Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда семинар өткөрүлдү

2019-жылдын  30  - июлунда  “Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама жөнүндө” токтому жана токтомго өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499,  2014-жылдын 18-мартындагы №160  токтомдорун  өнүктүрүү максатында Талас   облустук   үй-бүлөлүк  медицина  борборунда  архивдик документтерге  атайын  бөлмө  жана архивариус штаты  ачылган. Архивариус  Алтынай  Мусаева архив ишин  туура алып барууда.  Архивдик документтерге талдоо ишин жүргүзүп, туруктуу сакталуучу документтерди  Талас шаардык мамлекеттик архивке өткөрүп берди.  Ал эми өздүк курам боюнча документтерди иретке  келтирип, сактоочу жайга жайгаштырып,  көздүн карегиндей сактап келе жатат. А. Мусаеванын алгылыктуу иштери семинарда башка мекеме-уюмдарга үлгү катарында көрсөтүлдү.

 

Авторизация