Эч ким, эч качан унутулбайт!

3 –майда Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейи Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына, 9-май Жеңиш күнүнө карата уюштурган согуштун ардагерлери менен болгон жолугушуу кечесинде Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви, архивдик документтердин негизинде көргөзмө уюштурду. Бул көргөзмөдө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары -  Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д.Асановдун, Кыргыз Эл акыны Т.Уметалиевдин, Кыргыз Эл акыны С.Эралиевдин өздүк фонддорунан алынган өздүк документтери коюлду. Ошондой эле согушка катышкан аскерлерден мекенине келген каттар дагы коюлду.

Бул кечеде аскердик лицейдин курсанттары Улуу Ата Мекендик согуштун Баатырлары Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков, Исмаилбек Таранчиев, Калийнур Усенбековдун ж.б. эрдиктери жөнүндө маалымат берип, мекенибизди коргогон эр жүрөк баатырларыбызга баштарын ийип, таазим кылышты.

  

Авторизация