Каттар, каттар...

         

 Ар бир кылымда дүйнө жүзүндө ар кандай жакшы жана жаман окуялар болуп тураары мыйзам ченемдүү көрүнүш турбайбы. 20 кылымдагы эң апаат окуя бул Улуу Ата Мекендик согуш болуп калганы талашсыз. Бул согуштун кесепети кыргыз элине дагы оңой тийген эмес, канчалаган эр азамат жигиттер кан кечип фашисттик германияга каршы согушка аттанышкан. Балдар жетим, апалар жесир калып, өмүр боюу күтүүдөн үмүт үзүшкөн эмес. Айрыкча май айы чукулдаган сайын маалымат каражаттарынан Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө эскерүүлөр көбүрөөк бериле баштайт. Архив бул эл үчүн сакталып турган кенч десем жаңылышпайм. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин алдындагы Борбордук мамлекеттик архивде да Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө материалдарды ичине камтыган документтер жок эмес. Ушул архивдик документтердин арасында өзгөчө оорунду ээлеген бир документ бул фронттон келген каттар. Менин алдымда аярлап үч бурч болуп бүктөлгөн каттар 76 жылдан ашык убакыт өтсө да күнү бүгүнкүдөй сакталып турат. Мен ушул каттар тууралуу кыскача жазууну чечтим. Ата Мекенди фашисттик баскынчылардан коргоо үчүн кыргыз эли да жапа тырмак катышышкан, эр азаматтар согушка аттанып, тылда калган эл кары жашы дебей жеңиш үчүн иштешкен. Кыргыз элинин белгилүү акын-жазуучулары да Ата Мекенди коргоодо кан жанын аябай согуш талаасында болушкан. Алардын ичинен Мукай Элебев, Темиркул Умөталиев, Райкан Шүкүрбеков, Узакбай Абдукаимов, Сүйүнбай Эралиев, Зияш Бектенов ж.б. Фронтовик-жазуучулардан согуш жылдарында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Аалы Токомбаевдин атына көптөгөн каттар келиптир Каттардын негизги мазмуну аман-эсендигин билдирген, элин, үй-бүлөсүн, Ата Мекенин сагынган азаматтардын кан күйгөн согуштан куш тилиндей кагазга жазгандары. Менин колумда Кыргыз совет адабиятына негиз салгандардын бири Темиркул Үмөталиевдин согуштан ошол мезгилде жазуучулар союзунда иштеген Кыдырбаева Курманга жазган каты турат, анда элинин амандыгын сурап өзү жөнүндө ыр түрүндө жазган: 

      

Токтолбой эле бара жатамын

Барса келбес сапарга

Бара жатат окшоймун?

Алышкандын бир тобун

Ала жатат окшоймун       

Ажалым болсо өлөмүн

Азабым болсо көрөмүн

Ай тоголуп, күн күлсө

Айланып кайра келемин

Калинин шаары 14.04 1942.

Ушундай мааниде жазылган жүздөгөн каттардын ээлеринин көбү Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондор. Каттарды окуп отуруп менин чоң атам да согушка катышып кайтпай калганы эсиме түштү. Азыр ойлосом чоң энем балдары менен өмүрү өткүчө күтсө керек. Мезгил өтөт бирок Улуу Ата Мекендик согуштун кесепеттери муундан-муунга айтылып кылымдар боюу сакталып кала берет. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө документтердин сакталышына архивдин ролу да эң жогору. Архив ар бир элдин эл экендигин, тарыхын тастыктап турган кенч десем жаңылышпайм.

         

 

Мамлекеттик Архив агенттигинин алдындагы

Борбордук мамлекеттик архивдин

документтерди пайдалануу жана

жарыялоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы

Жолдошбекова .Б. Б.

 

Авторизация