Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата "Улуттун документалдык байлыгы да биздин мамлекеттүүлүгүбүздү сактайт!"

Дүйнөлүк глобалдашуу мезгили миң түркүн өзгөрүүлөр менен коштолуп прогресс да регресс да болуп турган убагы. Ушундай татаал процесстин ичинде өзүбүздүн байыркы тарыхый эл экенибизди сактап калуу же болбосо ага аракет кылуу ар бирибиздин милдетибиз. Тарыхы болбой эл болбойт дегендей, ар бир мамлекеттин байыркылыгын, өзгөчөлүгүн, жашоо маданиятын тастыктаган материалдардын бири  бул документалдык (кагаз  түрүндө) сакталган  маалыматтар.  Ал документтер эксперттик комиссиядан өтүп баалууулугу аныкталгандан кийин гана тиешелүү мекемелерге өткөрүлүп берилет. Ошол чогулган документтердин негизинде ар бир улуттун баа жеткис документалдык  байлыгы болгон  улуттук архив фонду  түзүлөт. Ушул фондду сактоо жана келечек муундарга мурас катары  калтыруу ишин архив кызматы аткарып келет. Бул кызмат өтө чоң жана маанилүү тармак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү Мыйзамдын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  22.10.1999-ж. №125 Токтому менен кабыл алынган) 31-беренесинде Мамлекеттик архив кызматы, анын ишинин милдеттери жана негизги багыттары кенен каралган:

“...Мамлекеттик архив кызматын - архив ишин башкаруучу органдар жана архив мекемелери түзөт. Мамлекеттик архив кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын аймагында менчигинин түрүнө, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке адамдар тарабынан кимдин жараны экендигине карабастан архив иши боюнча мыйзамдардын кынтыксыз сакталышына жана бул тармакта кабыл алынган иш-кагаздарынын жүргүзүлүшүн уюштуруу боюнча чечимдердин , көрсөтмөлөрдүн аткарылышына көзөмөл жүргүзөт”.

  Тилеккке каршы, азыркы  мезгилде кээ бир мекемелер,коомдук бирикмелер,уюмдар документтердин, иш кагаздардын жүрүшүнө көп маани бербей келишет.Өзүңүздөргө белгилүү, 2016-жылы архив кызматынын 90-жылдыгы белгиленди.Бир кылымга тете болгон убакытта Кыргызстандын өнүгүү жолундагы өзгөрүүлөрдү камтыган  документалдык материалдарды архив фонду тастыктап бере алды.  Улуу кыргыз элинин эң байыркы эл экенин да, тарыхый окуялардын ак, кара барактарын да, тарыхый инсандардын, коомдук-саясий  ишмерлердин жасаган эмгектерин да документалдык материалдар көрсөтөт. Архив деген сөздүн мааниси бул мурас же мураскана дегенди билдирет. Айтылганга оңой болгону менен архив кызматынын жана анда иштеген кызматкерлердин иши эбегейсиз зор. Ал эми эгемендүүлүк жылдарында бул тармак көптөгөн укук-ченемдик акттар менен күчтөндү. Эң негизги укук-ченемдик база бул  Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү Мыйзамдын кабыл алынышы болду. Анда мындай деп айтылат:

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду- бул Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн ар түрдүү этаптарында мамлекеттик, экономикалык, коомдук-саясий, социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү иш процессинде түзүлгөн документтердин жыйындысы. Улуттук архив фондунун документтери элдин тарыхый жана маданий мурасы жана энчиси, анын документтештирилген тарыхы болуп саналат жана коом менен мамлекеттин муктаждыктарын канааттандырууга, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын жүзөгө ашырууга кызмат кылат.  Ал эми ушул эле Мыйзамдын 3-беренеси:Архив фондун түзүүдө юридикалык  жактардын милдеттери “...Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабастан архив иши боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык архивдик документтердин топтолушун, катталышын, сакталышын жана пайдаланылышын камсыз кылууга милдеттүү жана бул милдеттердин  аткарылышына уюмдун жетекчиси түздөн түз жоопкерчиликтүү.

Жогоруда аталган мыйзамдын  7-беренесинде :

“... мамлекеттик ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда менчиктин түрү өзгөрсө, өзгөргөнгө чейинки түзүлгөн жана жыйналган документтер Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүн түзөт. Бул документтер сөзсүз түрдө мамлекеттик архивдерге сакталуу үчүн өткөрүлүүгө тийиш”

Демек, документалдык баалуулукту сактап аны менен мамлекетибиздин байыркылыгын, азыркы мезгилин жана келечегин сактап калуу ар бирибиздин колубузда экенин унутпасак. Ар бир мекеме, уюмдарда  компетенттүү кадрлардын иштеши башкача айтканда күчтүү кадр-күчтүү Мамлекет -  азыркы мезгилдин талабы. Коомдук саясий партиялардын, уюмдардын сапаттуу жүргүзгөн иш кагаздары аркылуу  улуттук архив фонду баалуу документтер менен толукталат, мамлекеттик эсепке алынат. Улуттук  архив фонду топтоо булактарынан чогулган документалдык  материалдардын негизинде гана  толукталаарын унутпасак. Архив документтеринин маанисин илимпоз-изилдөөчүлөр жана архив кызматкерлери жакшы түшүнөт жана баалашат. Ал эми азыркы мезгилде топтолгон документалдык байлык кийинки 2030-2040-жылдарда  эгемендүүлүктүн башатында Кыргызстан кандай жол менен өнүгө алды, кандай кыйынчылыктар болду деп кызыккан илимпоз-изилдөөчүлөргө абдан керек деген ойдомун.

Деги архив тармагында кандай адам иштеш керек?  Көпчүлүктүн түшүнүгүндө бул чоң көз айнек тагынып эки колуна кошумча жең кийип чаң баскан документтердин арасында отурган адамдын элеси калыптанып калган.  Бирок “Ошол адам ошол сырдуу кийимчен бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы”- ,деп улуу акын А.Осмоновдун ыр саптарын эстей турган болсок архив иши жана андагы кызматкерлер чынында эле булар тарыхты сактоочу мекеме жана баа жеткис адамдар. Кыргыз элинин эбегейсиз зор тарыхы, маданияты так ушул жерде орун алган, сакталган.  Архив ишинин аткарган негизги функциялары бардык жерде окшош булар: документтерди сактоо, мамлекеттик эсепке алуу, толуктоо жана пайдалануу. Ушул функциялардын такай иштеп турушу бул архив тармагындагы иштеген кадрлардан көз каранды.Ушундан улам архивариуска коюлган талаптар да өтө жогору. 

        Бир жумушчу күндүн ичинде бул адис эбегейсиз көп маалыматтар менен иштейт.  Ал маалыматтарды  өз убагында окуп-таанышып, каттого алып  анан  анын   сактоо мөөнөтүн эксперттик комиссия менен аныктайт.Ошондуктан бул ишти жүргүзгөн адис өтө тыкан, ар бир иш-кагазынын маанисин жана мазмунун түшүнгөн,чыдамкайлыгы менен айырмаланган жана  аналитикалык ой-жүгүртүүсү кенен болушу керек. Анан дагы укук-ченемдик акттарды, жоболорду жана архив ишин жүргүзүү боюнча нускамаларды, мезгилдин талабына ылайык кесиптик деңгээлде компьютерди, офистик техниканы (Word, Excel, Internet, e-mail, иш-кагаздарын электрондук системада жүгүртүү), оозеки жана жазуу иштерин  сабаттуу билиши керек.  Тилекке каршы, бардык эле адистер мындай сапаттарга ээ эмес. Себеби бул иш өтө монотондуу жана өтө тактыкты талап кылган  иш болуп саналат.Ар бир мекеме-уюм өзүнүн ишкердүүлүгүн туура жүргүзүлгөн иш-кагаздары аркылуу далилдей алат да анын баалуулугу эксперттик комиссиядан өтүп  тарыхый материал катары сакталып  улуттук архив фондун толуктоочу булагы болуп саналат.  Аталган мыйзамдын 4-беренесинде Улуттук архив фондунун курамы боюнча  мындай деп жазылган: Улуттук архив фондуна ошондой эле мамлекеттин менчигине түшкөн башка документтер, Кыргыз Республикасынын чегинен тышта сакталып турган жана эл аралык келишимдерге ылайык кайра берилүүгө тийиш болгон архивдик документтер кирет. Улуттук архив фонду ошондой эле юридикалык жактардын менчигиндеги, жарандардын  жеке менчигиндеги, ошондой эле башка мамлекеттен түшкөн баалуу документтерди тартуулоо, мурастоо, сатып алуу жолу менен да толукталат. Жогорку жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын, прокуратуранын, соттордун, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, ички иштер, коргоо органдарынын жана алардын окуу жайларынын, нотариаттын, загстардын; өнөр жай, айыл чарба жана экономиканын башка тармактарынын ишканаларынын; илим, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, кинематография, телекөрсөтүү, радио жана басма сөз мекемелеринин жана башка киновидеофотофоно чыгаруучу ишканалардын уюмдарынын; саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, кесиптик жана чыгармачыл союздардын, кооперативдик жана башка уюмдардын; диний уюмдардын;мамлекеттин менчигине мыйзамдын негизинде түшкөн документтерден турат, анын эсеби алынат. Документтердин эсеби борбордоштуруу, бөтөнчөлүгүн таануу, эсеп документтеринин  формасынын катуу тартиби жана ырааттуулугу, аларды  толтуруу талаптарынын катуу  сакталышы каралган, документтердин  курамында жана көлөмүндө өзгөрүүлөр болгондо аларды токтоосуз эсеп документтеринде чагылдыруу керек.   Мына ушундай  татаал жана ирээттүү иштер аркылуу гана биздин документалдык тарыхыбыз толукталат.

         Кыргыз эли жана анын тарыхы боюнча маалыматтар  башка

 мамлекеттердин архивдеринде да арбын. Мыйзамдын 11-беренесинде Кыргыз

Республикасынын  тарыхый мурастары жөнүндө: “...Мамлекет

өзүнүн аймагынын чегинен тышкары жердеги тарыхый мурастарды түзгөн документтерди

кайтарып келүүгө карата чара көрөт, топтолгон жана тарыхый  жактан Кыргыз

Республикасы менен байланышкан документтерди издөөнү жана кайтарып келүүнү

кубаттайт жана каржылайт”.  

        Эң негизгиси Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттин маалымат

ресурстарынын ажырагыс бөлүгү  жана башка маалымат ресурстары менен катар

мыйзам тарабынан корголот.

        Жогоруда берилген малыматтарды жыйынтыктай турган болсок анда,Тарых  менен ташты да эзсе болот, тарых менен жерди да кезсе болот .Тарыхсыз эл таптакыр тамырсыз эл,тарыхсыз эл жер менен жексен болот, -деп бекеринен айтылбагандыр.

         Тарых жана ата-бабаларды эскерүү менен келечек муундарды тарбиялоо, мамлекеттүүлүгүбүздү сактоо баарыбыздын милдетибиз!

А    рхив агенттигинин

                                   жетектөочү адиси  Айсара  Ботобекова

                                         (Эркин тоо №127 12.12.2017-ж.)    

Авторизация