Топтоо булактарына семинар

Бишкек шаардык мамлекеттик архиви топтоо булактарына толук маалымат берүү максатында Архив агенттигинин жыйындар залында 2019-жылдын 13-мартында саат 10.00дө жана 14.00дө, 14-мартта саат 10.00дө «Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» Кодексинин архив тармагына тиешелүү беренелери» жана «Улуттук архив фондуна кире турган документтердин талапка ылайык түзүлүшүн, сакталышын, пайдаланышын камсыздоо» темаларында 3 семинар болуп өттү.

Ага топтоо булактарына кирген мекемелерден 126 кызматкер катышты.

«Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» Кодекси боюнча лекцияны Архив агенттигинин сектор башчысы Рысалиев Ашыралы Набиевич алып барса,  «Улуттук архив фондуна кире турган документтердин талапка ылайык түзүлүшүн, сакталышын, пайдаланышын камсыздоо»   темасы боюнча лекцияны БШМАнын башкы архивисти Муратова Айжан Муратова алып барды.

Семинардын катышуучулары менен кенен пикир алышуу болуп, алардын суроолоруна Архив агенттигинин кызматкери, БШМАнын куратору Бектурова Асия Тобокеловна кенен түшүндүрмө берди.

 

Авторизация