Касымалы Жантөшев

«Миӊ жылдык тарых»

(Жазуучу, драматург Касымалы Жантөшевдин 115 жылдыгы)

Элдин эсинде дайыма сакталып, муундан муунга аӊыз кеп болуп айтылып, урпактардын урматына ээ болгон сейрек таланттар болот. Дал ошолордун бири – бүгүн биз эскерип жаткан, кыргыз рухун туу тутуп, келечек муундар үчүн көөнөрбөс чыгармаларын мурас калтырган алп жазуучуларыбыздын бири – Касымалы Жантөшев. Быйыл жазуучунун 115жылдык мааракеси өткөрүлмөкчү.

Касымалы кичинесинен эле чыйрак, сергек өскөн. Үй жумуштарына көп жардам берген, кой кайтарган. Касымалы 1904-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү Түп районуна караштуу Теңизбай деген айылда кедей-дыйкандын үй—бүлөсүндө туулган. Бала чагында жокчулуктун каарын көп тартып, малчылар менен дыйкандардын арасында жүрүп, алардын турмуш абалын, тилегин жакшы билген. Залкар жазуучу 16 жашка келгенде гана жаңыдан кат тааныган. Арипти алгачкы жолу Орозакун Илепес уулу деген мугалимден үйрөнүп, сабатсыздыгын жойгон. 1919-жылдан 1924-жылга чейин айылдык мектепте, 1930-жылга чейин Фрунзедеги педагогикалык техникумда окуган.  Келечектеги жазуучу окууну бүткөндөн кийин 1934-жылга чейин Кыргыз ССР Эл Комиссариатында методист, РайОНОнун башчысы, окутуучу болуп иштеген. 1934-жылдан 1946-жылга чейин К.Жантөшев Кыргыз мамлекеттик драма театрынын режиссеру, артисти болгон.

Жазуучунун чыгармачылыкка баш багуусунун бирден бир себеби, туулуп өскөн айылындагы куудул, сөзмөр, жомокчу адамдар Касымалыга абдан таасир этип, анын көркөм сөзгө болгон шыгын ойготкон. Өзгөчө кошокчу Бурма деген жеңесинин тийгизген таасири зор. Кыштын узун түндөрүндө Касымалы жеңесинен ар кандай уламыштарды көп уга турган.

Мына ушундай турмуштук көрүнүштөр жаш баланын көркөм сезиминин өсүшүнө таасирин тийгизбей койгон жок. Ал өзүнүн чыгармачылык жолун драматург катары баштап, студенттик драмалык кружокторго өзүнүн бир актылуу пьесаларын койдурат. 1922-жылы ал “Койчу”, 1927-жылы “Лениндин уулу”, “Түштө”, “Биз комсомолдор” деген пьесаларын жазат. 1928-жылы К.Жантөшев Октябрь революциясына чейинки кыргыз аялзатынын кайгылуу тагдыры жөнүндө “Алым менен Мария” жана “Карачач” деген пьесаларын жазган. 1929-30-жылдары ушул эки пьеса театрларда коюла баштаган. 1929-жылы “Жоголсун байлар” деген үч актылуу пьеса жазылып, бул пьеса мурда педагогикалык  техникумдун өздүк көркөм чыгармачылык кружогунда, кийин Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюлган.

Жазуучу 1930-жылдардын башында методист, районо башчысы, мугалим катары иштеп, бир топ убакыт Кыргызстандын түштүгүндөгү алыскы тоолуу аймактарында болгон. Жантөшевдин аймактагы жашоосу чыгармачылык изденүүсүнүн жаңы багытын аныктоого мүмкүнчүлүк ачкан. Мурда "Эки жетим" өңдүү чакан аңгемелерди жаза коюп жүргөн автор көлөмдүү прозанын үстүндө иштеп көрүүгө бел байлаган. 

Ошентип, түштүк аймактардагы коллективдештирүү мезгилинде курчуган тап күрөшүнүн татаал процессин, ошол күрөштөрдө бетме-бет келген адамдардын аң-сезимдеринде болгон өзгөрүүлөрдү реалисттик планда элестеткен "Эки жаш" повести жаралды. Ал 1938-жылы жарыяланып, жазуучуну белсемдүү прозачы катары кыргыз журтуна таанымал кылды. 

1929-жылы үч актылуу "Жоголсун байлар" аттуу пьесасын, 1937-жылы эл чарбасын коллективдештирүүгө арналган "Дардаш", "Ким кантти" пьесаларын жазган. Ошол эле учурда Жантөшевдин прозага карата кызыкчылыгы артат. Адегенде айрым аңгеме, очерктерди дагы жаза коюп жүрөт. 

"Эки жаш" повестинен кийин анын проза жанрына болгон маанилүү кадамы башталган. Ушундан тарта ал өмүрүнүн акырына чейин эки тизгинди бирдей кармап, кыргыз адабиятында прозаны жана драматургияны бирдей өздөштүрүп, өнүктүрүп келген. 

Жазуучунун элдик турмушка, тарыхый окуяларга жасаган эстетикалык мамилеси анын негизги китеби "Каныбек" романынан көрүнгөн. Биринчи редакциясы боюнча романдын биринчи китеби 1939-жылы, экинчи китеби 1941-жылы, үчүнчү китеби 1948-жылы жарыкка чыккан. Кийинчерээк автор эл арасына кеңири тарап, атакка ээ болуп кеткен бул чыгармасына кайрадан кайрылып, экинчи редакциясын иштеп чыккан. Бул редакция боюнча автор мурдагы эки китепти бириктирип биринчи китепке, үчүнчү жана жаңыдан жазылган төртүнчү китепти бириктирип экинчи китепке айландырган. Бул романды жазуу үчүн жыйырма жылдан ашык эмгектенди.  Жантөшев кыргыз драматургия жанрынын баштоочуларынын жана негиздөөчүлөрүнүн бири.

1942-жылы элдик варианттын негизинде баатырдык "Курманбек" драмасын, ушул эле жылы сов. партизандардын баатырдыгын баяндаган “Өч” пьесасын жазган. «Каныбек» романы жана «Курманбек» драмасы кыргыз улуттук маданиятынын алтын фондусуна кирген.  Согуш мезгилинде К.Жантөшев  булардан тышкары да бир канча пьесаларды жазды, анын ичинен көрүнүктүүсү согуш күндөрүндөгү колхозчулардын ишин сүрөттөгөн “Ким кантти” комедиясы. Андан кийин “Азоого чалма” жана “Каныбек” деген ири драмалык чыгармаларын  жазып, Кыргыз мамлекеттик драма театрына коюлган. Согуштан кийинки жылдары Жантөшев Токтогул Сатылгановдун жаркын элесине арналган "Элдик ырчы" драмасын жараткан.

“Каныбек” романынын үстүндө иштөөнү улантуу менен жазуучу 1949-жылы романдын үчүнчү китебин, ал эми 1958-жылы төртүнчү китебин жазат.

Ал бизге улуттук адабиятыбыздын өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлеген “Тилек”(1949-жылы), “Жалындуу жаштар”(1952-жылы), “Ашуу ашкан суу”(1955-жылы), “Хан-Теӊирлик чабан”(1963-жылы), “Менин тагдырым”(1963-жылы), “Мендирман”(1957-жылы) өӊдүү көркөм чыгармаларын калтырды. Ушул эмгектери кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө өзгөчө баалуу салым кошуп, маданиятыбызда өзүнүн татыктуу ордун тапты. Алар кыргыздын тилинин, кыргыздын маданиятынын өнүгүүсүндө өзгөчө тепкич болуп калды.

Ошондой эле, биз, Касымалы Жантөшев “Тянь-Шандык кыз” деген фильмдин сценарийин жазуу менен элибизге киносценарист катары дагы таанылып келет.

Жантөшев котормочу катары да таанымал. Ал Николай Островскийдин "Болот кантип курчуду" романын, "Сепсиз кыз" пьесасын жана бир топ балдар жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчалаган. Ошондой эле Михаил Лермонтов, Ханс Кристиан Андерсен, Лидия Будогорская сыяктуу чет элдик жазуучулардын чыгармаларын которгон.

Жазуучунун бир нече чыгармалары, анын ичинде “Курманбек” романы орус тилине которулуп басылган.

“Жакшынын кадыры өткөндө билинет”, Касымалы Жантөшевдин кыргыз маданиятына сиӊирген эмгеги бүгүнкү күндө элибиз жана мамлекетибиз тарабынан баалангандыгын да айта кетүү орундуу. Ага Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер, Кыргыз Эл жазуучусу деген ардактуу наамдар ыйгарылган. “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн” медалдары менен сыйланган. К.Жантөшев “Ардак белгиси” ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланып, анын ысымы Ысык-Көл облустук драма театрына, мектептер менен көчөлөргө ыйгарылган. Касымалы Жантөшев 1968-жылы дүйнө салган.

Урматтуу замандаштар, биз кыргыз маданиятында өзүнүн татыктуу ордун тапкан улуу инсандын элесине дагы бир жолу таазим кылып олтурабыз. Кыргыз эли жана кыргыз руху турганда элибиздин чыгаан уулу, залкар жазуучу Касымалы Жантөшев атабыздын эмгектери, бизге калтырып кеткен маданий мурастары эч качан унутулбайт.

 

      

 

Даярдаган: Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик

кинофотофонодокументтер архивинин жетектөөчү архивисти

Максатбек кызы Мырзайым. 

 

Авторизация