“Өрт коопсуздугунун жана техникалык коопсуздуктун белгилери жана багыттагычтары”

2019-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин кызматкерлерине Архив агенттигинин Техникалык коопсуздук жана жарандык коргоонун инженери Асылбек Айдаралиев “Өрт коопсуздугунун жана техникалык коопсуздуктун белгилери жана багыттагычтары” аталышындагы темада сабак өтүп, түрдүү өзгөчө кырдаалдар болуп калган учурда кандай аракеттерди жасоо керектигин кеңири айтып берди.

Ал эми жумушка жаңы кабыл алынган кызматкерлерди архив мекемесинде жайгаштырылган өрткө каршы жабдуулар менен тааныштырып, техникалык коопсуздукту кандайча сактоо керектигин түшүндүрдү.

Авторизация