Тарыхый баалуу документ

Нарын облустук мамлекеттик  архивинде  облусубуздан чыккан коомдук көрүнүктүү ишмерлердин өздүк фонддору сакталып турат. Ушундай коомдук ишмерлердин арасында Кыргыз ССРинин эмгек синирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу – Чолпонбаев Жапардын дагы өздүк фонду бар. Ж.Чолпонбаев 52 жыл мугалим гана болуп иштебестен адабият, искусство ишине көп кайрылып жаш балдар үчүн бир топ чыгармаларды жазган жана ошол эле мезгилде согуш темасына  дагы кайрылган.

Төмөндө Ж.Чолпонбаевдин 1968-жылы Ала-Тоо журналынын №10 санына жарыяланган Ак-Эдил поэмасынан кыскача  үзүндү келтирейин.Ак-Эдил поэмасы согуш мезгилинде жазылган.

- Оор күн башка түштү Мекенимдин

Эр жигит эне сүтүн кантип актайт

Кармашып өчүн албай элдин, жердин

Өмүрүм элим үчүн суудай таза

Ажалга коркунуч жок Мекен айтса

Батыштан баскынчылар басып кирип

Аёосуз ажал отун элге чачса

Партия баштап чыкты зор майданга

Элибиз көтөрүлдү өч алганга

Канга кан карчылдашкан улуу согуш

Салабыз заман акыр кол салганга

Багынып баскынчылар тизе бүктү

Каардуу кан төгүлгөн согуш бүттү

Сайылып Берлинге жениш туусу

          Фашисттер өзү каскан орго түштү      

  (ф.641.оп.1.6 -с.б.4-б, 9 -б.)

Ал эми 1970-жылы жазылган «Өткөндү эскерип»  деп аталган очеркинде мындайча эскерет.

Каардуу кан күйгөн согуш бүтүп, кат дарексиз Өзгөн районунда калган үй-бүлөмө кайтып келдим.Үй-бүлөмдүн үстүндө үйрүп салаар кийими жок, мен согушка кеткенде эле үрүп чыгар итибиз жок болчу, азыр он чакты эчки-улагы бар экен.Байкуштар бул эчкини кайдан алышты?-деген суроону өзүмө өзүм бердим.Сурасам аялым колхоздо иштеп стахановчу болуп, алган эмгегине эчки сатып алышыптыр.Эс алып жатуу эсте жок, согуштун келтирген кесепеттеринен колхоздун бүлүнгөн чарбасын калыбына келтирүү үчүн кары жаш дебей талаада: эгинде, чөптө, малда, курулушта жана башка иште жапа тырмак тынымсыз иштеп жатышат.Булардын арасында согуштан келген мунжу, чолоктор да аз эмес.

Менин кесибим башынан эле мугалимдик, бул кесипти  согуштан он беш жыл мурун баштагамын.РайОНОго барсам ошол мен турган колхоздогу «Семиз –Бел» жети жылдык мектепке директор кылып дайындады.Мектеп да бузулуп бүткөн: терезелери айнексиз, мештеринин чалдыбары чыккан, класс бөлмөлөрүн ыш баскан, шыбагы сыйрылып, камыш жабуусу түлөгөн тайлактай үрпөйүп чатырчасы тешилип турат.Жамгыр жааса класстык бөлмөлөрдүн ичи көл болуп калат, доскалардын сыры жок, парталары сынып мыктары копшуп, кыйшайып жыгылганы турат.Мектепке чон ремонт талап кылынат.Ал эми колхозго кайрылалы десек өздөрүнө киши күчү жетишпейт.Мугалимдер өз ара кенешип, мектептин алты аял, үч эркек мугалими   чечинип салып мектептин ремонтуна кириштик. Сельсоветтен ремонт үчүн анча-мынча акча алып,  соодагерлерден зарылып жүрүп мык, сыр, алиф, акиташты кымбатка сатып алып, жан алекетке түшүп, чымырканып иштеп ойдогудай болбосо да ремонтту окуу жыл башталаардан мурун бүттүк.

Эми балдарды толук окууга тартуу жүрөктү өйүйт.Анткени согуш жылдарында балдар мектепке барса барып,  барбаса колхоздо жана өздөрүнүн үй жумушунда иштөөгө туура келген.Балдардын ата-агалары бүт фронтко кетишкен жана мектептеги мугалимдердин көпчүлүгү да согушта болушкандыктан окуу-окутуу иши чон үзгүлтүккө учураган.Окуу куралдары жок катары жетишсиз болуп, жогорку класстарда балдарга берилген сабак көбүнчө лекция менен өтүлгөн.Мындай жетишпегендиктин аркасында окуучулар үйдөн сабакка даярданып келүүгө мүмкүндүгү болбогон.Ал эми 1-4-класстарда жалан гана доскага жазып, доскадан окууга мажбур болушкан. Көпчүлүк окуучулардын ата-агалары согушта курман болгондору да аз эмес эле. Булардын үй-бүлөдөгү жашоо-шарттары өтө начар болгондуктан балдары окууга  келүүгө чон тоскоолдук болгон, мындайларды мектеп шефке алып отун-суу, огород жана үй-жайларын ремонттоп берип көп көмөк берчүбүз.Колхоз чон, жеринин шарты чачкын кыштак бир жерге курулбаган, балдар мектепке кокту-колоттордон келишет, унаа күчү деген жок окууга келбей калган  балдарга мугалимдер жөө барышат. Балдарды окууга толук катыштыруу максатында советтик, партиялык, колхоздук чогулуштарга көп жолу маселе да койдук.Бирок айрым бригаттар балдарды жумушка айдап өз  ишин аткарууга тырышат.Мындай бригаттар менен сен-мен деп айтышкан күндөрүбүз аз болгон эмес.Ушинтип окутуу иши мугалимдердин белсенип бирдиктүү иштөөлөрү жана ата-энелерге дайыма сүйлөшүп, аларга үгүт жүргүзүүнүн аркасында күн санап алга жыла баштады, аз-аздап окуу куралдарын да таап алдык.

Баарыдан кыйыны районго барганга же келбей калган балдарга ат жок. (ф.641.оп.1.7с.б. 1-2 бб.)

Андан ары колхоз башкармасына кайрылып, ат алгандыгын жазып келип, аягында андан бери чейрек кылымдан ашуун убакыт өтүп, эл-жердин жанырып өзгөргөндүгүн, техниканын өскөндүгүн кубануу менен белгилейт. Ж.Чолпонбаев Улуу  Ата Мекендик согушка дагы катышып, жаш муундарга тарбия берип мугалим дагы болуп иштеп, коомдук иштерде алдынкы орундарда жүргөн, канчалаган поэма, очерктерди жазып өмүрүн өрнөктүү, жаштарга үлгү боло тургандай өткөргөн инсанга баш ийип таазим кылабыз.

Бүгүнкү күндө  биздин  архивисттердин милдети ушундай тарыхый баалуу документтерди көздүн карегиндей сактоо жана дагы биздин фондубуз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын өздүк документтери менен толуктала берет деп ишенебиз.

 

Нарын облустук мамлекеттик архивинин директорунун орун басары Исаева Гулмира

 

 

 

Авторизация