Жаш архивистерге жакшы мамиле

2018-жылдын 11-14-июнь күндөрү Алматы шаарында Казакстан Республикасынын Президентинин архивинде жана Аль-Фараби атындагы казак улуттук универститенин илимий китепканасында КМШ мамлекеттеринин архив мекемелеринин жаш архивисттери II Жайкы мектебине чогулушту. Бул иш-чарага Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин илимий-маалымат аппараты, документтердин эсеби жана сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти Акбарова Сымбат Акбаровна катышып келди.

Жайкы мектепте Польшанын, АКШнын жана Казакстандын  лекторлору жана эксперттери жана практиктери лекция окушуп, иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Анда Польшадан келген Марзена Крук жана Станислав Коллер Польшанын улуттук архиви тууралуу кенен баяндама жасашты. Ал эми АКШнын Мэриленд университетинин профессору Адам Крисберг АКШнын архивинин өзгөчөлүктөрү жана стандарттары тууралуу ой бөлүштү.  

Лекциядан кийин Казакстан Республикасынын Президентинин рахивине экскурсия болду. 2018-жылдын 1-апрелине карата аталган архивдин 160миңден ашык документтеринин  91793 с.б. документтери электрондук форматка өткөндүгү маалым болду.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар берилди.

 

 

 

Авторизация