Эл аралык эне тил күнү Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинде

Эне тил – элдин жан азыгы

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтери архиви Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын демилгесин аткаруу максатында 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата окуу залында “Эне тил – элдин жан азыгы” аталышындагы маектешүү болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү А.К. Эсенов, Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын К. Тажиева жана жаш акын Р. Изатовалар катышышты.

Архив кызматкерлери тарабынан акын Э.Ибраевдин “Улут болсом тилим менен улутмун” ыры көркөм окулуп, макал-лакаптар айтылып, архивдик документтердин негизинде “Кыргыз тилинин тарыхы архивде түбөлүк сакталат” аттуу көргөзмө уюштурулду.

 

 

                  

 

                    

 

 

Кыргыз тилинин тарыхы архивде түбөлүккө сакталат

 

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин чечими менен кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланып, ошол күндөн тартып  кыргыз тили күнү белгиленип келүүдө. Тил маселеси кыргыз мамлекеттүүлүгү орногон мезгилден тарта калыптанып келе жаткан, азыркы күндө кыргыз тилин жеткиликтүү өнүгүн келе жатат деп айтууга эрте, көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар. Биздин архив мамлекеттин тарыхын толук камтыган документтер менен анын бир бутагы болгон кыргыз тилинин өнүгүшү тууралуу документтерди, ошондой эле кыргыз тилинин өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон көрүнүктүү инсандарыбыз Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстановдордун өздүк делолорун сактап келүүдө.

Мисалы: Ишенаалы Арабаев – кыргыз элинен чыккан алгачкы агартуучу-илимпоз. И. Арабаев жетектеген илимий комиссия  кыргыз тилинин алфавитин түзгөн, башталгыч класстардын окуучуларына алиппени, усулдук куралдарды, мугалимдер үчүн усулдук сунуштамаларды даярдаган, кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдеген, араб графикасынын негизинде тунгуч кыргыз алфавитин түзгөн.

Касым Тыныстанов – кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири, кыргыз улуттук жазуусун иштеп чыгууга араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтырууну, араб алфавитин латынчага, латынчаны орус алфавитине алмаштырууга өз салымын кошкон, кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин кыргыз тилинде окуу китептерин, грамматикасын, терминологиясын түзгөн.

 Ошондой эле мамлекет ичинде кыргыз тили боюнча жүргүзүлгөн иш чараларды камтыган көптөгөн документтер сакталууда. Мисалы:1937-1938-жылдарда мектептерди кыргыз тилиндеги окуу китептер менен толук камсыз кылуу, орус мектептерге кыргыз тилин жана кыргыз мектептерге орус тилин киргизүү, маркстык-лениндик адабияттарды кыргыз тилине которуу, 1939-жылдагы Москвада кыргыз адабиятынын кечеси тууралуу, СССР Жогорку Советинин, СССР Жогорку Советинин Президиумунун закондорун, буйруктарын, указдарын бирдей типте которуу, терминкомдун иши тууралуу, кыргыз жазмасын латын алфавитинен орус алфавитине которуу, «Манас» эпосунун басылышы жана чыгарылышы боюнча кыргыз тил жана жазуу илимий-изилдөө институтунун пландары, кыргыз жазуусунун жаны алфавитке өтүүсү, кыргыз жазуучуларынын жазган көркөм адабияттарын орус тилдерине которуу боюнча тизмелери, Поливанов жана Касым Тыныстановдун тил тармагында ишмердүүлүгү жөнүндө, кыргыз тилинин орфографиясынын проектисин талкуулоо, К.Юдахиндин орусча-кыргызча сөздүгү жөнүндө, көркөм котормолор боюнча республикалык конкурстар, Киргосиздаттан которулган көркөм адабияттардын тизмелери, тематикалык пландары, газеталардын кыргыз тилдеринде чыгарылыштары, В. И. Лениндин, И.В. Сталиндин томторун  которуу ж.б.

1932-1938-жылдар аралыгында көптөгөн газеталар кыргыз, дунган, узбек, орус, орус-кыргыз тилдеринде чыгарылып турган. Мисалы: республикалык денгээлде 4 газета кыргыз тилинде, ал эми райондук, шаардык денгээлде 21 газета кыргыз тилдеринде жарык көрүп турган. Келечекте кыргыз тили өнүгүп  кийинки муундарга керектүү тил экентигин тастыктан турсун.

Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башчысы Н.А. Кожобекова

 

Авторизация