Водохранилищю Төрт-Гүл 40 лет (на кыргызском) 11.04.12

                                 Төрт-Гүл суу сактагычынын ишке берилгендигине 40 жыл

 

Төрт-Гүл суу сактагычынын курулушу жана анын Баткен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирлери

 

                                                      Кадыров Авдинаби – т.и.к. Баткен областык

                                                                           архивинин илимий кызматкери

 

“Кырым курулушу” аталган Төрт-Гүл суу сактагычынын курулуш тарыхы, анын мааниси жана Баткен жергесине тийгизген таасири жөнүндө айрым гана учкай макалалар жарыялангандыгын эске албаганда ал боюнча илимий изилдөөлөр дээрлик жокко эсе. Анын ишке берилгенине 40 жыл болгондугуна карабастан, анын экономикалык, саясий, социалдык жана маданий таасирлери жөнүндө али толук изилдөө жүргүзүлө элек.

Төрт-Гүл суу сактагычынын курулушусуз азыркы гүлдөгөн, өнүккөн, бак-дарактуу, өрүкзарлуу Баткен аймагын, республикадагы жетинчи областтын борборун жана өз алдынча шаар макамын алган Баткен шаарын элестетүү мүмкүн эмес. Анткени, Баткен районунун географиялык абалына саресеп салып карасак, райондун аймагынан эки ири – Исфара жана Сох дарыяларынын агып өткөндүгүнө карабастан, райондун калкы жана аймагы бул дарыялардын суусунан пайдалануудан дээрлик куру калган болчу.  Анын натыйжасында райондун аймагында бир канча миңдеген гектар жерлер болгондугуна карабастан, сугат суусунун жетишсиздигинен аны өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жок болгон. Ал эми райондун өзгөчөлүгү агрардык өнүгүү багытында болгондуктан, анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу үчүн айыл чарбасын өнүктүрүү керек болчу.

Төрт-Гүл суу сактагычынын курулушуна ошол кездеги республиканын биринчи жетекчиси Исхак Раззаковдун салымы абдан чоң болгон, анткени ал кишинин жетекчилиги жана көрсөтмөсү менен Төрт-Гүл суу сактагычынын биринчи долбоорлоо-сметалык документтери түзүлгөн. И.Раззаков өзү Баткен жергесине келип, ат менен жүрүп, суу сактагычтын ордун көрүп, анын долбоорун түзүүгө тапшырма берген.

Тилекке каршы, ошол эле мезгилде суу сактагычты куруунун экинчи варианты боюнча алдын-ала долбоорлоо иштери Тажикстандын Варух капчыгайына пландаштырыла баштайт. Бирок ал кезде бардык маселелер Москвадан чечилип тургандыктан, борбордон келген адистер жагдайды кылдат иликтешип, экинчи вариантка караганда биринчи варианттын артыкчылыктуу экендигин белгилешкен, анткени экинчи вариант боюнча бир канча калктуу конуштарга тоскоолдук менен кошо кооптуу жагдай жаралып, финансылык, материалдык чыгымдар да бир топ жогору болгон.

Төрт-Гүл суу сактагычынын курулушунун алгачкы долбоору 1957-жылы Гипроводхоз долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыгып, 1962-жылдын 18-августунда Кыргыз ССР Министрлер Советинин № 541-Р буйругу менен бекитилген долбоорлук тапшырманын негизинде курулуш 1962-жылы башталып, 1972-жылы бүткөрүү белгиленген. Обьектин сметалык наркы 10,6 млн. рубль, суу сактагычтын сыйымдуулугу 65 млн. куб, жаңы сугат аянттарын өздөштүрүү 10,5 миң га. анын ичинен Кыргыз ССРинин аймагында 7,2 миң га. болгон.

Ал эми жаңыдан иштелген долбоор боюнча обьекттин жалпы сметалык наркы 48 млн. 93 миң рубль, жалпы сыйымдуулугу 90 млн. куб жалпы сугарылуучу аянт 13 миң га. жаңы жерлерди өздөштүрүү 11 300 га. анын ичинен Кыргызстандын аймагында 7200 га. Тажикстанда 3500 га. Өзбекстанда 600 га. болгон[1].

Мындай ири курулушту куруу ал кездеги эреже боюнча Кыргызстан Компартиясынын сьездинде каралып, эл чарбасын өнүктүрүүнүн кезектеги беш жылдык планына киргизилген.

1960-жылдары б.а. Төрт-Гүл суу сактагычы курулганга чейин Баткен районунда бардыгы болуп 4467 га. сугат аянты болгон. Бул сугат жер аянты өтө аз болгондуктан, мындагы жашоочулардын талабын толук канааттандырган эмес, ал эми ошол эле мезгилде миңдеген гектар жерлер суусуз, какырап бош жаткан болчу.        

 “Төрт-Гүл суу сактагычынын курулушунун аякташы  менен 12 миң га. жаңы сугат аянттары өздөштүрүлөт. Сыйымдуулугу 90 миң кубометр болгон суу сактагыч Кыргыз ССРинде – 7200 га. Тажик ССРинде – 3500 га. Өзбек ССРинде – 600 га. дың жерлерди суу менен камсыз кылат. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе гидрокурулуштун тажрыйбасында биринчи жолу суу сактагычтын астына 650 га. дан ашык аянтка жарым этилен пленкасы төшөлөт”, – деп, долбоор жөнүндө басма сөз беттеринде жарыяланган[2].

Чындыгында эле “кылым курулушу” аталган бул ири, стратегиялык жактан абдан маанилүү курулуштун Баткен жана Тажикстандын Исфара району үчүн мааниси жогору болчу. Анткени айыл чарбага ыңгайлашкан бул аймакта дыйканчылыкты, бакчылыкты, анын негизинде мал чарбасын өнүктүрбөй туруп, социалдык-экономикалык тармакты өнүктүрүү мүмкүн эмес болчу.

Тёрт-Гщл суу сактагычынын аталышы Төрт-Күл болуп жазылыш керек болчу, ал тыбыштык, диалектикалык өзгөрүүгө жараша Төрт-Гүл болуп жазылып калган. Анын топонимикалык аталышын анализдеп көрсөк, биринчи мааниде төрт бурчтук, экинчиси эски шаар чалдыбары[3] деген түшүнүктү берет.

Тёрт-Гщл суу сактагычынын курулушу аркылуу Баткен районунун аймагында 7200 га. жаңы суулуу жерди өздөштүрүүгө, 600 га. жерди сугарууну жакшыртууга өбөлгө түзүлүп, 6100 гектарга пахта, 500 гектарга бак жана жүзүм өстүрүүгө жана коомдук мал үчүн күчтүү тоют базасын түзүүгө мүмкүн болмок. Бул аркылуу райондун экономикалык базасын чыъдоого, социалдык-маданий маселелерди чечщщгё бир топ ёбёлгё тщзщлмёк. 

 Суу сактагычтын курулушундагы эбегейсиз чоң иштер: суу сактагычтын үч тосмосу эле - Тажикстандын жана Өзбекстандын талааларына суу бөлүштүрүүчү узуну 500 метр, бийиктиги 36 метр болгон батыш плотинасы, Кыргызстандын талааларына суу бөлүштүрүүчү узуну 550 метр, бийиктиги 20 метр болгон чыгыш плотинасы, ал эми Исфара дарыясын бөгөөчү үчүнчү плотина куруу болчу. Мындан тышкары дарыядан суу сактагычка чейинки 20 км. узундуктагы канал, анда жалпы узундугу 3 км. жакын үч тоннель куруу, 657 га аянтты тегиздөө жана ага жарым этилен пленка төшөө каралган болчу. Ошол эле мезгилде суу сактагычтан чыккан сууну талааларга чейин жеткирүүчү каналдарды куруу жана лотокторду орнотуу белгиленген.

Дарыядан суу сактагычка чейинки каналды куруу да бир топ кыйынчылыкты жараткан, анткени узундугу 2 км.ге жакын биринчи тоннелдин орду чоң тоо кыркасынын этегинде болгондуктан, аны куруу жана бир канча тоолорду, дөңсөөлөрдү жардыруу, тазалоо жана тегиздөө сыяктуу иштерди аткаруу ар кандай эле ишканалардын колунан келе берген эмес.

Ошондуктан, союздук маанидеги бул ири курулушка союздук республикалардан адистешкен ишканалар, техникалар, окумуштуулар, мыкты адистер тартылып, алардан керектүү материалдар алынып келинген. Ага СССРдин курулуш, геология, байланыш, энергетика, курулуш-монтаж, газ өнөр жай, прибор жасоо министрликтери, “Кыргызвзрывпром”, “Сантехмонтаж”, “Газмонтаж”, “Гидроспецстрой”, “Кадамжай шахта курулуш” жамааты жана башка ишканалар катышкан.

Толук он жылга эсептелген бул  союздук ири курулушка 500-600 жумушчу, 70 инженердик-техникалык кызматкерлер, ондогон ар түрдүү техникалар: бульдозер, экскватор, скрепер, автосамосвал, автогрейдер, автоцистерна, автокран, автомашина жана башка техникалар иштеген.

РСФСРден 2200 м. куб жыгач, 2338т. болот, 3,1т. зым, 334т. 9200м. труба, Белоруссиядан жана Украинадан кубаттуу техникалар, Өзбекстандын Бек-Абад шаарынан 3280 м. куб  темир-бетон лотоктору, Кува-Сай цемент заводунан 64т. шлак, Казакстандын Чимкент цемент заводунан 1874 т. цемент ташылып келинген,  Тажикстандан автоунаалар жана  жумушчулар келишкен[4].

Мындагы адистер жана жумушчулар ар кайсы жактардан келишип, ар кандай улуттун өкүлдөрү болгондугуна карабастан, алар бир үй-бүлөнүн балдарындай ынтымакта болушуп, өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышкан.

Маселен, курулуштун башчысы Н.С.Лысюк Украинадан жолдомо менен Баткенге келип, алгач прораб, андан соң участканын башчысы болуп иштеп, 1970-жылы “Төрт-Гүл курулуш-кураштыруу башкармасынын” башчысы болгон. №1-эксковатордук комплекстүү бригадада эмгектенген Н.Ф.Ногецтин улуту немец, жардамчысы Курсан Сатаров – кыргыз, канал жана коллекторлорду куруунун устаты – Жеглов А.К., экскаваторчу А.Е.Ершов, инженер Сунчелеев – орус, ж.б. өздөрүн ким жана кайсы улуттун өкүлү экендиктерине карабастан, күжүрмөн эмгектин устаты катары көрсөтө алышкан. Мындай көп улуттуу инсандардын бирдиктүү аракетинин натыйжасында курулуш иштери сапаттуу бүткөрүлүп, достуктун күчү дагы бир жолу даңазаланган.

Мындан тышкары бул курулушка суу сактагычтын жанындагы азыркы аскер бөлүгү жайгашкан жерге атайын түзөтүү-эмгек колониясы көчүрүлүп келинип, алар суу сактагычтын курулушунан сырткары райондун аймагындагы бир топ курулуштарды бүтүрүүгө да орчундуу салым кошушкан.

Курула турган суу сактагычтын жер кыртышы суунун сиңип кетишине бир топ ыңгайлуу болгондуктан, анын алдын алуу  көйгөйү келип сыккан. Бул көйгөй бир топ окумуштууларды ойлонтууга жана илимий негизде жыйынтык чыгарууга мажбурлаган.

1969-жылдын декабрында “Союзводпроект” институтунун техникалык Кеңешинде суу сактагычтын астына жарым этилен пленкасын төшөө чечими бекитилип, анын сметалык наркы 5млн. 863 миң рублди түзгөн[5]. Ал эми суу сактагычтын астынан суунун сиңип кетүүсүнөн коргоо үчүн бир канча варианттын ичинен М.Г.Буренковдун вариантын кабыл алышат, ал вариант боюнча суунун жер астына сиңип кетүүсүнө каршы жарым этилен пленкасын “Килем” ыкмасы менен төшөө каралган. Бул ыкма бир жагынан фантастикалуу болуп, айрым адистер анын ишке ашышына күмөн санашкан. Экинчиден, өтө кымбат баалуу көп сандагы жарым этилен пленкасы керектелген. Үчүнчүдөн, биздин өлкөдө эле эмес дүйнөлүк практикада да мындай чоң көлөмдөгү жарым этилен пленкасы төшөлгөн суу сактагыч али курула элек болчу. Буга чейин АКШда, Италияда жана айрым социалисттик өлкөлөрдө пленка төшөлгөн суу сактагычтардын аянты 10 дон 100 гектарга чейин гана болгон. Ошондуктан мындай ыкманы ушунчалык чоң аянтка колдонуу фантастика катары кабылданган.

Төрт-Гүл суу сактагычы үчүн Москвадагы Дорогомиловск химиялык комбинаты атайын 2 миң тонна  пленка чыгарууга боюртма алган. Мурда бул комбинат пленканын туурасын 2,6 метрден чыгарып келген болсо, Төрт-Гүл суу сактагычы  үчүн туурасы 4,3 метрлик пленкаларды атайын даярдап чыгара баштаган.

Пленканы суу астына төшөп, үстүн топурак менен жабуу керек болгон, мындай чоң көлөмдөгү пленканын кошулган жерлерин бириктирип тигүү, аны тешилип калуудан сактоо бир топ кыйынчылык жараткан. Мурдагы ыкма боюнча пленканын бири-бири менен туташкан жерин атайын лента менен жабыштырып чыкчу. Бул ыкма бир канча түйшүктү жана чыгымды талап кылчу. Ал үчүн ойлоп табуучулар эң ыңгайлуу “ширетүүчү үтүк” деп аталган ыкманы ойлоп табышкан. Анда атайын ширетүүчү машинаны колдонушуп, пленканын бири-бирине туташкан жерин атайын электр энергиясынын белгилүү өлчөмү менен ысытып, аны ширетип чыгышкан. Бул ыкма сынамык иретинде колдонуп, ал толук ишенимден өткөндөн кийин гана колдонулган. Ага Москвадан келген адис окумуштуулар жетекчилик жана көзөмөлдүк кылышкан. Ошентип, бул суу сактагычтын курулушуна ойлоп табуулар жана жаңы ыкмалар да кеңири колдонулган. Эгерде мурдагы ыкманы колдонушканда ага 2 млн. метр лента керектелүүчү. Мындай жаңы инновациялык ыкманы колдонуу менен 2,5 млн. рубль  үнөмдөлгөн[6].

Суу сактагычтын курулушун жүргүзүү үчүн “Төрт-Гүл курулуш-кураштыруу бирикмеси” (СМУ) негизделген, анын материалдык базасы бир топ кубаттуу чыңдалган, б.а. анын курамында:

  • наркы 750 миң рубльдик өндүрүштүк база;
  • 150 автомашинага эсептелген гараж;
  •  жыгач иштетүүчү цех;
  •  220 тонналык күйүүчү-майлоочу материалдар кампасы;
  •  авто оңдоочу устакана;
  •  темир цехи;
  •  жогорку вольттогу электр линиясы болгон. Бул материалдык базалар атайын Баткен шаарынын батыш бөлүгүнө жайгашып, өзүнчө “Төрт-Гүл СМУсу” деп аталган.

     Ошондой эле бул мекеменин базасында - анда иштегендердин турмуш-тиричилиги үчүн:

  •  жалпы аянты 10883 м.кв. турак үйлөр;
  •  664 орунга эсептелген Ж.Бөкөмбаев атындагы үч кабаттуу орто мектеп;
  •  50 жана 25 орундуу 2 балдар бакчалары;
  •  400 орундуу жайкы кино-театр;
  •  36 орундуу ашкана;
  •  саатына 50 орундуу мончо;
  •  кызыл-үй жана башка тейлөөчү имараттар курулган[7].

Мындай курулуштардын жана маданий жайлардын бүтүшү менен өзүнчө шаарчага айланган аймакты эл азыркыга чейин “Төрт-Гүл СМУсу”- деп аташат.

Төрт-Гүл курулуш-монтаждоо бирикмеси бир гана суу сактагычтын курулушу менен чектелбестен, райондун аймагындагы башка курулуш иштерине да чоң салым кошкон. Кыргызстан Компартиясынын Баткен райкомунун XXIII-конференциясында: районубузда курулуш иштерин жүргүзүүдө Төрт-Гүл СМУсунун ролу чоң. Төрт-Гүл СМУсунун коллективи кийинки үч жылдын ичинде Баткен өрөөнүн сугаруу жана көрктөндүрүү боюнча чоң иштерди жүргүздү. Б.а. 16 млн. 105 миң сомдук жумуш аткарышты.

Андан башка “Орджоникидзе” насостук станциясын, “Мачаи” жана “Андиген” каналдарын курду, “Зарташ” каналын реконструкциялады, Боз-Адыр массиви өздөштүрүлдү, үч чарбага суу түтүгүн куруп берди,  640 орундуу Жоомарт Бөкөмбаев атындагы орто мектептин имараты бүткөрүлдү, совхоз, мекеме-ишканалар үчүн бир канча турак-жай имаратын куруп берди[8]- деп баса белгиленген.

Ошондой эле Төрт-Гүл СМУсу тарабынан 1971-жылы Боз-Адыр, Көк-Талаа каналдары курулуп бүткөрүлгөн.

Жогоруда белгиленгендей бул ишкана негизинен райондун аймагын суу менен камсыз кылуучу обьектилерди, мындан ташкары социалдык курулуштарды бүткөрүүгө активдүү катышкан.

Баткендеги мындай улуу курулуш майданындагы иш он жылга созулду. Натыйжада директивалык курулуш болгон суу сактагычтын суу кампасынын курулушу белгиленген мөөнөтүнөн бир жыл мурда бүткөрүлдү.

Көптөн бери күткөн күн да келип, Исфара дарыясынын суусу эртең менен саат 9 да бөгөлүп, каналга суу бурулду,- деп эскерет ошол кездеги курулуштун жетекчилеринин бири Камалов Абдымомун. Сууну бойлой кечке жүрүп олтурдук, каналдын айрым жерлеринде суунун бир аз токтолуп ага турган жерлери боло турган. Ал эми кышында каналдагы суу кокус тоңуп кала турган болсо, каналдан сууну таштап жибере турган эки дарбаза курулуу керек болчу. Бирок, жергиликтүү шартка ылайык ал дарбазалар курулган жок, анткени мындагы суу канчалык суук болсо да тоңгон жок. Кудай колдоп кечки саат 5 те суу сактагычка келип куйду. Бул суу сактагычтын ачылышын жасоо керек болчу, бирок андай азем болгон жок.

Ал кезде азыркыдай болор-болбос иштерге деле шаан-шөкөттөп лента кесүү аземи салтка айлана элек болчу. Эгерде ал иш-чара бүгүнкү күндө болгондо мындай ири курулуштун ачылышын белгилөө мамлекеттик деңгээлдеги “тойго” айланып, бир канча шаан-шөкөттөр, коноктор менен  кошо миллиондорду чапчыган чыгымдар болмок.

Ал кездеги идеология куру шаңдануучулукка эмес, чыныгы иштерге жана алга карай өсүп-өнүгүүгө гана багытталган болчу. Ошондуктан, Кыргызстан Компартиясынын Баткен райкомунун XXIII-конференциясында: Төрт-Гүл суу сактагычы 1971-жылдан баштап жаңы жерлерге суу бере баштамакчы, мына ошого байланыштуу жаңы беш жылдыктын акырына 900 т. пахта, 505 т. тамеки, 400 т. жашылча, бакча, 200 т. картошка өндүрүп мамлекетке сатуу милдети коюлду. Орджоникидзе атындагы, “Москва” колхоздорунда пахта, “1-май”, “Коммунизм” колхоздорунда тамеки көбөйтүлөт[9]-, жазылган.

               Төрт-Гүл суу сактагычынын жаңы жерлерге суу бере башташы менен райондун эл чарба пландарын аткарууда олуттуу өзгөрүүлөр пайда боло баштады, жүздөгөн тонна пахта, тамеки, жашылча, бакча, картошка өндүрүп, мамлекетке сатуу менен чарбалардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү бир топ кеңейип, жаңы сугат жерлер өздөштүрүлө баштады.

Ошентип, дүйнөдө биринчи жолу колдо жасалган 657 га. аянтты ээлеген, терңдиги 40 м. узуну 5 км, эң жазы жери 2,1 км, плотинасынын узундугу 1094 м. туурасы 4 м. бийиктиги 34 м.  болгон Төрт-Гүл көлүнүн таманына пленка төшөлүп, дүйнөлүк практикада кездешпеген жаңы ыкма менен “Баткен деңизи” пайда болду[10].

Төрт-Гүл суу сактагычынын курулуп, ишке берилиши менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө олуттуу бурулуш болду, анткени райондун аймагындагы экономикалык борборлордун базасы начар болчу, сугат жерлердин аздыгынан мал чарбасына жетиштүү тоют базасын түзүүгө шарт жок болчу. Сугат аянттарынын көбөйүшү менен райондо бакчылыкты, мөмө-жемиштерди өстүрүүгө кеңири шарт түзүлдү.

Бул курулуш ишке берилгенден он жылдан кийин, б.а. 1982-жылы анын долбоорлоонун авторлору жана куруучулардын бир тобу  Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын ээлери болушкан. Алардын арасынан жергиликтүүлөрдөн эксковаторчу Турсунбай Сейдакматов, жетекчи Абдимомун Маккамбаев, дың жерди өздөштүрүүдөгү эбегейсиз эмгеги үчүн Сабыр Момунов болушкан[11]. Мындан тышкары бул курулушка ошол кезде Төрт-Гүл СМУсунун начальниги болуп иштешкен Кожомжаров, Батыркановдор чоң салым кошушкан, кийин бул эки жетекчи тең суу чарба министри болушкан.

Төрт-Гүл суу сактагычынын шарапаты менен 1963-жылы жоюлган Баткен району 1965-жылы кайрадан район болуп түзүлдү. Баткен кыштагынын аянты кеңейип, келбети өзгөрдү. Эл турак үйлөрүн жаңылап, заманбап коомдук имараттар пайда болду. Элдин санынын өсүшү, инфраструктуранын жакшырышы менен Баткен кыштагы - шаар аталды жана 2008-жылдан баштап областык маанидеги шаар макамына ээ болду. Баткен районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн натыйжасында Баткен шаары республикада түзүлгөн жетинчи областын борбору болууга татыктуу деп табылды.

Баткен шаары  эле эмес Бужум, Кызыл-Жол, Базар-Башы, Кара-Бак айылдарынын аймагы кеңейип, эл дыйканчылык, бакчылык менен алектенишип, алардын турмуш шарты жакшыра баштады.

Мурда кескелдирик мекендеп, боз шыбак гана өскөн ээн талааларда Кызыл-Бел, Чек, Жаңы-Жер, Чет-Кызыл, Чоң-Талаа, Параң, Көк-Дөдө, Миң-Өрүк, Миң-Булак сыяктуу жаңы айылдар өсүп чыгып, мында көптөгөн жердештерибиз бактылуу өмүр кечиришүүдө.

Баткен аймагындагы мурда какырап жаткан бопбоз талаа - бак-шактуу жашыл өрөөнгө, өрүкзарга, жүзүмзарга айланды. Баткен деп уккандар мурда бозоргон талааларды элестетишсе, эми өрүкзарды элестете башташты, анткени белгилүү баткендик обончу, Кыргыз Республикасынын эл жана эмгек сиңирген артисти  Аппаз Жайнаковдун “Өрүкзарга кетели” аттуу ыры популярдуу болуп, эл арасына кеңири жайылды. Чындыгында эле Баткен жергесинде өрүктүн эң сапаттуу, дарылык касиети күчтүү, канттуулугу жогору, аш болумдуу сорттору көбөйүп, ал өлкөбүздөн тышкары жактарга да кеңири тарай баштады. Жыл сайын апрель айында Баткен жергесиндеги эң ыйык – Айгүл гүлү менен кошо өрүк гүлдөгөн мезгилде эл аралык Гүл майрамын өткөрүү салтка айланды.  Ошентип, суу сактагычтын шарапаты менен Баткен жергеси чыныгы өрүкзарга, гүлзарга айланды.

Азыркы учурда райондо 5048 гектар аянтты бак-дарактар ээлейт, анын ичинен 4573 (90%) гектары мөмөлүү, айрыкча өрүк бактары[12]. Агротехникалык эреже боюнча ар бир гектарда 200 тщптён болгондо 914600 тщп ёрщк бар. Бул деген сёз 100 миъге чамалаш калкы бар Баткен  районунун ар бир тургунуна орточо 10 тщптён ёрщк туура келет дегендик. Демек Баткен жергеси – ёрщкзардын мекени, деген сёздё калет жок.

1980-жылдары Баткенде май айында бышуучу өрүктүн мөмөсүн борбор калаага алып барып сатуу демилгеси чыккан. Анын максаты борбор калаанын тургундарын жаңы бышкан витаминдүү мөмө-жемиштер менен камсыздоо жана өрүк багын өстүргөн чарбалардын экономикасын жогорулатууга шарт түзүү болгон. Ал үчүн Баткендеги аэропорт кеңейтилип, жүк ташуучу учактар конууга ыңгыйлаштырылган. Күн сайын бир нече рейс жасаган учактар жана атайын муздаткычтуу чоң машиналар менен ташылып турган Баткен өрүгү борбор калаанын тургундарынын сүйүктүү жемишине айланып, алардын дасторконунун көркү болуп турган.

Буга чейин Баткен аэропортунан почта ташуучу “жүгөрүчү” учактар гана каттап келген болсо, мындан кийин Фрунзе, Ош, Жалал-Абад шаарларына чоң учактар каттап, жүргүнчүлөрдү тейлей баштаган. Ал эми 2012-жылдан баштап, бул аэропорттон эл аралык стандартка ылайыктуу заманбап, чоң учактар каттап, жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлей баштады.

Төрт-Гүл суу сактагычынан башталган 98,5 км. чарбалар аралык темир-бетон каналдары, артериялдык кан тамырлар сыяктуу жайгашкан 568,8 км. ички чарбалык каналдар аркылуу кылымдар бою суусуз жаткан талааларга суу акты. 1972-жылы апрель айында суу сактагычтын пайдаланууга берилиши  менен “Москва” колхозу (Кара-Булак айыл өкмөтү) 1169 га. сугат жерге ээ болду. Мындан тышкары миңдеген гектар дың жерлер өздөштүрүлүп, колхоздор ирилешкен совхоздорго айланып, адистештирилген чарбалар түзүлүп, алардын экономикалык-чарбалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейе баштады.

Жаңыдан ачылган жерлерди өздөштүрүү үчүн “Төрт-Гүл” бакчылык-жүзүмчүлүк, “Советтик Кыргызстан”, Фрунзе, Орджоникидзе,  Коммунизм колхоздорунун базасында Фрунзе атындагы совхоздору, 1980-жылы эчкичилик багытындагы “Ак-Сай” совхозу, андан кийин малды бордоп семиртүүгө адистештирилген Кызыл-Бел мамлекеттик чарбасы түзүлөт[13].

Бул мамлекеттик чарбалардын түзүлүшү менен чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары пайда болуп, ал чарбалар адистеше баштайт, алардын экономикалык мүмкүнчүлүгү да бир топ кеңейет.

Сугат аянттарынын көбөйүшү менен бул чарбалардын айыл чарба продукцияларынан алынган түшүмдүүлүгү да жогорулаган. 1985-жылы район боюнча гектарына: дан – 60, тамеки – 37, бакча – 126, жашылча – 103, картошка – 66, мөмө-жемиш – 5, жүзүм – 13 центнерден алынган[14]. Бул цифралар райондо мурдагы жылдарга салыштырмалуу айыл чарба продукцияларын түшүмдүүлүгү бир топ жогору болгондугун айгинелейт.

Айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы менен райондун чарбаларынын айыл чарба продукцияларын сатуудан түшкөн акча каражаттары да көбөйө баштайт. 1985-жылы райондун чарбалары айыл чарба продукцияларын сатуудан жалпы 29 051 миң рубль акча каражаттарын табышат, бул цифра райондун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болгон. Аны чарбалар боюнча бөлүп караганда: Ак-Сай совхозу – 2716 миң, “Биринчи май”  совхозу – 3699 миң, “Кызыл-Бел” мамлекеттик адистештирилген чарба – 4828 миң, Лениндин 100 жылдыгы атындагы совхоз – 3202 миң, “Москва” колхозу – 5683 миң, “Советтик Кыргызстан” совхозу – 3397 миң,  “Төрт-Гүл” совхозу – 2035 миң, Фрунзе атындагы совхоз – 3491 миң рубль акча каражаттарын табышкан[15]. Муну менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жогорулашына шарт түзүлүп, аны менен айрым социалдык-маданий маселелер да чечиле баштаган.

Жыл өткөн сайын чарбалардын кирешеси көбөйүп, райондун экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулай баштаган. Баткен районунун чарбалары 1987-жылы рентабелдүүлүк боюнча 1 824 миң рублдик киреше табышып, мурдагы жылга карата рентабелдүүлүктү 7,3%га жогорулатышкан[16].

Ошентип, айыл чарбасындагы олуттуу өзгөрүүлөр райондун саясий турмушуна да таасир эткен. Эл чарба пландарын ийгиликтүү орундаткандыгы үчүн  Баткен району 1979-жылы Бүткүл союздук социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болуп, КПСС БК нын, СССР Министрлер Советинин, ВЦСПС тин жана ВЛКСМ БК нын өтмө Кызыл Туусун,  1981-жылдын жыйынтыгы боюнча республикадагы социалисттик мелдештен жеңүүчүсү катары  Кыргызстан КП БК нын, Кыргыз ССР Министрлер Советинин, Кыргызсовпрофтун жана Кыргызстан ЛКСМ БКнын өтмө Кызыл Туусун жеңип алган[17].

               Суу сактагычтын курулушу менен райондун аймагында жаңы жерлердин өздөштүрүлүшү бир топ айылдардын жашоочулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жараткан. Мисалы: Дара капчыгайындагы Роут, Палал, Палал-Ооз, Сары-Талаа, Кан, Авгол, Кыштут айылдарынын тургундары үчүн ошол айылдардан жаңы тамаркаларды берүүгө мүмкүнчүлүк жок болчу, ошондуктан алардын жаңы үй-бүлөлөрүнө Чек, Жаңы-Жер айылдарынан турак-жай катары жер бериле баштайт. Мындан тышкары коңшулаш өлкөлөрдө жашаган көптөгөн этникалык кыргыздар жаңы жерлерге көчүп келишет. Ал кезде жумушсуздук деген көйгөй таптакыр жок болгон, кайра чарбаларда, мекеме-ишканаларда жумушчу күчү жетишкен эмес. Муну менен чарбалардагы жаңы жумушчу күчүнүн жетишпестиги чечиле баштаган.

1970-жылы райондо 30700 калк жашаган болсо, кырк жыл аралыгында райондун тургундарынын саны дээрлик үч эсе көбөйдү б.а.100 миңге жетип калды.

Суу сактагычты куруунун кемчиликтери жана көйгөйлөрү да болбой койгон эмес. Суу сактагычка каналдан келген дарыя суусунун кум-чопосун козгоп, аны кайра суу менен кошо агызып чыгаруу үчүн аны ылайкалатып туруучу аппарат колдонуу долбоордо каралган. Бирок кандайдыр себептер менен ал техника курулбай калган. Анын кесепетинен суу сактагычтын кампасы улам ылайка-кум менен толо баштаган. Эгерде бул ылайка-кум эгин талааларына суу менен жеткен болсо, ал жердин кыртышы жакшырып, түшүмдүүлүк дагы да жогоруламак. Жылына бир сантиметрден кум агып барып турганда да кырк жылдын аралыгында кырк сантиметр жаңы катмар пайда болуп, ал жергиликтүү топурак менен аралашып, жаңы түшүмдүү катмар пайда болмок.

Бул кемчиликти жоюу үчүн жаңы айланма каналды куруунун долбоору бекитилип, ал 1986-жылы бүтүп ишке берилет. Анын натыйжасында кумдуу, ылайлуу суу түз эгин талааларына агып барып, андан жердин кыртышы жакшырып, түшүмдүүлүк улам жогорулай баштайт.

Экинчиден, райондун аймагындагы сугат жерлердин көбөйүшүнүн натыйжасында төмөнкү зоналарда жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулап кетиши күтүлгөн, анын натыйжасында айрым жерлерди зак, шор баса баштаган. Бул көрүнүш айрыкча Кара-Бак кыштагында орун алган. Мындан арылуу үчүн дренаждык каналдар курулуп, жер астындагы суулар тартылып турган. Бирок кийинки учурларда бул дренаждык каналдар тазаланбай калгандыктан, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулап кетиши улам кайталанып турат.

Үчүнчүдөн, суу сактагычка балык чарбачылыгын уюштуруу керек, азыркы учурда анда балыктар болгону менен алар кароосуз калып, жоголуу алдында турат, аны бүгүнкү күндүн талабында уюштурса андан да көп киреше табууга болот. Анткени бул аймакта балык өстүрүү жана балыкчылык чарбасы жок.

Төртүнчүдөн, суу сактагычтын айланасында андан бери кырк жыл болгондугуна карабастан, көрктөндүрүлүп, эс алуу, сууга түшүү, тамактануу, чакан соода, эс алуучуларды тейлөө сыяктуу шарттар жок. Бул шарттар түзүлүп, санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык жабдылса андан дагы бир топ киреше табылып, райондун капчыгына дагы кошумча акча түшмөк.

Ошентип, Төрт-Гүл суу сактагычынын курулушу менен Баткен жергеси таанылгыс болуп өзгөрүп, Баткен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн олуттуу шарт түзүлгөн.

Баткен аймагы өрүкзардын, гүлзардын эле аймагына айланбастан, жүзүмзарга да айланган. Жаңы дың жерлерди өздөштүрүүнүн натыйжасында райондо 503 га. жер жүзүм багына айланган[18]. Жүзүм өстүрүү менен райондун аймагында вино чыгаруучу завод курулуп, райондо өнөр жай ишканасы пайда болгон, ал абдан кирешелүү тармак катары бааланып, жүзүмчүлүк тармагынан 1989-жылы 2,5 млн. рубль таза киреше алынган[19].

Төрт-Гүл суу сактагычынын курулушу саясий жактан да олуттуу мааниге ээ болгон, эгерде суу сактагыч курулбаганда Баткен районунун кошуна өлкөлөргө суу боюнча көз карандылыгы чечилмек эмес болчу, экинчиден, Баткен шаары бүгүнкүдөй областык баш ийүүдөгү шаар макамына жана областын борбору катарына өсүп чыкмак эмес.

Ошондой эле бул суу сактагычтын курулушунун экологиялык таасири да жогору. Райондун аймагында суу сактагычтын, сугат каналдарынын, сугат жерлердин, бак-дарактардын көбөйүшүнүн жана анын буулануусунун таасири менен кургак, ысык аба климаты бир аз басаңдаган.

Суу сактагычтын курулушу менен райондун экономикасы жогорулап, социалдык маселелер да чечиле баштаган. Райондун тургундарынын жашоо шарты жакшырып, тейлөө, соода тармактары өнүктү. Баткен шаары илим, билимдин, маданияттын очогу катары жаштардын шаарына айлана баштады.

Ошентип, “кылым курулушу” аталган Төрт-Гүл суу сактагычынын курулушу Баткен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө саясий, экономикалык, социалдык жана маданий жактан олуттуу таасир эткен.

 

 

 

 


[1] СД Ош ОМА. Ф.17, оп.19, д.1, л.18

[2] Сов.Киргизия 26-фев. 1962.

[3] Кыргызча-орусча сөздүк, түз. К.Юдахин, М.,1965, -б.760.

[4] Осмонов Б.Төрт-Гүл суу сактагычынын курулуш тарыхы жана анын келечек үчүн мааниси. Вестник БатГУ. № 5, 2009.

[5] СД Ош ОМА. Ф.17, оп.19, д.1, л.28

[6] СД Ош ОМА. Ф.17, оп.91, д.1, л.55-57

[7] СД Ош ОМА. Ф.17, оп.19, д.1, л.41-44.

[8] СД Ош ОМА Ф.17, оп 19, д.1, л.76-77

[9] СД Ош ОМА. Ф.17, оп.91, д.1, л.85

[10] Айыл чарба энциклопедиясы, т.2, -Ф.,1990, -б.284.

[11] СД Ош ОМА. Ф.17, оп.91, д.1, л.85

[12] Баткенская область. Итоги первой сельскохозяйственной переписи КР 2002 год. Кн.IV.ч.1,Б.,2005. -С.47.

[13] СД Ош ОМА. Ф.17, оп.4,д.95,л.53.

[14] Баткен району цифраларда жана фактыларда. Баткен – 1988, 20-бет.

[15] Ошондо эле, 19-бет.

[16] Ошондо эле, 28-бет.

[17] СД Ош ОМА Ф.17 Оп.29, сб.2, б.34

[18] Итоги первой сельскохозяственной переписи КР 2002 год, Книга IV? Часть вторая, -Б.,2005, -С.26.

[19] СД Ош ОМА. Ф.17, оп.29, д.1, л.28

 

Авторизация