Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата көргөзмө уюштурду

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер  архиви архивдик материалдардын негизинде уюштурган “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген аталыштагы көргөзмөсү менен И.Арабаев атындагы Кыргыз  Мамлекеттик Университентинин студенттери таанышты.

Көргөзмөдө СССРдин Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, Кыргызстандын Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, СССРдин Эл Артисти, Кыргыз Эл Сүрөтчүсү, Кыргыз Эл Артисти Сүймөнкул Чокморовдун кино жаатындагы жараткан эмгектери жана тарткан сүрөттөрү, ал тууралуу Кыргызтандын сүрөтчүлөр союзундагы материалдары тууралуу студенттерге тааныштырылып, кыскача маек курулду.

Авторизация