Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви “Таза жашоо” урааны алдында ишембилик өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы №2 “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында шаардын инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында “Таза жашоо” урааны алдында үч айлыкты өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде Иш-чаралар планы түзүлүп, пландын негизинде 24 мартта БМАнын жалпы жамааты ишембиликке чыкты. Бул ишембиликте архив имаратынын айланасын санитардык тазалоо, гүлбакчаны оңдоо, көрктөндүрүү иштери жасалды.

     

Авторизация