Жеңишти даңазалаган жумалык көргөзмө

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук  аянтында, үстүбүздөгү жылдын 3-майында Ысык-Көл облустук мамлекеттик архиви тарабынан  Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына арналган “Улуу Жеңишке 73 жыл” аттуу көргөзмө уюштурулду. Андагы сүрөттөр архивдин сүрөт фондунан (сүрөт фонду, 6-тизим) жана “Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары”, “Советтер Союзунун Баатырлары” өздүк фонддорунан алынды. Көргөзмөнүн максаты: Улуу Ата Мекендик  согушта курман болгондорду эскерүү жана кийинки муунга ата-бабабыздын эрдигин даңазалоо.

                                                                 

                                                                 

Авторизация