Мамлекеттик тил архив тармагында

Мамлекеттик тил архив тармагында

Кыргыз Республикасынын архив тармагы 3 борбордук мамлекеттик архивдерден (Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик, Кыргыз Республикасынын  кинофотофоно документтер борбордук мамлекеттик, Кыргыз Республикасынын саясый документтер борбордук мамлекеттик архивдери) 8 облустук мамлекеттик (Ош облусунда экөө), 52 райондук жана шаардык мамлекеттик архивдерден турат. Архив тармагынын башкаруу органы болуп, учурда Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу архив агенттиги эсептелет. Архив сактоочу жайларында Кыргызстандын XIX кылымдын экинчи жарымынан берки жазылган, сүрөткө, кино тасмага түшүрүлгөн тарыхы камтылган  4 млн. ашык сактоо бирдигиндеги кагаз, 16  миңден ашык кино, 88 миңден ашык фото, 6 миңдей фоно жана 600 видео документтер сакталып турат.

Архив тармагында  көмөкчү жумушчуларды эсепке албаганда 494 адис эмгектенет.

Советтик мезгилде бардык мамлекеттик документтер расмий түзүлүп келгенин билебиз. Ошол себептүү архивде сакталган документтердин басымдуу бөлүгү расмий тилде. Совет мезгилинде архив, анын иш эрежелери, ченемдик-укуктук документтердин бардыгы орус тилинде Москвадан чыгып, архивге иштеген кызматкерлер да Москвадан  даярдалуучу. СССРга кирген мамлекеттердин бардыгы ошол эрежелер менен иштеп өз эрежелерин иштеп чыгуу  муктаждыгы да болгон эмес. Ошондуктан Архив агенттигинде республиканын архив тармагынын өз ченемдик-укуктук документтерин, усулдук колдонмолорду, архивин иш эрежелерин иштеп чыгуу колго алынды. Арийне бул эрежелер мурдагы иш эрежелеринин негизинде, башка мамлекеттердин архивдеринин тажрыйбасын эске алуу менен расмий тилде түзүлүп, мамлекеттик тилге которулду. Натыйжада өткөн эле эки жыл аралыгында өзүбүздүн чакан басмаканабыздан эки тилде “Кыргыз Республикасынын архив мекемелеринин ишин тастыктоочу ченемдик-укуктук жана усулдук документтери” 10  жыйнактары  жарык көрдү. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери”, Уюмдардын архивдеринин негизги иш эрежелери” расмий тилде басылып чыгып, мамлекеттик тилге которулду. Өзүбүздө чыгып жаткан “Мурас” журналы, “Рух кенчи” газетасы  аркылуу бул эрежелердин мамлекеттик тилдеги котормосун кызматкерлерге жеткире алдык,    бирок аларды басып чыгарууга каражат маселеси кедергисин тийгизүүдө.  

Архив боюнча ченемдик-укуктук, усулдук документтерди, эрежелерди которууда, иштеп чыгууда архивдик терминдердин так аталышын камсыз кылуу максатында 2008-жылы “Архив ишинде кездешүүчү айрым аталыштардын орусча-кыргызча сөздүгү” иштелип чыгып, учурда колдонулуп жатат. Сөздүктүн дагы кеңейтилген (толукталган) вариантын даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тил маселеси боюнча республикадагы көйгөйлүү маселелер бизде да бар. Эмнегедир мамлекеттик тилди билбеген бирин эки адистерден уламбы, эне тилинде ой жүгүртө албай калган өзүбүздүн улан-кыздарыбыздан уламбы расмий тилди колдонууга эле ыктай беребиз. Ошого карабастан Агенттикте акыркы жылдары  чыгып жаткан бардык буйруктар, усулдук колдонмолор мамлекеттик жана расмий тилде чыгат. Бардык жыйналыштар мамлекеттик тилде өтөт. Облустардын иш боюнча баяндамалары мамлекеттик тилде алынып, коллегиалдык жыйналыштар мамлекеттик тилде өткөрүлөт. Агенттикте, тармакта деле мамлекеттик тил үчүн атайын бекиген кызматкер жок. Бирок эне тил үчүн күйгөн, аны архив тармагына кеңири колдонулуусуна бардык аракетин жумшап жаткан кызматкерлерге бай. Ал иштердин ана башында  Т.Акматалиев, А.Абдыкаров, сыяктуу аксакалдар, С.Мамытова,  Н.Көчөрбаева сыяктуу эжелер, Б.Самаева, М.Көчөков, Н.Мамбетакунова сыяктуу жетекчилерибиз бар. А.Абдыкаров - Архив агенттигинде,  Т.Акматалиев - Борбордук мамлекеттик архивде, С.Мамытова - Ош шаардык архивинде, Н.Көчөрбаева - Таласта, М.Көчөков - Жалал-Абадда, Н.Мамбетакунова - Чүйдө мамлекетти тилди өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жатышат.

Архив кызматкери “Рух кенчи” газетасынын редактору Ж. Байдилдеев мамлекеттик тилге байланыштуу архивдик материалдарды, анын учурдагы абалын, жер жерлердеги мамлекеттик тилге болгон мамилени такай чагылдырып, коомдо эне тилибиздин кеңири колдонуусуна болгон салымы чоң.

Коомдогу мамлекеттик тилдин абалын байкап мамлекеттик тил катары толук кандуу кызмат өтө албай жаткандыгына мыйзамдардын, колдонмолордун, буйруктардын ж.б. мамлекеттик аппараттардын ишин шарттоочу иш кагаздары расмий тилде түзүлүп, андан кийин кыргыз тилин жакшы билбеген котормочулар аркылуу которулуп, натыйжада же орусча эмес же кыргызча эмес түшүнүксүз документ аткарууга элге таңууланып жатканында болуп жатат окшойт.

Архив агенттиги тарабынан “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” иштелип чыгып, Өкмөттүн 23-июль 2012-ж. № 517 токтому менен бекиген. Арийне, нускаманын долбоорун мамлекеттик тилдеги котормосу менен бергенбиз. Бирок токтом менен бекиген, архив ишинде колдонулуп жаткан терминдердин котормосун көрүп абдан ирээнжип калдык. Мисалы: архивде “архивное дело” деген  термин бар. Бул архивдик документтер тиркелип, көктөлгөн делону (көктөмөнү) түшүндүрөт. Архив тармагында бул терминди “дело” “көктөмө” деп алып, учурда экөө тең колдонулуп жатат. Ушул терминди “иш” деп которулуп, натыйжада нускамада кыргызга түшүнүксүз баш ооруткан сүйлөмдөргө толуп калган. Ошол нускамадагы “Мекеменин иштери алар ачылганда жана жыл аяктагандан кийин таризделүүгө тийиш” “Ишти тариздөө - бул ишти сактоого даярдоо болуп эсептелет”,  “Иштерди түзүү”, “ички тизмелөөнү түзүү” ж.б. сүйлөмдөрдөн кыргыз эмнени түшүнөт. Ошондуктан депутат К. Абдиевдин мыйзамдар, колдонмолор мамлекеттик тилде жазылып, муктаждыгына жараша расмий тилге которулушу тууралуу мыйзам долбоору учурдагы маанилүү маселе деген пикирдебиз.

Дегинкиси эле мамлекеттик тилдин ашмалтайын чыгарып “шылтоого шыноо” издеп жаткан мекендештерибиздин чырагына май куюп жаткан, маанисине эмес, сөзмө-сөз которуп жаткан  ушундай котормочуларыбыз болсо, эчак калыптанып, элге сиңип кеткен сөздөрдү которуп убара болуп жаткан адистерибиз болуп жаткандай. Мисалы самолетту- учак, вертолетту - тик учак, радиону – үн алгы деп которуп эмне азап. Ошондуктан Салижан ага күйүп айткандай “кыргызга оруча айтпасаң эле ишенбейт” да.

Архивчилер “мамлекеттик тилди сыйлайбыз ал үчүн жанымды берем”..,  “орус кызыбыз кыргызча ырдап койду”.., аны жасап койдук, муну жасап койдук деп жар салгандан алыспыз. Биздин түшүнүгүбүздө бул эне тилибиз. Эне тилге дооматыбызды артпай, мактанбай кызмат кылуу ыйык парзыбыз деп түшүнөбүз.

 

 

Марсел Исаков. Архив кызматкери.   

   

 

Авторизация