Тарыхтын сакталышы жана архив (архив тармагынын 95 жылдыгына арналат)

Кыргыз жергесине совет бийлиги орногон мезгилден баштап кыргыз элинде жаңы жашоо этаптары башталган. Ошол кездеги Кыргыз автономдуу облусунун Аткаруу бийлиги 1926-жылы 30-августа «Кыргыз автономдуу облусунда архив ишин уюштуруу тууралуу» №59 токтомун кабыл алган. Ошол күндү коомчулук архив ишинин түптөлгөн күнү катары белгилеп келе жатат. 1926-жылы Архив бюросу болуп уюшулганда болгону эки адам эмгектенген. 1927-жылы Борбордук архив башкармалыгы болуп түзүлгөн анда 6 кызматкер эмгектенген 1931-1937-жылдар аралыгында Кыргызстандагы мамлекеттик архив мекемелеринин саны 45ке жетип, кызматкерлердин саны да көбөйгөн. Коомдун өнүгүшү менен архив тармагында да көптөгөн өзгөрүүлөр болгон. Мамлекетибиз эгемендик алган 1991-жылга чейин мамлекеттик архивдер административдик жактан Кыргыз ССР Министрлер Советинин, функциясы боюнча СССР Министрлер Советине караштуу Башкы архив башкармалыгынын көзөмөлүндө болгон. 1993-жылы 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Архивчилеринин күнүн белгилөө жөнүндө” №519 токтомунун негизинде 30-август Кыргыз Республикасынын архивчилеринин кесиптик күнү болуп белгиленет.

1991-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгы;

1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги;

1998-жылы Билим жана илим маданият министрлигине караштуу Архив иши боюнча департамент;

2001-жылы ошол эле министрликке караштуу Архив иши боюнча башкармалык;

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архив кызматы;

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архив агенттиги;

2007-жылы Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги;

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги;

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги болуп, бүгүнкү күндө ушул макамда.

Быйыл архив тармагынын уюшулганына 95 жыл болот. Учурда республиканын архив кызматы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинен турган борборлоштурулган тармакты түзөт.Тармакка Борбордук мамлекеттик 3 архив – Борбордук мамлекеттик архив, Борбордук мамлекеттик Коомдук-саясий документтер архиви, Борбордук мамлекеттик Кинофотофонодокументтер архиви, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери, 7 облустук мамлекеттик архивдер, 53 райондук, шаардык мамлекеттик архивдер кирет.Ушул архивдердин бири болгон Борбордук мамлекеттик архивдин ээлеген орду жана жүргүзгөн иштери жөнүндө токтолуп кетүүнү чечтим. Борбордук мамлекеттик архив Кыргызстандын эң ири архиви болуп саналат. Республиканын маанилүү маалыматтык булагына айланган. Мында XVIII кылымдын ортосунан берки Кыргызстандын тарыхын чагылдырган документтерин камтыган 1826 фонддо, 500 000 ден (беш жүз миң) ашык көктөмөлөр топтолгон жана сактоодо турат. Архивдин фонддорунда Совет дооруна чейинки документтер жана башкаруунун эң жогорку жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын, сот, арбитраж, прокуратуралардын, өнөр-жай, айыл-чарба ишканаларынын; илим, билим, маданият мекемелеринин, кесиптик союздардын, чыгармачыл жана кооператив уюмдарынын, мамлекеттик акционердик коомдордун, мамлекеттик концерн, корпорация, бирикмелеринин документтери сакталууда. Андан сырткары Өздүк фонддордун ичинде жазуучулар, акындар, артисттер, композиторлордун, илимпоздордун чыгармачылыгына байланышкан материалдарынын коллекциялары, Кыргызстанда Совет бийлигин калыптандырууда жигердүү иштегендердин, социалисттик курулуш менен граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын документтери топтолгон. Борбордук мамлекеттик архивде сакталган документтер көп түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт.Азыркы мезгилде Борбордук мамлекеттик архивинде 8 бөлүм бар. Ар бир бөлүмдүн өздөрүнө тиешелүү аткара турган иш пландары бар. Ошол иш пландын негизинде иш жүргүзүшөт. 2015-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №126 тескемесинин негизинде Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхына тиешелүү жана чагылдырган документтерди чет мамлекеттердин архивдеринен алып келүү программасы кабыл алынган. Бул программа 10 жыл ичинде ишке ашырылат. Программанын негизинде 2016-жылдан баштап Россиянын Москва, Санк-Петербург, Омск, Алматы мамлекеттик архивдеринен Кыргызстанга жана кыргыздардын тарыхына тиешелүү документтер алынып келинүүдө. Ушул документтердин арасында XVIII-XIX кылымдардагы Орус- кыргыз карым- катнаштарынын  башталышы тууралуу уникалдуу документтер бар. Андан сырткары кыргыз жерине совет бийлигинин орношу менен ири административдик-аймактык бөлүнүү жана коңшу мамлекеттер менен чек араларды тактоо жүргүзүлгөндүгү тууралуу документтер бар. Уникалдуу архивдик документтердин арасында 30 жыл мурун кабыл алынган Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү тууралуу да документтер бар. 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суберендүүлүгү жөнүндө декларация”. 1991-жылдын 31-августдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация” №577-XII токтому да сакталган. Кыргыз эли 30 жылдык эгемендүүлүктү белгилөөнүн алдында турат. Быйылкы жылы кыргыз элинин чыгаан мамлекеттик, коомдук, саясий ишмери Жусуп Абдрахмановтун 120 жылдык мааракесине карата “Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө” президенттин жарлыгын ишке ашырууда Борбордук мамлекеттик архив Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Президенттик жана Алматы областынын мамлекеттик архивдеринен Жусуп Абдрахмановго тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү алынып келинди. Документтердин арасында Өздүк делосу да бар. Азыр мамлекетибизде документтерди синариптештирүү иштери жүргүзүлүүдө Борбордук мамлекеттик архивде да маалыматтык техналогияны киргизүү ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам, токтомдору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, тескемелери жана Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин чечимдери жана башка архивдик документтер сканерден өткөрүлүп снарипке которуу иши жүргүзүлүүдө. Борбордук мамлекеттик архив да коомдун өнүгүшүнөн артта калбай 95 жылдык мааракеге бир топ жетишкендиктер менен келет деп ишенем.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик

архивинин документтерди пайдалануу

жана жарыялоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы

Жолдошбекова Б.Б.


 

Авторизация