Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинде Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

2017-жылдын 1-ноябрында Ысык-Көл облустук мамлекеттик архиви, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых жана туризм факультети жана Т.Сыдыкбеков атындагы облустук китепканасы менен бирге Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 100 жылдыгына арналган "Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин Ысык-Көл өрөөнүндөгү өзгөрүүлөр архивдик документтерде" деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын материалдары Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинде түбөлүк сактоодо турган документтердин негизинде даярдалды.

Конференцияга КРӨ Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы  Б.Исакова, Каракол шаарынын вице-мэри А.Жумабекова, Каракол шаарынын мектептеринин тарых мугалимдери, университеттин мугалимдери жана студенттери, библиотеканын жана архивдин кызматкерлери катышты.

      

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых жана туризм факультетинин деканы, философия илимдеринин кандидаты, доцент К.Алымбеков "Пржевальск уездинде Совет бийлигинин орношу", Ысык-Көл облустук архивинин  башкы архивисти Жумакадыр кызы Б. "Улуу Октябрь социалисттик революциясынын кыргыз элине тийгизген таасири",  К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых жана туризм факультетинин студенттери А.Коваленко "Ликвидация безграмотности в Иссык-Кульской области" жана Медетбек уулу С. "Каракол шаарындагы Совет бийлигинин алгачкы иш аракеттери", Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин бөлүм башчысы Л.Мукашева "Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин архив ишинин өнүгүшү", Т.Сыдыкбеков атындагы китепкананын библиографы  Г.Абдрахманова."Улуу Октябрь социалисттик революциясы кыргыз элинин тарыхында" деген темаларда докладдар окулду.

Андан кийин эркин микрофон болуп, маалыматтар кызуу талкууланды.

Авторизация