Жумгал райондук мамлекеттик архивинин курулушун баштоо боюнча капсула салуу аземи

Жумгал райондук мамлекеттик архивинин имараты 1950-жылдары саман кирпич менен эч кандай фундаменти жок эле курулган эски имарат болгондуктан жана бир дагы жолу капиталдык ремонттон өткөрүлбөгөндүктөн, жараксыз (авариялык) абалга келип, документтерди сактоо талаптарына жооп бербей калган. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-январындагы №27-Р тескемеси менен Жумгал районуна жаңы архив имаратын 15 000 000 (Он беш миллион) сомго куруу үчүн Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин тизмесине киргизилип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы архив агенттигинин 2018-жылдын 26-февралында бекитилген иш планынын негизинде аткарылышы такай көзөмөлгө алынган.

    

Жаңы имаратты куруу үчүн 2018-жылы мамлекеттик акт алынып, имарат курула турган жерди геодезиялык изилдөөдөн өткөрүлүп, райондук архитектура тарабынан курулуштун архитектуралык пландоо шарттары (АПУ) тууралуу документтери бүткөрүлүп. 2019-жылы имараттын проектилик-сметалык документери (ПСД) «Миң-Өзөн» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан даярдалган.

2019-жылы Нарын облустук мамлекеттик архиви тарабынан Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу 13586,6миң сомго «Жумгал райондук мамлекеттик архивинин капиталдык курулушуна» конкурс жарыяланып, конкурстун жыйынтыгы менен ЖЧК «Мейкин Улан» 11714,2миң сом менен жеңүүчү болуп, эки тараптуу келишим түзүлгөн.

   

Архивдин жаңы имараты 2021-жылдын январь айында Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин тизмесине кайрадан киргизилип, Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан 2021-жылдын апрель айында курулушту баштоого 5 млн сом бөлүнүп, 2021-жылдын май айында курулуш иши башталган.

24-июнунда Жумгал райондук мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын курулушунун капсула салуу аземине  

  1. Дүйшөналиев Алмаз Орозобекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
  2. Жанбоев Түгөлбай Кадыкеевич - Нарын облустук мамлекеттик архивинин директору
  3. Матанбаев Жамшид Кадырович - Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким
  4.  Бөлөкбаева Гүлсайра Мааданбековна - Жумгал райондук мамлекеттик архивинин башчысынын милдетин аткаруучусу

Булардан сырткары Нарын облусундагы архив мекемелеринин жана Жумгал районундагы мекеме ишканалардын башчылары катышышты.

 

 

Авторизация