Көргөзмө, семинар жана кесиптик майрам Ак-Суу райондук мамлекеттик архивинде

Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын  кичи залында  Ак-Суу райондук мамлекеттик архивинин топтоо булагына кирген 51 мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин кызматкерлеринин, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Бөкөнбаев Улан Ишенбаевичтин жана администрациянын аппаратынын катышуусунда семинар болуп өттү. Семинарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 517 (Иш кагазын жүргүзүү боюнча типтүү нускама) токтомун жана архив тармагына тиешелүү Кыргыз Республикасынын токтомдорун ишке ашырып, аткарууга алуу маселелери каралды. Ошондой эле, Эксперттик комиссия жана анын аткарган иши тууралуу түшүнүк берилип, жоболор таратылды.

     

Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондун   социалдык   экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, коомдук турмушунда  активдүү катышкандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 26 жылдыгына карата "Мыкты мекеме" наамы  Ак-Суу райондук мамлекеттик архивине ыйгарылды жана администрациянын ардак тактасына илинди.

30-август – архив кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата райондук мамлекеттик администрациясында атайын куттуктоо иш чарасы өтүп,  Ак-Суу райондук мамлекеттик архивинин башчысы – Жаныбекова Дамира Ийрибаевна Ак-Суу райондук мамлекеттик адмнинистрациясынын Ардак Грамотасына ээ болду. Ал эми администрациянын ыраазычылык каты Ак-Суу райондук мамлекеттик архивинин инженер-программисти – Мамакеева Нурайым Усонкалыевнага, Ак-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн архивариусу – Фарида Каманбаевага, Ак-Суу райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын архивариусу – Соколова Валентина Максимовнага ыйгарылды.

Ал эми Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын архиварусу – Догдуркан Исмаилова Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин грамотасын алса,  Жыргалаң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы – Талгат Мукалаев ыраазычылык катын алды.

2017-жылдын 31-августунда Кыргыз республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата “Эгемен элим – мекеним” аттуу темада  Ак-Суу райондук мамлекеттик архиви тарабынан райондук маданий-спорт сарайында сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, жарандардын көңүлүн бурду.

      

 

Авторизация