Кыргыз жана Таджик Республикаларынын архивдери ортосунда достук жана кызматташуу тууралуу келишим түзүү боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү

Архив агенттигинин директору О. К. Ахмедовдун буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23- декабрындагы № 626-б тескемеси менен бекиген “Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен, китепканаларынан кыргыздар жана  Кыргызстан жөнүндө документтер менен материалдарды табуу жана чогултуу боюнча 2015-2025-жылдарга карата программаны”  ишке ашыруу, Тажикстан Республикасынын Согди облустук архивинен Баткен облусунун тарыхына байланыштуу документтерди изилдөө, жанаша облуста жайгашкан кесиптештер менен достук, кызматтык байланышты түзүү   максатында Баткен облустук архивинин директору К. Ахмедов, облустук архивдин бөлүм башчысы К. Юнусов 11- июльда  Тажик Республикасынын Ходжент шаарында Согди облустук мамлекеттик архивинде  болуп кайтышты. Иш сапар учурунда облустук архивдин кызматкерлери менен жолугушуу, облустук архивдин иши, алдынкы тажрыйбасы менен таанышуу, директору Гүлчехра Жаркынзаде Валиева менен эки облустук архивдер арасында достук, кызматташык мамилени күчөтүү, архивдер ортосунда кызматташуу тууралуу келишим түзүү боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү.

Кесиптештердин коштоосунда Гафуров шаарындагы Бабожан Гафуров атындагы музейде атайын уюшулган Исхак Разаков тууралуу экспонаттар менен таанышуу болуп өттү. Музейдин директору Тажик илимдер академиясынын академиги, тарых илиминин доктору  Х. Халжураев мамлекеттик ишмерлер Б. Гафуров жана И. Разаковдун достук, бир туугандык мамилеси тууралуу ызыктуу маалыматтарды айтып берди.

Баткен облустук архиви Согди облустук архиви менен достук мамилени улантып, Баткен облусунун, Кыргыз Республикасынын тарыхына байланыштуу документтеринин көчүрмөлөрүн алуу иштерин көздөйт.

Авторизация