Эгемендүүлүкту түптөөдөгү легендарлуу парламенттин ролу

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эӊ маанилүү окуя болуп, кылымдап кыялданган улуу кыргыз элинин тилеги экендиги талашсыз. Эгемендүүлүктүн алдында Кыргыз ССРинин  Жогорку советинин сессиясында суверенитет, конституцияга өзгөртүү киргизүү, улуттук армияны түзүү, жер-жерлердин аталыштарын өзгөртүү, облустарды түзүү жана кайра калыбына келтирүү, рынок экономикасына өтүү  ж.б. маселелер каралып, талкууланган. Бул макалада Нарын облусунан шайланган эл өкүлдөрү ошол мезгилде Нарын облусунда кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы, жашоодогу катаал шарттары, облусту кайра түзүү боюнча сунуштарды, көйгөйлүү маселелерди сессияда көтөрүп чыккандыгын архивдик документтерди пайдалануу менен архивдик материалдарга жараша өзгөртүүсүз берилди.

1991-жылы 19-августундагы Москвадагы антиконституциялык төӊкөрүштөн кийин жер-жерлерге анын ичинде Кыргыз Республикасына Москвадан жашыруун шифротелеграмма жөнөтүлүп, анда СССРдеги  өзгөчө абал боюнча Мамлекеттик Комитетке көмөк көрсөтүүгө коммунисттерди катыштыруу боюнча чараларды көрүү белгиленген. Бул боюнча  эл өкүлү К.Ашыралиев Нарын облусунда кандай иштер жүргөндүгү  боюнча төмөндөгүлөрдү белгилейт: Ушул август айындагы коогалаӊдуу үч күн кимдин ким экендигин бизге билдирди.Нарын облусунда КПСС Борбордук Комитетинин жана Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин жиберген шифрограммасына карабастан нечендеген митингдер болуп, карыялар эски коммунисттер, облустук советтин, шаардык советтин кызматкерлери партияга нааразычылыгын билдирип биримдикте туруп атышты.Бир топтору ошол күнү партиялык билеттерин ташташты, коогалаӊдуу Конституцияга каршы көтөрүлүштү жактаган уюмдар болгон жок.

Бүгүнкү сессияда суверендүүлүк жөнүндө сөз болуп жатканда биз ушул Кыргызстандын территориясында жайгашкан аскердик бөлүктөрдүн баарын Президенттин түздөн түз кол алдындагы баш ийе турган уюмдар кылып кабыл алсак болгону турат. Биздин балдарды Советтик Армиянын катарына чакыртканда бащка жерлерге чакырбай ушул республиканын өзүндө аскердик кызмат өтөөсүн бүгүн чечип алсак жакшы болот эле. Жер-жерлердеги ата-энелер ушул сунуш менен бизге көп кайрылып жатышат.

 (БМА ф.1445.оп.17.с.б.2421.55-56 бб.)

Ал эми суверендүүлүк жана облустардын түзүлүшү, анын ичинде Нарын облусун кайра түзүү, жер-жерлердин аталышын өзгөртүү боюнча Молдогазиев Бейше мындайча оюн айткан.

Мамлекеттик суверендүүлүк сырткы эле катнаш менен чектелбейт, ички дагы катнаштары болот эмеспи. Мына ушул жагдайында бир –эки ооз сөз.

Кыргызстандын административдүү-территориялык бөлүмдөрү калыбына келтирилиши керек. Кыргыз союздук республика болгондо алты облусу болгон. Азыр экөө эле. Ушундан улам өз суверенитетибизге өзүбүз кол көтөргөн жок белек деген суроо туулат. Болбосо кайда ал облустар? Түшүнөм ирилешүү болду, кыскардык, өндүрүшкө жакын бололу дедик-уюшулдук. Мунун баары эле баягы Борбордун айтуусу, көрсөтмөсү, рекомендациясы менен болуп келди. Азыр мезгил келди, чечкиндүү эле маселеге точка коюуга. Анын баарын калыбына келтириш керек. Жалал-Абад да, Талас да, Чүй да болуш керек. Ал эми Нарындын кереги жок деп айткан эсеп-кысабын көтөргөн окумуштуулар менен таӊдайынан чаӊ чыккан чечендер менен аларды колдогон эсеп-кысабы туура деген саясат менен эч кандай макул эмесмин.Алар менен кайсы убакта болбосун, кайсы жерде жолукпасын, кайсы деӊгээлде болбосун мен талашууга даярмын.Нарын облусу керек. Облус тарыхый Кыргыз Республика уюшулганда  биринчи жаралган облусттардын бири. Анын проблемаларына мен токтолгум келет. Мисалы үчүн Нарын шаарында айыл чарба техникуму бар.пед.училище, мед.училище бар, мына булардын ордуна жогорку окуу жайларынын факультеттери ачылышы талап кылат.Ошол эле калаада жаштардын Фрунзеге кетип жаткандары көп, эшикте басып жүргөндөрдүн кээ бир ачкачылык жарыялагандардын арасында Тянь-Шандын балдары бар экендигин өз көзүм менен көрдүм. Ошондуктан, ошол жаштардын акылын токтотуш үчүн Нарын шаарынын өзүндө Фрунзенин мисалы үчүн айыл-чарба заводунун, булгаары заводунун, Токмоктогу жүндү биринчи жуучу заводдун филиалдарын ачыш керек.Мен Нарын шаарынын шартын жакшы билемин, ошол Нарындыкмын. Нарында көп жыл иштегенмин, Нарынга мисалы үчүн бир пресс подборщикти ташып барыш үчүн бир машина келиш керек, ал машинага кеткен май, каражат убакытты талап кылат.Ошондуктан Нарын шаарына менин оюмча жанагы пресс подборщик цехинин филиалын ачыш керек.Жолдош Ашыралиев бая күнү өзүнүн сөзүндө ыйлап айтты,ЛЭП Сары-Булактын эле түбүнө барып калыптыр. Менин оюмча бул жерде Апас Жумагулович ойлоп көрүш керек го, Нарын каскадында курулуп жаткан ГЭСтердин бирөөнү курсак, Нарынга жарык болот дагы, ошол Нарынга ГЭСтин эсебинен мисалы үчүн Жетим тоосундагы темир кенин алышыбыз керек, чет мамлекеттик технология алып келип туруп ойлонсок болот. Нарын облусу эгерде уюшулса, бул түздөн түз эле Кытайдын Уйгур автономиялык республикасы менен байланыш түзүп, кээ бир маселелерди чечүүгө болоор эле.

Азыркы бир маселем биз бүгүн декларацияны кабыл алабыз, суверендүүлүк болот, мына ушуга байланыштуу ойлонуш керек го дейм. Кээ бир шаар, айыл кыштактардын аталышы Гавриловка, Романовка, Сосновка, Лебединовка ж.б. болуп кете берет. Фрунзе шаарын-Пишпекке, Пржевальскини-Караколго которуу бүгүнкү күндүн талабына ылайык келет деп ойлойм. (БМА ф.1445.оп.17.с.б.2374.30-34 бб.)

Рынок экономикасына өтүү боюнча Ж.Акималиев - Бүгүнкү сессиядагы негизги маселе биздин экономиканын рынок мамилелерине өтүшү. Рынок экономикасы бизге белгисиз, себеби биздин эркин экономика боюнча тажрыйбабыз жок. Апсамат Масалиевич бул жерде Борборго, Москвага таянып кереги жок, тескерисинче азыр борбор бизге чон укукту берип жатат, аны кечикпей пайдаланышыбыз керек. Эӊ негизгиси рынок экономикасына өтүүдө биздин калктын  турмуш денгээли ылдыйлабаш керек. Дагы бир маселе биз эскилерди сөзсүз талкалабай пайдаланышыбыз  керек. Азыр приватизация деген чет өлкөлүк сөздөр кирип жатат, Россиянын мисалында биз дагы приватизацияны эксперимент кылалы, 5 млн.калкка 1 млн.гектар жерди бөлсөк, 0,02 га тиет экен.

(БМА ф.1445.оп.17.с.б.2370.157-159 бб.)

Асанов: 162-Кара-Кече шайлоо округу - Биз жаӊы рынок экономикасына өтүп жатабыз, ар ким өзүбүздү багышыбыз керек. Ушул шартта Ак-Талаа районуна окшогон райондордун тагдыры эмне болот, биз кантип өнүккөн райондор менен конкуренция кыла алабыз.Проектте жазылып жатат курулуп жаткан обьектилер 3-4 жылдын ичинде бүтпөй турган болсо «замараживать» этилет.Жаӊы курулуштар курулбайт деп айтып жатасыздар, биз ансыз деле тонуп отурабыз, эми ушул баары  5 жылга «замараживать» этилсе, 5 жылдан кийин башталса биздин тагдырыбыз эмне болот? Канчалык кыйын болсо дагы рынок экономикасына өтсөк дагы айтылган наказдарды аткарууга аракет кылабыз. Ак-Талаа жолун биз убада бергенде Ат-Башыдан Алайдын чек арасына чейин  Чаткалдын ичиндеги жол, Алайдын ичиндеги жол бизди уктатпайт.Ошондуктан планга киргизүүгө аракет кылабыз.Ушул маселеде ар бир чарбаны, районду өзүнчө карап чыгып Оштук жолдоштор менен акылдашып, кандай жол менен иштетүүну чечишибиз керек. Баягыдай эле бюджет деген сөз калышы керек.

(БМА ф.1445.оп.17.с.б.2370.125,126 бб.)

Карабаев Керимкул: 178-округ Жумгал району –Рынок маселесинин экономикалык оор шарттарындагы Жумгал районунун абалы, суу менен камсыз болбогон жерлерди, 32 элдик пунктунун 26 сында гана водопровод бар экендигин белгилеп, райондун көпчүлүк калкы ичеги-карын оорусу, сарык. тиф оорулары менен ооругандар көп болуп жаткандыгын айткан. Райондун борборундагы Чаек селосундагы больница 1932-жылы курулган кулап калуу абалында турат, мектептердин 70% эски, 1940-жылдары курулган. Ушундай оор шарттарда Жумгал районунун рынок экономикасына өтүүдөгү абалын эске алууӊуздарды сурайбыз.

(БМА ф.1445.оп.17.с.б.2370.149-151 бб.)

Ч.Байгазаков : Баардыгы кымбаттап бара жатат,спекуляция көбөйдү, паракордук деген ушунча өстү, фондуда бөлүнгөн бир машина карагайды алыш проблема болуп калды, бир машина карагай алыш үчүн бир кой бериш керек. Эми башкасын айтпаганда ачкачылык чукулдап келе жатат, отундун, көмүрдүн жетпегендигине коркуп жатабыз, себеби биздин Ат-Башы регионунда 40-50 градус суук болот, эл кырылып калат көмүр болбосо. Анда эл эртеӊ эле төӊкөрүш жасайт,элдин турмушун жакшырта албаган өкмөттүн кереги жок дейт. Аскар Акаевич сиздер союздун парламентинде ачык эле жолдош Горбачевдун отставкасын талап кылыӊыздар, бизде ушул Горбачевке чейин улуттук кагылышуу бар беле, баарыбыз ынтымакта , достукта  жашачубуз. Россия 3 киши өлсө 3 күн аза күттү, биз кантип чыдап тура алабыз, миӊдеген кишилерибиз улут аралык кагылышта кыйрап калды. Ушуга алып барган президентибиз Горбачев, мындан ары деле жол көрүнгөн жок.Сөзүмдүн аягында Ат-Башы районунун өзгөчө сууктугун эске алып, быйыл элди көмүр менен камсыз кылууну көнүлдүн борборуна алып койсоӊуздар, эл айтып жатат ачка суукта калган демократиянын эмне кереги бар, бизге адам өӊдүү жашаш керек дейт.

(БМА ф.1445.оп.17.с.б.2421.41-42 бб.)

Мамлекеттик тил маселеси боюнча Эсеналиев Мукаш: №146 округ-Биз сиздер менен суверендүүлүк жөнүндөгү декларацияны акыркылардан болуп кабыл алып жатабыз. Мунун плюс, минус жактары бар. Бир жагынан башка мамлекеттерден тажрыйба алууга  мүмкүнчүлүк болду. Өткөн  сессияда мамлекеттик тил боюнча көптөгөн суроолор  болду эле, мамлекеттик тил боюнча өз көз карашымды билдирейин. Кыргыз жана орус тилдери укуктук планда теӊ укуктуу, бирок азыркы турган абалдарында тен дагы боло алышпайт. Биринчиси жергиликтүү, регионалдык тил, Республикада расмий иш-кагаздарды жүргүзүү сферада активдүү, ал эми экинчиси илим-билимдин, дүйнөлүк цивилизациянын тили. Биз велосипедист менен космикалык кораблди катар коюп, эркин сүзүүчү кыймылга кое берген менен элестетсек болот. Мындай учурда  кыргыз тили жоголуу катарында турат.

Эгемендүүлүктү алганыбызга 30 жыл толсо дагы жогоруда айтылган маселелердин көбү аткарылып, кээ бирлери  бүгүнкү күнү актуалдуу боюнча калууда. Бул күн биздин эркиндигибиздин, өз алдынчалыгыбыздын, өлкө катары, эл катары биримдигибиздин символу болуп кала берет.

 

Нарын облустук мамлекеттик архивинин директорунун орун басары Исаева Гүлмира

 

 

 

 

 

 

 

 

Авторизация