«Балет ханышасы Бүбүсара»

 

 

«Балет ханышасы Бүбүсара»

(Атактуу балерина, бийчи Бүбүсара  Бейшеналиевага 95 жыл)

Ойно оркестр,

Күү сайра!

Жазга кайра кайрылалы күз айда.

Ошол жаздын бир гүлүндөй жарк этип,

Бийге чыксын Бүбүсара!

Сүйүү берсек,

Эңсөө берсек биз ага,

Бир тамчы бий берсин биздин кусага!

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ

СССРдин эл артисткасы Бүбүсара

Бейшеналиеванын эстелигине

 

Кыргыз элинин мандайына бүткөн тубаса талант, бий периштеси,сейрек учуроочу талант, кыргыз совет хореография искусствосунун алтын барактарына түбөлүк жазылып кала турган Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында, дыйкандын үй бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бийчинин уулунун айтымында, ал 8-апрель күнү төрөлгөн. Бирок балерина туулган күнүн 17-май, уулу Эрмектин туулган күнүнө карата атайын өзгөртүп алган. Бүбүсара он жашка чыккан убагында ал окуган мектепте Ленинграддагы хореографиялык окуу жайга жаш таланттарды издеген адамдар келишет. Алар кичинекей сулуу кызды бир көрүп эле жактырышат. Ата-энеси үчүн көкүрөк күчүгүн алыс жакка жалгыз жөнөтүү оор болсо да, кызынын келечегин ойлоп макулдугун беришет. Ошентип Бүбүсара 1936-жылы Ленинграддагы Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайга өтүп, атактуу бийчи Агрипина Вагановадан таалим ала баштайт. Алгачкы жолу чоң сахнага 1939-жылы Кыргызстандын Москвада өткөн маданият күндөрүндө чыгат. Сахнада тунгуч ирет В. Власов менен В. Ференин «Селкинчек» балетинде Зайнуранын ролун аткаруу аркылуу зор бийчилик жөндөмү ошондой эле профессионалдык даярдыгын көрсөткөн. Б. Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» ошондой эле «Раймонда» спектаклдеринде ачык-айкын байкалган. Балерина окуу жайды 1941-жылы аяктап, Фрунзе шаарына кайтып келип, опера жана балет театрында алгачкы жолу сахнага чыгат.

 

                                                  

 

Бийчи Фрунзеге келгенден кийин опера жана балет театрында башкы солист болуп эмгектене баштайт. Дал ушул жерде Бүбүсара балет өнөрүнүн туу чокусуна карай алгачкы кадамын таштайт. Ал эми 1944-жылы коюлган "Чолпон" балетиндеги «Айдайдын» образы Бүбүсаранын ийгилигин бекемдеп, ага болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келет. Ошол кездеги маалыматтарга караганда балерина сахнага чыгат деген күнү театрда билеттер калбай калчу экен. Бийчи 1948-1949-жылдары өнөрүн өркүндөтүү үчүн ошол эле Ленинграддагы хореографиялык окуу жайда билимин улантат. Окуусун бүткөндөн кийин кайрадан Фрунзеге кайтып опера жана балет театрында өмүрүнүн аягына чейин иштейт. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан башкы солисти. 1947-жылы Кыргыз ССР эмгек синирген артисти, 1954-жылы республиканын эл артистигине  жеткен.

 

                                          

1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабиятынын жана искусствосунун декадасында «Чолпон» балети көрсөтүлгөн. Спектакль эл тарабынан өтө жогорку бааланып, чон ийгиликтер менен коштолгон. 1959-жылы «Чолпон» деген ат менен Ленинграддык жана Фрунзелик искусство чеберлеринин катышуусунда кыска мөөнөттө фильм тартылып, экранга чыгат. Башкы ролдо Бүбүсара Бейшеналиева жез кемпирдин жана сулуу Айдайдын образын жараткан. Образга жан дүйнөсү менен кирип, берилүү менен ойногон. Балерина фильмди сулуулугу, ийкемдүүлүгү, назиктиги менен көркүн ачып, көрүүчүлөрдүн бийге болгон кызыгуусун арттырган. Азыркы учурда фильмди Борбордук мамлекеттик кинофонофотодокументтер архивинде сакталууда.

Сахнадагы ролдору. Бүбүсара Бейшеналиева "Селкинчектеги" — Зайнура, "Чолпондогу" — Айдай, "Бахчисарай фонтанындагы" — Мария жана Зарема, "Ак куулар көлүндөгү" — Одетта-Одиллия, "Анардагы" — Анар, "Кызыл кызгалдактагы" — Тао-Хоа, "Ромео жана Джульеттадагы" — Джульетта, "Франческа да Риминидеги" — Франческа, "Лауренсиядагы" — Лауренсиянын ролдору кыргыз балетинин "алтын фондусунан" орун алган. Талыкпаган эмгегинин үзүрү катары СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.

Бүбүсара Бейшеналиева искусстводо талыкпаган, ташыркабаган эмгекчилдиги менен гана эмес, жаратылышында жапжакшынакай адамдык сапаты, сезгич жүрөгү аркылуу да бөлүнүп турган. Балет сынчылары Бүбүсара Бейшеналиеванын табиятынан эле бул өнөр үчүн жаралганын белгилешкен. Анын жагымдуу жүзү, ийкемдүү денеси жана талыкпаган эмгеги кыргыз балетинин примасына айлануусуна өбөлгө түзгөн. Кесиптештери Бейшеналиеванын табият берген таланты менен гана чектелип калбай, ар дайым машыгуу үстүндө жүргөнүн айтышат. Нечен гастролдордо да чарчап-чаалыкканын билдирбей, терен берилгендик менен чыгармачылыгын андан ары улантчу. Ал ар бир кыймылын 5-6 саатка чейин кайталап, өмүрүнүн ар бир мүнөтүн бийге арнаган. Андыктан балеринанын сахнадагы ар бир кыймылы жана мимикасы өзгөчө болуп, ролдорду ийинине жеткире ойногон.

«Мен артист болуп калганым үчүн бактылуумун жана элиме өзүмдүн кичине эмгегим менен пайда алып келишим мен үчүн чон кубаныч тартуулайт»- деп өмүрүнүн акырына чейин талыкпай бий өнөрү менен эмгектенди. Атактуу балерина болушуна канчалаган күч, аракет, шык, талыкпаган эмгек, убакыт кетти. Ага карабай берилгендик менен аракет кылып, бийди улантып жатты.

Жөнөкөй "жылдыз" замандаштарынын айтымында, улуу таланттын ар бир спектакли көрүүчүлөр үчүн майрам болгон. Ал гана эмес, күн сайын жүзгө жакын адам Бүбүсара ишине бара жатканда жолун тосуп урмат-сыйын билдирип турушкан. Алар үчүн бийчини жакындан көрүү жана саламдашуу сыймык эле. Бирок чектен ашкан элдин сүйүүсүнө карабай Бүбүсара жылдыз оорусуна кабылган эмес. Сахнадан тышкы жашоосунда эч качан жөнөкөйлүгүн жоготкон жок. Жада калса популярдуулуктун туу чокусунда турган кезинде өлкөнүн алыскы аймактарын кыдырып, карапайым калктын да көңүлүн ачып турган.

Кыргыз бийинин чолпону – биздин эсибизде көрүнүктүү артистка катары гана эмес, бардык учурда жакшылыгын эч аябаган, эн бир назик, чон жүрөктүү адам катары да сакталат.

Бүбүсара деген ат – аялдык назиктикти, ойротто жок жөнөкөйлүктү, талыкпаган эмгекчилдикти, тан каларлык талантты элестетет.

Кыргызстан Мамлекеттик искусство институтуна СССРдин эл артисткасы, советтик көрүнүктүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымынын берилиши, анын театр искусствосуна кошкон зор салымын баалагандык.

Жашоосунун акыркы жылдарында Бүбүсара Бейшеналиеванын ден-соолуугу жакшы эмес эле. Ал рак оорусуна чалдыгып 1965-жылы Москва шаарында өпкөсүнөн операция болот. Бирок бийчи мындай оор операциядан кийин да сахнага чыгуусун токтотпойт. Балерина экинчи жолу 1971-жылы катуу оорууга кабылат. Дарыгерлер анын көкүрөгүндө шишик пайда болгонун айтышат. Москва шаарында бир жылга жакын дарылангандан кийин Фрунзеге кайтып келет.

Көп өтпөй эле кыргыз искусствосу оор жоготууга дуушар болду. 1973-жылы 10-майда узакка созулган катуу оорудан кийин советтик көрүнүктүү балерина, коомдук белгилүү ишмер, СССРдин эл аралык артисткасы, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бүбүсара Бейшеналиева  дүйнөдөн кайтты. Кыргыз балетинин өчпөс жылдызынын сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган.

Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы Бишкектин бир көчөсуно ыйгарылып, Кыргыз мамлекеттик искусство институту анын ысымын алып жүрөт.

Ошондой эле азыркы учурда Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндө Борбордук мамлекеттик кинофонофотодокументтер архивинде балеринанын сүрөттөрү, фильмдери сакталып келет. Мисалга алсак Б.Бейшеналиеванын берилүү менен жүзүндөгү сүйкүмдүүлүгүн көрүүчүлөргө арнап бийлеп жаткандыгын, бийге канчалык кызыгуу менен берилип жаткандыгын репетиция учурундагы сүрөттөрүнөн көрө алабыз.

Учурунда улуу балерина менен чогуу бийлеген Кыргыз эл артисти Роберт Уразгалдиев кайталангыс таланттын чыгармачылык өмүр таржымалы жөнүндө «Бүбүсара Бейшеналиева» деген көлөмдүү китеп жазган.

Кыргыз элинин тунгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева элибиздин муундан-муунга сакталып калган түбөлүктүү чыгармалары боюнча жүрөк кылдарын титиреткен ролдорду жаратып кетти. Жагымдуу жүзү, жан дүйнөсү, таланты шайкеш келген балеринанын бул дүйнө менен коштошконуна ушул жылдын 10-майында 48 жыл толду. Шум ажал арабыздан сууруп кетпегенинде Бүбүсара 17-майда 95 жашка чыкмак. Албетте, элибиздин мындай таланттары эч качан унутулбайт. Улуу таланттын өзү арабызда жок болсо да анын жаркын элеси эл жүрөгүндө сакталат.

 

 

 

Авторизация