Бишкек шаардык мамлекеттик архивинде “Кыргыз тилим - көөнөрбөс, өчпөс дилим” аталышындагы майрамдык кече болду

 

2018-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаардык мамлекеттик архиви Кыргыз тил күнү майрамын шаңдуу белгилешти. Алгач Кыргыз тил гимнин жалпы жамаат аткаруу менен башталды.  Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин директору куттуктоо сөзүн сүйлөп, кыргыз тил күнү тууралуу кыскача маалымат берди.

Андан кийин Алыкул Осмоновдун "Эне тил" аттуу ырын  Айтурган Айболотова, Эсенгул Ибраевдин "Улут болсом-тилим менен улутмун" ырын Айжан Муратова, Шайлообек Дүйшеевдин "Кайран тил" ырын, Сымбат Акбаровалар, Канат Турдубеков өзүнүн  "Биз кыргызбыз кыргыз бойдон өтөлү" аттуу ырын көркөм окушту.

Жалпы жамаат эки топко бөлүнүп, кыргыз тили тууралуу макал айтышышты.

"Кыргыз калкым" аттуу ырды жалпы хор аткарып кечени жыйынтыкташты.

  

 

  

 

Авторизация