Аталар эрдиги мекенге кызмат кылуунун чыныгы үлгүсү

 2018-жылдын 8-майында Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата  Түштүк аймак аралык мамлекеттик коомдук-саясый документтердин архивинин (ТААМКСДА) жана Ош облустук балдар китепканасынын жамааты менен бирдикте Ош шаарынын Төлөйкан айлындагы Улуу Ата Мекендик согуштун 95 жаштагы жалгыз ардагери Адаев Жолдошбай ата  жана  ооруктун катышуучусу Абдимиталипова Ирасалат менен жолугушуу өткөрүлдү.

Адаев Жолдошбай 18 жашында согуш талаасына аттанып, 3 жыл Украинанын чоң шаарларында болуп, Москва, Сталинград шаарларын фашисттерден бошотууга салым кошуп, Жеңиштин улуу күнүн Кызыл аянтта белгилегенин кубануу менен айтып берди.

80 жаштагы ооруктун катышуучусу Ирсалат эже өзү иштеген мектебинде согуштун катышуучуларына өз эсебинен эстелик тургузганын айтып берди.

ТААМКСДА  Ош облустук балдар китепканасы менен биргеликте ардагерлерге концерт даярдап, белектерди тартуулашты жана  сый тамак уюштурушту.

Аталган архивдин фондундагы сакталууда турган документалдуу материалдарды пайдалануу менен көргөзмө уюштурулду.

  

 

 

Авторизация