Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик Коомдук-саясий документтер архивинде Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Насирдин Исановдун 75 жылдыгына карата көргөзмөлөр уюштурулду

   Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик Коомдук-саясий документтер архивинде Чынгыз Айтматовдун  90 жылдыгына жана Насирдин Исановдун  75 жылдыгына карата көргөзмөлөр уюштурулду

 2018-жылдын  27-сентябрында  Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик Коомдук-саясий документтер архивинде кыргыз элинин улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун  90 жылдыгына карата архивдик документтер, сүрөттөр, газеталардан алынган маалыматтартардан көргөзмө уюштурулуп, Ж.Баласагын атындагы КУУнун 2-курсунун студенттери таанышып чыгышты.

Ошондой эле, кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери  Насирдин Исановдун  75 жылдыгына карата даярдалган көргөзмө менен таанышууга    Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 2-курсунун студенттери келишти. көрүнүктүү  ишмердин  архивдик документтери сүрөттөр, газеталардан алынган маалыматтар коюлду.

 

 


 

Авторизация