (чыг.№1632, 14.11.1977-ж) өтүнүч кат жолдонуп, 1-декабрда токтомдун чыгышы менен  аткарылган.

Ошентип, Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин түзүлгөн күнү катары 1-декабрь эсептелип келет. 2017-жылы архивдин түзүлгөнүнө 40 жыл толуп олтурат.

Алгач түзүлгөндө Фрунзе шаарынын төрт районунун мекеме аралык өздүк курам боюнча документтеринин архивдери өз алдынча түзүлүп, Фрунзе шаардык өзүк курам архивинин башкармалыгына баш ийген. Ал эми башкармалык Борбордук мамлекеттик архивдин алдында болгон. 1978-жылдын апрелинде шаардык архивди документтер менен толуктоо максатында мекемелердин, уюмдар жана ишканалардын өздүк ку­рам боюнча документтерин топтоо менен иш башталган. Алар атайын эсепке түшкөн каражаттын эсебинен каржыланган. Атайын эсепке мекемелер менен түзүлгөн келишимдин негизинде сактоого, эсепке алуу жана пайдалануу жаатында акча каражаттары түшүп турган.  Жаңыдан түзүлгөндө имарат бөлүнүп берилбегендиктен Борбордук мамлекеттик архивинин алдында бөлмөлөрдө орун алышкан.

1988-жылдын 30-декабрында архив башкармалыгынын №36 буругу жарык көрүп, ага ылайык Фрунзе шаарынын 4 районунун мекеме аралык өздүк курам боюнча архивдери бириктирилип, Фрунзе шаардык бириктирилген мекеме аралык өздүк курам боюнча архиви түзүлгөн. Шаардык мекеме аралык өздүк курам боюнча архиви Бишкек шаардык мамлекеттик архиви болуп Бишкек шаардык мэриясы­нын 2001-ж.30-апрелиндеги №327токтомунун негизинде атын өзгөрткөн.

2002-жылдын 29-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №264 токтомунун негизинде Бишкек шаардык мамлекеттик архиви жана башка райондук шаардык архивдер макамы жогорулап, туруктуу сактоодогу документтер менен толуктала баштаган.

40 жыл аралыгында Бишкек шаардык мамлекеттик архиви Бишкек шаарында жайгашкан мекеме ишканалардан 200 миңге жакын сактоо бирдигиндеги документтерди кабыл алып, алардын сакталышын камсыздап, коомчулуктун муктаждыгына жараша пайдаланып келе жатат.

Архивдин иш алып баруучу багыттары:

1. Архивди документтер менен толуктоо. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун курамына кирген документтерди сапаттуу, жыйнактуу топтоо болуп саналат. Топтоо булактары болгон мекеме-уюмдар менен иш алып баруу. Иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Мекеме-ишканаларга практикалык жана усулдук  көмөк беришет. Ал жакта сакталган документтерди сактоо менен иш кагаздарынын жүргүзүүнүн абалын көзөмөлдөйт. Архив мыйзамдарын бузган мекемелерге Административдик айып салуу үчүн сунуш берет.

2. Документтердин мамлекеттик эсебин жүргүзөт. Мамлекеттик сактоого түшкөн документтерди эсептөө, бардык эсептеги документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду архивдин фонддорунун курамы жана көлөмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды түзөт. Борбордук фонд каталогуна карточкаларды өз убагында жүргүзүүгө дыкат көнүл бөлүнөт. Архив ишиндеги ушул багыт өтө маанилүү, анткени, архивдин башкы максаты-элибиздин жана мамлекеттин тарыхын чагылдырган өзгөчө баалуу нукура документтерди болочок муундарга жеткирүү милдетин аркалайт.

3Документтердин сакталуусун камсыз кылуу. Документтерди сактоого кабыл алуу жана анын сакталышын камсыздайт. Биринчи кезекте өрткө каршы коопсуздукту сактоо эрежелерин, тазалык-гигиеналык жана температуралык-нымдуулуктун ченемдерин, архив сактоочтордон көктөмөлөрдү берүү жоболорунун сакталышын камсыздайт. Жыл бою документтерди пайдаланууга берүү менен бирге план боюнча документтердин түгөлдүгүн, абалын текшеришет. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен оңдоого муктаж документтер калыбына келтирилет, оңдолот, мукабаланат, өчө баштаган тексттер калыбына келтирилет. Ал эми ордунан табылбаган документтер издөөгө алынат. Муну менен катар документтерди кутулоо, кайра кутулоо, ярлык менен таңгактарды алмаштыруу, топографиялоо иштери жүргүзүлүп, көктөмөлөр текчелерге (стелаж) сарамжал жайгаштырылат.

4. Архивдеги документтерди пайдалануу. Документтерди кеңири таанытууга жетишүү, кызыккан уюм-мекеме жана жеке жактарга архивдик маалыматтарды берүү. Бул багытта Жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз иш алып баруу. Алар аркылуу жарыялоо. Документтердин жыйнагын түзүп, аларды жарыкка чыгарат. Жарандардын конституциялык укугу менен социалдык коргонуусун камсыздайт. Социалдык-укуктук жана тематикалык суроо-талаптарды аткарат. Архивдик материалдардын негизинде, даталуу күндөргө, тарыхый окуяларга жана атактуу инсандардын мааракелеринде көргөзмөлөрдү уюштурат.

5. Эл аралык байланыш. Мамлекеттик архивдер деңгээлинде Бишкек шаардык мамлекеттик архиви менен Астана шаардык архиви 2013-жылдын 28-июнунда Астана шаарында өз ара кызматташуу боюнча эки борбор шаардын ортосундагы тарыхый жактан калыптанган  достук мамилени көңүлгө алуу менен эки шаардын архиви ортосунда бирдей пайдалуу кызматташуу түзүү максатында 7 беренеден турган макулдашууга кол коюлган.   Ошонун негизинде Астанага эки ирет конференцияга катышып, көргөзмө уюштурулду. Андан тышкары Архив агенттиги тарабынан уюштурулган эл аралык иш-чараларга активдүү катышып келет.

2015-жылдын 5-9-октябрында ЕВРАЗИКАнын    иш-чаралары  Казань  (Татарстан,  Россия  Федерациясы)  шаарында  уюшулуп,  Ысык-Көл,  Нарын,  Чүй,  Талас  облустук,  Бишкек  шаардык  жана  Кыргыз Республикасынын  Саясий документтердин борбордук  мамлекеттик  архивдеринин өкүлдөрү катышышты.

Жакында эле, 1-10-ноябрда Ингушетиянын мамлекеттик архивинин башкы архивисти Газиков Берснако Джабраилович Бишкек шаардык мамлекеттик архивинде болуп, фонддордун ичинен ингуштар иштеген мекемени изилдеп, алардын ичинен керектүү көчүрмөлөрүн алып кетти.

Негизинен архив мекемеси ойдогудай болуш үчүн эң биринчи заманбап типтеги имарат, жабдуулар  менен камсыз болуш керек.  Мындай шарт азырынча биздин архивде жетишпегендиктен, жогорудагы айтылган беш багыт менен иш алып барууда көптөгөн кыйынчылыктар туулат. Биздин архивисттер ага карабай тагылган милдеттерди так аткарып келишүүдө. Фрун­зе шаары кезинде, калкынын саны 600 миңден ашпаган 1980-жылдары архивде 40ка жакын адам эмгектенген. Бүгүнкү күндө шаар жашоочулары миллиондон ашып кет­кен чакта архивде болгону 30 кызмат­кер эмгектенишет. Быйылкыга чейин жергиликтүү бюджеттен каржыланып келсе, 2017-жылдан баштап республикалык бюджетке өттү. Акыркы учурда архив тармагына көңүл бөлүнө баштады. Республиканын бир топ жерине архивдер курулуп жатат. Ал эми борбор калаанын архиви атайын имаратта эмес, мурдагы кургак учук ооруканасында орун алгандыгын көпчүлүк биле бербесе керек. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте жаңы имарат куруу пландалган эле. Үч жыл мурда эскиздик долбоору даяр болуп, бирок акыркы долбоорлоо иштери белгисиз себептер менен токтоп турат. Башка мамлекеттерде архивге өзгөчө көңүл бургандыгын көрүүгө. Келечекте бизде да заманбап имарат курулуп калышынан үмүтүбүздү үзбөй туралы.                                                                                  

 

Ж.Бечеков, Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин директору

Авторизация