Жусуп Абдрахмановдун элине кылган эмгеги

Кыргыз Республикасынын биринчи өкмөт башчысы, чыгаан мамлекеттик саясий ишмер, Жусуп Абдрахмановдун  Совет бийлиги жаӊы орногон кезде Кыргызстандын союздук республика статусун алуусуна, өлкөнүн чегин аныктоосуна жасаган эмгеги эч качан унутулбайт

            1924-жылга чейин Жети- Суу аймагында жоопту партиялык-советтик кызматтарда ишин улантат.Ошол жылдары Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын да кеӊейтүүнү максат кылган

Жусуп Абдрахмановдун санаалаштары менген бирге жасаган аракетинин акыбети кайтып,өлкөбүз адегенде автономиялуу облус, андан кийин  автономиялуу республика болуп,өз эгемендигин алгыча СССР дин курамында союздук  республика болуп турду

Ал эми  өмүр баянына токтолсок

Жусуп Абдрахманов Ыссык- Көл облусундагы Чиркей айылында 1901-жылы 28-декбрда манаптын үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Атасы Абдрахман Балапанов  бий жана болуш болгон. Ал үркүндөгү көтөрүлүшкө катышып,ошол жылы келте оорусунан каза болот 1916-жылдагы окуянын Жусупка салган азабы муну менен токтоп калбастан анын- энеси жана жети бир тууганы да Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Аман калган  Токо иниси экөө томолой жетим калышкан.

Дүрбөлөӊдө эл менен кошо  15 жашта Жусуп да Кытайга качат. Бир жылдан  соӊ мекенине кайтып келип Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап күн көрө баштаайт.

Үй-бүлөөсү: Абдрахмановдун жубайы Гулбахрам казак кызы болгон. Ал экөө 1917-жылы Алматыда таанышып улөнүшөт 5 баланын ата-энеси болушат бирок .бактылуу  күндөр көпкө узаган жок ,Жусуп Абдрахманов «эл душманы» деп атылгандан кийин

Бир кездеги жалпы кыргызды ачарчылыктан сактап калган инсандын үй-бүлөөсү эми  өздөрү бир сындырым нанга жетпей калышкан. Балдарына өлкөдөгү мектептердин ,жумуш мекемелердин эшиги жабылат. Бул мамиле Жусуп Абдрахманов акталгандан кийин гана өзгөргөн.

Белгилүү болгондой тарыхта 1932-1933-жылдардагы массалык ачарчылык жөнүндө маалымат берүүгө тыюу салынып, Советтер Союзунда, чет мамлекеттерде ачарчылык каптаган аймактарга жардам көрсөтүү иш чаралары  жүргөн эмес. Ал эми 1921-жылдагы ачарчылык тууралуу бардык массалык каражаттары маалымат берип, өлкө боюнча каражат чогултулуп эл аралык жардам  жөнгө салынып жардамдашуу максатында атайын уюмдар түзүлгөн. 1932-1933-жылдардагы ачарчылык жөнүндө маалымат берүү официалдуу бийлик тарабынан тыюу салынып, көзөмөлгө алынган. Ага бир мисал,

1933-жылы февралда Москвада өткөн бүткүл союздук алдыӊкы колхозчулардын

1-сьездинде болуп жаткан бул коркунучтуу кырсык тууралуу эч нерсе айтылган эмес. атап айтканда ,И. Сталин «Бүт колхозчуларды оокаттуу, бай кылышыбыз керек!»деген чындыкка коошпогон бийик ураанды көтөрүп, жадагалса, ал Саясий бюронун жыйынында ачарчылык тууралуу талкууну да жокко чыгарган. Мисалы, Украина КП(б) БКнин катчысы Р. Терехов Харьков областындагы оор кырдаалдын түзүлгөнү жөнүндө билдирүү жасап,областка эгин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

И. Сталин аны « оратор-популист»экенсиз, ачарчылык жөнүндө ойдон чыгарылган жомок айттыӊыз, бул жооптуу кызматты таштап, жазуучулар Союзуна барышыӊыз керек экен деп сындыра сүйлөгөн.

«Фрунзенин жанына ачарчылыктан кайыр сурап келген казак атуулдарынын боз үйлөрү тигилген 2 чи шаар өсүп чыкты» деп күндөлүгүнө жазган Жусуп Абдрахмановдун бул сөзү өзү жашаган  XX –кылымдын 30-жылдардагы абдан оор, абдан катаал мезгилден кабар берет. Профессор Кусейин Исаев» кошуна боордош элинин  трагедиялуу абалы кыргыздарга да келиши толук мүмкүн эле. Бирок Жусуп Абдрахманов элин миӊдеген дыйкандарды жана малчыларды ачарчылыктан сактап,  XX кылымдын 1-жарымында үркүндөн кийинки экинчи жолу көпчүлүктүн кырылып, жок болуп кетүү коркунучунан алып калган» деп жазган.

            Социалисттик коомдун бузулууга дуушар болуп жатканын эрте баамдаган Жусуп Абдрахманов 1928-жылы 1-сентябрда эле күндөлүгүнө: «Эгин даярдоо начар жүрүп жатат, өнөр жай товарлары жок. Дыйкандарга болгон кысым, жаза чарасы, иш жүзүндө колдонулуп, көз алдындагы мейкиндикте кара булут. Совет бийлиги үчүн жут болбойбу…» деп кооптонгон оюн жазган.1932-жылы жеке менчик чарбалардын жана колхоздордун бүт эгининин мамлекетке алуу жөнүндөгү И. Сталиндин өздүк буйругун так иштеп, ал буйрук Украинадагы,Поволожьедеги, Түндүк Кавказдагы, Казахстандагы миллиондогон калкы ачарчылыкка дуушар болушкан,

 Казахстан менен Сибирден  130 миӊге жакын ачка адамдардын толкуну каптаган

            Республиканын таланттуу жетекчиси Жусуп Абдрахманов  кырдаалга акыл-эстүүлүк, көрөгөчтүк менен адилет баа берип ишмердигин, бийик жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн.

            Жусуп Абдрахманов жашоосунда дос күткөн эмес. Андыктан ички сезимдеринен баштап ошол кездеги СССР дин жалпы саясий  абалын «Күндөлүгүнө» төкпөй-чачпай, жасалмасыз түшүрүп турган. Күндөлүгүндөгү биринчи кол жазмасы 1928-жылы август айында жазылса, акыркы жолу эскерүүлөрү  1932-жылы жазылган.

            Мен элимдин жаман балдарынан эмесмин. Ооба, жамандардын катарында эмесмин…»-деген ойлорунан  түшүнсө болот

 

 

 

Кыргыз республикаснын

Коомдук-саясий документтер

архивинин жетектөөчү архивисти

А.Табышова

 

Авторизация