Кетмен, күрөк менен ишке ашкан Чоң Чүй каналынын салынышына 80 жыл

Чоң чүй каналы – Кыргызстандагы эң ири курулуштардын бири болуп саналат. Канал Чуй өрөөнүнөн тышкары коңшу Казакстан өлкөсүнүн айрым аймактарын да суу менен камсыз кылат. Бирок бул канал канчалык кыйынчылык менен, ондогон жылдарга созулган эмгектин натыйжасында курулганы көпчүлүккө маалым болбосо керек. XX кылымдын эң маанилүү курулушунун тарыхы тууралуу.

КУРУЛУШТУН ПЛАНДАЛЫШЫ

Архивдик маалыматтарга таянсак ошол мезгилдеги чыгарылган токтомдордун негизинде мындайча баяндалат 1940-жылдын 7-сентябрында “Кыргызстанда Айыл-чарбаны андан ары онуктуруу боюнча” ЦК ВКП(б) менен СНК СССР чечими Сталиндин корсотмосуно ылайык чыгарылган. Ушул токтомду аткаруу боюнча эн биринчи ирригация тармагында онуктуруу милдет катары коюлган. Дээрлик бир кылым мурун борбор калаабыз чөп баскан ээн талаа болгонун баары эле элестете албаса керек. Мээнеткеч чоң энелерибиз болбогондо айдоо аянттарына бай жана азыркыдай кооз өрөөн болмок беле ким билет? Эч нерсе өспөгөн талаалар эч кимге пайда алып келген эмес. Ошондуктан каралбай жаткан жерлерге суу жеткирүү маселеси курч турган. 1941-жылдын 16-мартында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Төрөбай Кулатов Чоң Чүй каналын куруу тууралуу токтом чыгарган.

СОГУШ ДА КУРУЛУШТУ ТОКТОТО АЛГАН ЖОК

1941-жылдын 10-апрелинде Кыргызстан Коммунистер партиясынын Борбордук комитети токтом кабыл алат Чоң Чүй каналынын курулушу боюнча: жалпысынан 60 миңге жакын адам жумушка тартылышы керек, 70,000 га жаны сугат жерлерин ищтетуу, партиянын кандидаттары жана мучолорунун 50%, комсомол уюмдарынан 5500 комсомолду Чоң Чүй каналынын курууга жонотуу, баардык жерлерде агитация иштерин жургузуу, документалдык фильмдерди, плакаттарды, лозунгтарды, стен газеталарды басып чыгаруу, №1 басмаканага “Ардак китебинин” улгусун даярдоону, курулуштун журушун чагылдырган радио беруулорду даярдоону, куруучулар учун атайын кыргыз жана орус драмтеатрларын ар 20 кун сайын жиберип турууну милдеттендирет.

Эң алгач эле каналдын 140 чакырым аймагында курулуш иштери башталган. Ар бир район, ар бир колхоз өзүнө бөлүнүп берилген аймактарда эмгек кылышты. Бул ишке карапайым жумушчулар гана эмес, инженерлер, маданият жана медицина кызматкерлери баш болгон баардык кесиптин ээлери эмгектерин аяшкан жок. Натыйжада бир жарым айдын ичинде 10го жакын курулуштар курулган.

1941-жылы 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталат. Эркектердин көпчүлүгү колундагы кетмен менен күрөктөрүн мылтык менен автоматтарга алмаштырып, фронтко жөнөштү. Чоң Чүй каналын куруу иштери да токтотулат. Бирок өнөр жай ишканалары жана айыл чарбасы үчүн сууга болгон муктаждыктар чечилбеген бойдон калган.

Муктаждыктын натыйжасында 1942-жылы каналды куруу иштери кайрадан жанданган. Анда согушка барбагандар эмгектенүүдөн качпай колдоруна кетмен, күрөктү кармап иштерин башташкан. Натыйжада 1945-жылга чейин карапайым эл убактылуу курулуштарды – көпүрөлөрдү, суу бургучтарды жана башка ушул сыяктуу иштерди аткарышты.

Айрыкча ворошиловдук суу бургуч каналынын участогундагы иштер оор жүргөн. Бул жерде каналдын тереңдиги 20 метрге чейин казылган. Кыштын аяздуу күндөрүндө мынчалык тереңдиктин ичинен топуракты жана кумду шилеп чыгаруу иши кыйынчылыкты жараткан. Талыкпаган эмгектин жыйынтыгында 1943-жылдын аягында Чоң Чүй каналынын батыш тармагынын бир бөлүгү ишке киргизилип, бир нече гектар айдоо жерлерине суу жеткен. Ошентип курулуш толук бүтө элек жатып 70 чакырымга созулган канал энергетика жана сугат максаттары үчүн ишке берилген.

Согуш бүткөнгө чейин карапайым эл керки , күрөк, кетмен менен иштешкен. Жер казуучу техникалар жок болгондуктан бир нече метр тереңдиктерди кол менен казышкан. Мындан башка транспорттук каражаттар, курулуш материалдары дагы жетишсиз болгон.

Согуш аяктагандан кийин атайын техникалар алып келинип, куруу иштери уланган. Жалпысынан Чоң Чүй каналы 1976-жылы курулуп бүткөн.

ЖУМУШЧУЛАР КИМДЕР ЭЛЕ?

Курулушта иштегендердин көпчүлүк бөлүгүн кыз-келиндер түзгөн. Себеби жумушка жарактуу эркектер фронтко кетишкен. Ошондой эле ден соолугу начардыгынан улам согушга барбай калгандар согушта жүргөн аскерлерден кем калышпай, курулушта эмгектеништи. Алардан сырткары абышка-кемпирлер менен жаш балдар дагы каналдын курулуш иштерине өз жардамдарын аяшкан эмес. Каражат маселеси элди эч ойлондурган эмес. Каналды курууну ар бир адам өз милдети катары түшүнгөн.

Советтик армия кызыл желегин Рейхстагга илип жеңишке жеткенден кийин жалпы элдик курулуш кайра жанданган, анда мурдагыдай топурак ташыган өгүздөрдү чанда гана көрүүгө мүмкүн эле. Улуу ата мекендик согуштан кийин атайын техникалар алып келине баштаган. 1953-жылы Батыш Чоң Чүй каналы колдонууга берилет, төрт жыл өткөн соң Чыгыш Чоң Чүй каналы ишке кирет. Ошентип жалпы каналдын курулушу 30 жылга созулуп, түштүк канал 1972- жылдан тарта пайдаланыла баштайт.

ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫ ЭМНЕ ҮЧҮН – БИЗДИН СЫЙМЫК?

Колдонууга берилген Чоң Чүй каналынын аркасында Сары-Өзөн өрөөнүндөгү айдоого ылайыктуу болгон жердин 40 пайызы сугат жерлерге айланды. Учурда канал эгин талаалары жана бак-дарак ээлеген 100 миң 666 гектар жерди ээн-эркин сугара алат.

УЧУРДА...

Азыркы кундө Чоң Чүй каналы Кыргыз өлкөсүнүн 73 миң гектар, Казакстандын 12 миң гектар аянтын суу менен камсыздайт.

Чоң Чүй каналынын агымдары:

Батыш Чоң Чүй каналы 1952-жылы курулган. Жалпы узундугу 145 чакырым. Андан сугарылуучу аянт – 82 миң гектар.

Чыгыш Чоң Чүй каналы – 1958-жылы курулган. Узундагы – 100 чакырым. Андан сугарылуучу аянт – 41,5 миң гектар.

Түштүк Чоң Чүй каналы 1976-жылы курулган. Жалпы узундугу – 158 чакырым. Андан сугарылуучу аянт – 3 миң гектар.

 

Материалды даярдаган

КР БМКСДАнин инженер-программисти

Жайчиев Илимбек.

 

Авторизация