“Кутман курагыңыз кут болсун”

Филология илимдеринин доктору, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл облустук мамлекеттик университетинин профессору Жүзөкан Осмонованын 90 жылдыгына карата юбилейлик онлайн конференциясы болуп өттү. Бул онлайн конференция К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл облустук мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факултетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан уюштурулду.

“Кутман курагыңыз кут болсун” темасындагы презентацияга:

  1. Филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманович
  2. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Мусаев Сыртбай Жолдошевич
  3. Кыргыз улуттук Илимдер Академиясынын алдындагы Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Акматалиев  Абдылдажан Амантурович.
  4. Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш таануу университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Усубалиев Бейшебай Шенкеевич
  5. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Мирзахидова Муяссар Инамжановна.
  6. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору,Казакстан республикасынын Нур-Султан шаарындагы Эл аралык түрк академиясынын башкы эксперти, филология илимдеринин доктору Конкобаев Кадыралы Конкобаевич.
  7. Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин директору Сейдиматова Чинара Молдосановна
  8. Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылындагы Самак Давлетов атындагы орто мектептин директору Уракеева Гүлүмкан Молдоакуновна

катышышты.

 

Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин директору Сейдиматова Чинара Молдосановна Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинде өздүк фонд болуп сакталып турган ардактуу профессор Жүзөкан Осмонованын өз колу менен өткөзүлгөн өздүк документтери, басылмалары, чыгармачылык ишинин материалдары жөнүндө тааныштырды жана ошондой эле Жүзөкан Осмоновага өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, 90 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Авторизация