ЕВРАЗИКАнын кезектеги жыйналышы бизде өтөт

ЕВРАЗИКАнын кезектеги жыйналышы бизде өтөт

Кыргыз Республикасынын архив кызматы дүйнөлүк архивчилердин бийик абройлуу кесиптик уюмунун – Эл аралык архивдер кеңешинин ( ЭААК) толук укуктуу мүчөсү болуп саналат.

Эл аралык архивдер кеңеши 1948-жылы  Бириккен Улуттар уюмунун билим, илим жана маданият боюнча бирикмеси (ЮНЕСКО) тарабынан түзүлүп, учурда дүйнөнүн 190 мамлекетинен 1400 ашуун архив мекемелери мүчө болуп кирет. Бул уюм дүйнөлүк архив мурастарын сактоо, өнүктүрүү жана пайдаланууну камсыздоо боюнча иш алып барат.  Эл-аралык архивдер кеңешинин жогорку башкаруу органы Генералдык ассамблея, анын  Аткаруу комитети эсептелет. Ар бир 4 жылда Генералдык ассамблея аныктаган өлкөдө архивчилердин Эл аралык конгресси өткөрүлүп архив ишине байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулайт. Кыргыз Республикасынын архив кызматы 1995-жылы өз ыктыяры менен ушул уюмга мүчө болуп кирип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-март, 1995-ж. № 95 токтому менен бекиген.

 Дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндө ЭААК тын аймактык бөлүктөрү бар.  2000-жылы Эл аралык архивдер кеңешинин XIV Генералдык ассамблеясынын чечими менен Москва шаарында Европа жана Азия аймактарындагы 15 мамлекеттен 23 архив мекемелерин камтыган ушундай бөлүм ЕВРАЗИКА деген ат менен уюшулган. Бул уюмга КМШга кирген өлкөлөрдүн, Монголиянын мамлекеттик архивдери толук укуктуу мүчөсү катары кирип Польша,  Прибалтика өлкөлөрүнүн, Азербайжандын архив кызматтары туруктуу байкоочу статусуна ээ. Кыргыз Республикасынын архив кызматы ЭААК мүчөсү болгондуктан бул уюмга автоматтык түрдө мүчө болуп калган.  ЕВРАЗИКА  аймактагы архивдик мурастарды сактоо жана пайдалануу, иш кагаздарын жүргүзүү багытында иш алып баруучу мекемелер ортосундагы  байланышты өрчүтүү, аймактагы архив мекемелеринин фондулары тууралуу маалыматтарды таратуу, архив иши боюнча илимий, практикалык конференцияларды уюштуруу, адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу ж.б. багыттар боюнча иш алып барат. Дүйнөлүк архив ишиндеги алдынкы иш тажрыйбаларын таркатуу, пикир алышууну камсыз кылууга багытталган «Информационный вестник» журналын чыгарат. Жыл сайын ЕВРАЗИКАнын мүчө мамлекеттеринин биринде уюмдун Жалпы жыйналышы, белгиленген темада илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.

  Кыргыз Республикасынын архив кызматы үчүн ЕВРАЗИКАнын ишине катышуунун мааниси эбегейсиз.  ЕВРАЗИКА аркылуу өздөрүнүн кесиптештери менен байланышып архив ишине, архивдик документтерди сапаттуу сактоо жана пайдалануу, иш кагаздарын жүргүзүүгө тиешелүү бири биринде болгон жаңы усулдук колдонмолор менен алмашышат, адистерди кесиптик деңгээлин жогорулатуу курстарында даярдайт, ЭААК менен байланыш да ЕВРАЗИКА аркылуу камсыздалат.

Бир топ жылдар Кыргыз Республикасынын архив кызматынын жетекчилеринин бири, архив кызматынын ардагери С.Жумалиев ЕВРАЗИКАнын башкаруу уюму - Аткаруу бюросунун мүчөсү болуп келген (бюро 5 адамдан турат).  Кыргыз Республикасынын архив кызматы ЭААКтын иш чараларына такай катыша албаса да,  ЕВРАЗИКАнын бардык иш чараларына активдүү катышып, бул уюмга кирген өлкөлөрдүн архивдери менен кызматташып келет. Акыркы эки жыл ичинде эле Борбордук мамлекеттик архивинин 3, Чүй облустук архивинин 1, Агенттиктин 2 кызматкери Москва, Ереван шаарларында кесибин жогорулатуу семинарларга катышышты. Илимий-практикалык конференцияларда архив ишинин маселелери талкууланып, башка мамлекеттерде болуп жаткан документтерди сапаттуу сактоо жана пайдалануу, иш кагаздарын жүргүзүү багытындагы алдынкы усулдук колдонмолор өздөштүрүлүүдө. 

КМШга кирген өлкөлөрдүн Экономикалык кеңешинин 2004-жылдын 30-декабрындагы чечими менен КМШга кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик архив кызматынын жетекчилеринин консультативдик кеңеши түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.06.2005. №219 токтому менен Кыргыз Республикасынын архив кызматы да ага мүчө болуп кирген. Адатта Консультативдик кеңештин жыйналышы ЕВРАЗИКАнын иш чаралары менен чогуу өткөрүлөт.

Өткөн 2012-жылы ЕВРАЗИКАнын кезектеги XIII Жалпы конференциясы, жана анын алкагындагы иш чаралар Ташкен шаарында өткөрүлүп, 2013-жылы кезектеги XIV-Жалпы конференциясын жана КМШга кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик архив жетекчилеринин консультативдик кеңешмесин Кыргыз Республикасынын архив кызматынын базасында өткөрүү белгиленген. Бул тууралуу уюмга кирген бардык өлкөлөрдүн архив кызматтары маалымдалган. Конференцияга КМШ мамлекеттеринен, Польша, Кытай, Монголия, Түркия, Прибалтика өлкөлөрүнүн архивчилери бардыгы 100 адамдай расмий меймандардын катышуусу күтүлүүдө.

Буга чейин түрдүү себептерден улам Кыргыз Республикасы ЕВРАЗИКАнын алкагындагы иш чараларды өз территориясында өткөрүү кезегинен үч жолу баш тартууга мажбур болгон. Бул бийик абройлуу эл аралык иш чараларды өткөрүүдөн төртүнчү жолу баш тартуу архив кызматы эле эмес, өлкөнүн аброюна шек келтирүүчү маселе экендиги эске алынып быйыл Архив агенттигинин,  архив кызматкерлеринин алдында зор милдет турат.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тийиштүү даярдыктарды көрүүдө. Бирок  Архив агенттиги өз күчү менен мындай иш чараларды сапаттуу даярдоого жана өткөрүүгө чамасы тартыш. Аларды ишке ашыруу үчүн кошумча финансылык колдоо, башка министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин жардамы талап кылынат. Агенттик тарабынан өткөрүлүүчү иш чаралардын, ага талап кылынуучу кошумча финансылык чыгымдын, министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин колдоосу камтылган Өкмөттүн токтомунун долбоорлору  иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Аппаратына жиберилди. 

 

М.Исаков

Авторизация