Талас облустук мамлекеттик архивинде «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата иш чара өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017- жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы ” катары жарыяланган Жарлыгын жана Архив Агенттигинин  “Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу тууралуу” 13.03.2017   №22од буйругун  ишке ашырууда   2017-жылдын 17-ноябрында Талас облустук мамлекеттик архивинде  архивдик документтер пайдаланып“Дмитриевка айылынын (Талас шаары ) түзүлгөндүгүнө 140 жылдыгына” карата атайын көргөзмө  уюштурулуп, слайд көрсөтүлүп  кече өткөрүлдү. Архив жетекчиси Ж.К.Раимкулов бул кеченин тарыхый мааниси жөнүндө сөз сүйлөдү.   Кечеге Талас мамлекеттик университетинин студенттери жана  мамлекеттик архивдердин кызматкерлери катышышты.  Документтердин сакталышын камсыздоо, мамлекеттик  эсеп  жана  жарыялоо бөлүмүнүн башчысы Б.Кулматованын “Талас шаарынын негизделиши”  жана Талас мамлекеттик университетинин тарых илиминин кандидаты  Э.Кулованын   “Талас шаарынын тарыхы”  атту  баяндамалары угулду.  Ошондой эле Талас облустук мамлекеттик архиви уюштурган иш чара Талас облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы тарабынан  2017-жылдын 17-ноябрь айында  саат 17.00-до чагылдырылды.

Авторизация