Нарын облустук мамлекеттик архивинде семинар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын «Архив кызматынын 95 жылдык мааракесине» карата Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомунун (6-бөлүмүнүн 40-41-пунктарынын) негизинде Архив агенттигинин 2015-жылдын 23-декабырандагы № 130 од  буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелеринде социалдык-укук мүнөздөгү суроо-талаптарды аткарууда нускаманын аткарылышын жакшыртуу боюнча семинар уюштурулду. Семинарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агентигинин директорунун орун басары Базарбаева Нуркыз Алтынбековна, жетектөөчү адис Ордыбаева Алина Васильевна Нарын облустук мамлекеттик архивинин жана райондук мамлекеттик архивдин башчылары, социалдык-укук мүнөздөгү суроо-талаптар менен иштеген кызматкерлер катышышты.

Семинардын алдында облустук, райондук мамлекеттик архивдин кызматкерлери, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Жапаров Жумадилла Курсанбаевичке жана райондогу мекеме ишканалардын башчыларына Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинин конференциялык залдын жасалгасы жана окуу залындагы жарандар үчүн түзүлгөн шарттары менен тааныштырылды. Мындан сырткары Ведомстволук архивдердин иштерин жакшыртуу максатында Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин Ак-Талаа райондук башкармалыгынын уюштурулган архиви көрсөтүлдү.

 

             

                

 

 

Авторизация