Китепкана-кыргыз маданият борбору!

«Китепкана-кыргыз маданият борбору!»

(А.Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасына 85-жыл)

                                                                            

Китеп – бул билим булагы, адамзат ойлоп тапкан эң сонун табылга. Китеп окуп жатып, биз өзгөчө ажайып дүйнөгө сүңгүп киребиз, каармандар менен кошо бүйүр кызыткан окуяларга, ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктын кармашына күбө болобуз, кызыктуу саякатка аттанабыз, эркиндиктерге шыктанабыз. Китеп элдин бай мурастарын муундан муундарга өткөрүп берип, бизге ар тараптан күчтүү инсан болууга, эң татаал сыноолордон татыктуу өтүүгө көмөктөшөт. Китеп биздин досубуз, акыл кошчубуз жана жардамчыбыз!  Китеп сүйүүчүлөрдүн ар биринин үйүнөн чакан китепкана көрүүгө болот. Ошондой эле мамлекет ичинен дагы көрүнүктүү китепканаларды кезиктирүүгө болот.

Алардын бири Алыкул Осмонов атындагы  Кыргыз улуттук китепканасы.  Бул китепкана мамлекетибизде башкы китепкана болуп саналат. 1934-жылы Кыргыз АССР ЭКСтин чечиминин негизинде китепкана катары ачылган.  Ал учурда фонд болгону 16миӊ экземпляр болсо, окурмандардын саны 700гө жеткен.  Н.К.Крупскийдин демилгеси менен фондду түзүүгө Советтер Союзунун чоӊ-чоӊ китепканалары өз салымдарын кошкон. Жаӊы түзүлгөн китепканада топтоо жана иштеп чыгуу бөлүмү, окуу залы, китеп сактоочу жай, абонемент жана китепканачынын иш бөлмөсү болгон. 1938-жылы Республикалык китепкананын тарабынан фонддун негизинде эки китепкана уюштурулган. Алар Н.К.Крупская атындагы Борбордук шаардык китепканасы жана мамлекеттик коомдук китепкана болгон. Ал эми 1939-жылы Мамлекеттик коомдук китепканага  Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы боюнча Н.Г.Чернышевскийдин ысымы берилген. Улуу Ата-Мекендик согуш башталган жылдары бул китепканага башка жактан 800дөн ашуун ири томдогу китептер эвакуацияланып, бир гана орус жана кыргыз тилдеринде эмес 85 тилде болгон. Согуштун биринчи жылдарында китепкана иши токтоп калбастан, 3 ооруканада жана 4 аскердик уюмда атайын китепканаларды уюштурууга жетишип, китепканачылар 3000 ашуун окурмандарга кызмат көрсөтүшкөн. Согуш мезгилинде көптөгөн ишканалар, илимий жана маданий мекемелер Кыргызстанга көчүрүлүп келгенден кийин, китепканадагы окурмандардын саны дагы өскөн. Мисалга алсак, согуш башталганга чейин китепканадагы окурмандын саны 250гө жетсе, согуш учурунда 600-700адамды түзгөн. Мындай масштабдуу өсүүдөн улам библиографиялык сурамжылоо бөлүмүн ачууга туура келген. Окурмандардын ишин женилдетүү үчүн 1942-жылы 9миӊден ашуун карточкадан турган картотека түзүлөт. 1960-1970-жылдар арасында Улуттук китепкана жаны имаратка көчүрүлгөн. 1964-1965-жылдарда окурмандардын саны өтө тездик менен өсүп, алар 45845 адамга кызмат көрсөтүшкөн. 1984-жылы Н.Г.Чернышевский атындагы китепканага атайын адистештирилген жаӊы имаратка көчүрүлүп, ага В.И.Лениндин ысымы ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-октябрындагы №486 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы статусун алган. Мамлекеттин башкы китепканасы аталып, улуттук мурастар сакталган.

Кыргызстандагы китепканалардын ишин, кооперация жана координациянын негизги багыттарын өнүктүрүү борбору; китепканалар аралык абонементтин (МБА) улуттук системасынын, эл аралык электрондук камсыздоо-берүүлөрдүн (ЭВА), китепкана ишинде инновациялык технологияларды киргизүү жана улуттук коммуникация тармагын түзүү борбору, ошондой эле Кыргызстандагы бардык китепканалардын илимий-методикалык борбору катары илимий изилдөөчү мекеме болуп эсептелет. Китепкана фондунда 6 млн басылма ж. б. маалыматтык ресурстар бар. Жылына 300 миңге жакын окурмандар тейленип, 1 млн басылма пайдаланууга берилет. Окурмандарды тейлөө менен гана чектелбестен, жыл сайын 700гө жакын маалымдоо-массалык иш-чаралары өткөрүлөт. Китепкана бардык тармактар боюнча басылмаларды берет, библиографиялык суроо-талаптарды аткарат, суроолор боюнча адабияттардын тизмесин түзөт жана актуалдуу электрондук ресурстардан пайдаланууну камсыздайт. Түрдүү тармактар боюнча дифференцияланган 16 окуу залында 1000ден ашык окурмандык орун бар. Орто эсеп менен күн сайын 600дөн 1000ге чейин окурман тейленет. Фонддо 90 тилдеги 6 млнго жакын адабият бар. 2008-жылы китепкана фонду 20 минден ашык китепке толукталып, анын 13 миӊи илимий жана 1 миӊден ашыгы адабий китептер. Мындан тышкары китепканага КМШ мамлекеттеринин илимий чөйрөсүндөгү илимпоздордун диссертацияларынын көчүрмөлөрү жана Россия Федерациясынын мамлекеттик китепканасынын диссертацияларынын электрондук китепканасын колдонууга келишим түзүлгөн. Анын фондунда илимдин ар багыты боюнча 170 миӊден ашык кандидаттык жана доктордук илимий иштер бар.

Жыл сайын китепканага орто эсеп менен 20—25 миң нуска түрдүү басылмалар алынат анын ичинде карта, нота, кол жазмалардын, сейрек кездешүүчү китептердин, сүрөт басылмалардын, диссертациялардын, гезит-журналдардын, патенттик жана нормативдик-техникалык документтердин атайын түрлөрүнүн, укма, көрмө материалдардын ж. б. жыйнактары бар. Маалыматтык иликтөө аппараты 40тан ашык карточкалык жана электрондук формадагы каталогдордон жана картотекалардан турат. Электрондук каталогдор ресурсуна: китептердин электрондук каталогу, мезгилдүү басылмалардын электрондук каталогу, «Кыргызстан» электрондук каталогу, Кыргызстандын китепканаларынын бириктирилген каталогу, чет-тилдердеги адабияттардын электрондук каталогу ж. б. кирет. Китепкананын библиографтары Кыргызстандын улуттук библиографиясын түзүүгө орчундуу салым кошушкан.  Илимий-көмөкчү библиографияда бардыгы 160 миңге жакын документ катталса, анын 38 000ден ашыгы кыргыз тилинде.

Ошондой эле, «Тарых. Археология. Этнография», «Кыргызстандын табигый шарттары жана табигый ресурстары», «Өнөр жай. Транспорт. Байланыш», «Адабият. Искусство», «Айыл чарба» сыяктуу тармактык библиографиялык эмгектер басылып чыккан. 1964-жылдан «Кыргызстан: Дни. Люди. События» жылдык библиографиялык басылмасы чыга баштаган. Орус жана кыргыз тилдериндеги 36 чыгарылышта Кыргызстандын белгилүү даталары, дүйнө элдеринин каада-салттары жөнүндө 1000ден ашык маалымат бар. Жазуучулардын юбилейлерине карата «Токтогул Сатылганов», «Алыкул Осмонов», «Түгөлбай Сыдыкбеков», «Касымалы Баялинов» ж. у. с. көрсөткүчтөр чыгарылган. Китепкана «Кыргызстандын маданий турмушу» маалыматтык дайжестти кыргыз, орус тилдеринде чыгарып турат. Илимий-изилдөө иши улуттук библиографиялык китепкана иштеринин базалык багыты болуп эсептелет. Китепкана үч томдук «История библиотечного дела Киргизии» аттуу документтердин жана материалдардын жыйнагын (1959—70), «Китепканалык иш. Терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн», «Научная жизнь библиотек Кыргызстана» аталган илимий макалалар жыйнагын, ошондой эле «Айтматов ааламы» аттуу эки тилдеги библиографиялык энциклопедия, «Кыргыз китепканасы — Библиотека Кыргызстана» илимий-практикалык журналын чыгарды. И.Раззаковдун 100 жылдыгына карата «Алтынды дат баспайт» аттуу эмгегин окурмандарга тартуулаган.

Китепкана иштерин илимий жактан негиздөөдө уюштуруучу методикалык борбору, жайылтууда китепкананын Басылмалар бөлүмү, Маданият жана агартуу борбору иш алып барат. Юбилейлик даталарга жана окуяларга карата жыл сайын 500дөн ашык массалык-маалымат иш чаралары уюштурулат (семинар, илимий конференция, китеп-сүрөт көргөзмөлөрү ж. б.). Улуттук китепкана өзүнүн ресурстарын жаңы технология аркылуу сактоого, байытууга умтулат.  Акыркы жылдарда китепканада 25 долбоор ишке ашырылып, китепкананын фондуна жаңы адабияттардын келе баштоосуна, техникалык жабдууларын жаңыртууга, китепканалык-маалыматтык процесстерди автоматташтырууга, чет элдик адабияттарга, электрондук маалымат ж. б. интернет дүйнөлүк маалыматтар базасына пайдалануучулардын кирүүсүнө кеңири шарт түзүлдү. Мына ушулардын бардыгы китепкана кызматын жаңы сапаттагы деңгээлге көтөрүүгө, маалыматка жетүүнүн жаңы технологияларын киргизүүгө мүмкүндүк берди.

Улуттук китепкана дүйнөнүн 40тан ашуун ири китепканалары менен кызматташат, анын ичинде Россиянын мамлекеттик китепканасы, Ельцин атындагы Президенттик китепкана, Россия Улуттук китепканасы, Россиянын мамлекеттик илимий-техникалык китепканасы, АКШ Конгрессинин китепканасы, Малайзиянын, Ирандын, Япониянын, Франциянын, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук китепканалары бар.

         Китепкана өнүккөн сайын ар тараптан кызматташууга чет өлкөлүк инвестрлор келе баштаган. Айтса кетсек 2016-жылы Сауд Аравиясынын жардамы 
менен “Сауд Арабиясынын маданият жана билим берүү борбору” ачылган. Араб өкүлдөрү бардыгын өзүлөрү каржылап, кайрадан оӊдоо иштерин 
жүргүзүшкөн. Ошону менен гана чектелеп калбастан,  чоӊдор жана бөбөктөр үчүн араб жана англис тилдеринде 614 китеп, 80 карта жана атластарды, 
57 журнал, 6 диск, ошондой эле жардам катары 60 000$ белекке берилген.
2017-жылы Француз элчилигинин жардамы менен Улуттук китепканада “Франция адабияты” залы ачылган. Франция элчилиги китепкана чоӊдор жана 
бөбөктөр үчүн француз тилинде 4000китеп,400дөн ашык видеофильмдер жана 600 аудио-документтерди тартуулашкан.
КР китеп палатасы Улуттук китепкана фондуна Кыргызстанда басылып жаткан китептерден бир нускадан берип турат. мындан тышкары жеке авторлор 
да китепканага эмгектерин белек кылган учурлар да бар.
XX кылымдын 60-жылдарында Батыш Европада маданияттын өнүгүүсүнө, маданий мекемелердин (китепкана, музей) санынын көбөйгөндүгүнө карабастан 
адамдарда ар кандай себептерден улам көңүл коштук, кенебестик пайда болуп, китепкана, музейлерге баргысы келбей, жыйынтыгында интеллектуалдык көрөңгө, 
окуу маданияты кандайдыр бир деңгээлде төмөндөп кеткен эле.
Ушул эле көрүнүш 40-50 жылдан кийин КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда болуп жатат. Мындан улам китепти окубоо көрүнүшү мамлекеттин 
социалдык-экономикалык абалына жараша жана техниканын өнүгүүсүнө байланыштуу деген ой келет. Китепканаларда канчалаган китептер ачылбай чаӊ басып турат. 
Техниканын артынан чуркабай, аз да болсо жан дүйнөбүздү байытып китеп окуп турууга чакырам!