Архив кызматынын ардагери Алтыбаев Маматкерим Пайызович дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын маданият, билим, архив тармагы орду толгус оор жоготууга учурады. 27- мартта Ош облустук мамлекеттик архивин узак жылдар жетектеген, союздук жана республикалык сыйлыктардын ээси,  учурда Ош шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Алтыбаев Маматкерим Пайызович 71 жаш курагында күтүүсүздөн дүйнө салды.

Маматкерим Пайызович 1947-жылы 1-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында төрөлгөн.

1971-жылы Ош педогогикалык институтун бүтүрүп, 1971-1996-жылдары  Кара-Суу райондук, Ош облустук билим берүү тармагында,  облустук аткаруу комитеттеринде жетекчи кызматтарында иштеген.

1996 - 2015-жылдары Ош облустук мамлекеттик архивин жетектеп ардактуу эс алууга чыккандан кийин, Ош шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Мамлекеттик  органдарда  50 жылдай чамалаган  кызмат өтөөсүндө Маматкерим Пайызович  өз ишине берилген, адамгерчилик сапаты жогору адилет жетекчи,  так, уюштургуч деңгээли бийик кызматкер катары өз замандаштарынын эсинде калды. Облустук архивди жетекчиси  катары архив тармагынын укуктук-ченемдик, материалдык–техникалык базасын өстүрүүгө, жаш  кадрлардын өсүшүнө айрыкча кам көрүлдү. Бүгүнкү күндө республиканын  архив тармагында  иштеп жаткан белгилүү адистер, жетекчилер Маматкерим Пайызовичтин шакирти экендиги менен сыймыктанышат.

Топурагыңыз торко болуп, жаткан жериңиз жайлуу болсун Маматкерим Пайызович!

Сиз калтырып кеткен көөнөрбөс эмгектериңиз, архив ишине такшалткан көп сандаган окуучуларыңыз аркылуу элиңиздин эсинде түбөлүктүү калдыңыз!

Республиканын архив кыматкерлери жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең тең бөлүшөт!

О. Ахмедов, М. Алыбаева, А.Беделбаев, А.Абдыкаров, М. Исаков, Б. Чокморов, А. Чекирова,  А.Бектурова,  Т.Доценко, Б. Самаева, Е.Романова, С. Мамытова, Б. Аманканова, Т.Жакыпбаев, А. Алиева, А. Назаралиев, З. Жумагулова, М. Кочоков, К. Салиев, Ж. Раимкулов, Ж. Бечеков, О. Кадыркулов, Н. Мамбетакунова, Ч. Сейдиматова.        

Авторизация