Көк-Жаңгак шаардык мамлекеттик архиви баланска алынып, ондоп-түздөө иштери жүргүзүлдү

Көк- Жаңгак  исполкомунун 19.07.1978-жылдагы №137 токтомунун негизинде  өздүк курам боюнча ведомстволук архив түзүлгөн. Ошол мезгилде архив үчүн Көк-Жаңгак шаарындагы Ленин көчөсүндөгү №4  мектептин 5 бөлмөсү менен кошо берилген.    

2001-жылы архив авариялык абалда болгонуна байланыштуу ошол эле Ленин көчөсүнөн №75 үй берилген. Ал имарат Көк-Жаңгак мэриясынын балансында турган.

Имаратты архивдин балансына өткөрүү боюнча жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылуулардан кийин, алар тарабынан «имаратты капиталдык ремонт жасаганы макул болсоңуздар өткөрүп берели» деген сунуш келген.

2016-жылдын 13-майдагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылышы) кезектеги XXVII сессиясында «Шаардагы муниципалдык менчикте турган мамлекеттик архивинин имаратын Жалал-Абад областтык мамлекеттик архивинин балансына Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык өткөрүлүп берилсин» деп  27/2 токтому кабыл алынган. 

2017-жылдын экинчи кварталында шаардык архивде капиталдык ремонт иши жүргүзүлгөн. Имараттын аянты 150м2, жалпы аянт 530,2 м.кв. түзөт.  Үстүндөгү шиферлери тыныкеге алмаштырылган, бөлмөлөрдүн жана коридорлордун потолок, дубалдары  толугу менен шыбалган, бардык дубалдар, эшик, терезелер жана полдор краскаланды. Нымдуулуктан сактоо үчүн пай дубал узунуна жана туурасына кеңейтилген. Территорияда тегиздеп, цементтөө иштери жасалды. Батыш тараптан каар жана жамгыр болгондо фундаменттин астына кирип кетүүчү жерлерди туурасы 20 см., терени 80 смден 1 метрге чейинки, цемент стяжкадан 15 см. бийиктикте цемент бордюр жасалды. Кире беришине пандусу менен тепкичтер жана ворота коюлду.     

Капиталдык ремонт иштери толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

       

       

           

 

 

Авторизация