Күүлөргө төгүлгөн өмүр –Токтогул Сатылганов

“Күүлөргө төгүлгөн өмүр –Токтогул Сатылганов”

 

Атка салган дилдейсиӊ,

Ачылган кызыл гүлдөйсүӊ.

Бир күнү оору, бир күн соо

Алымкан, азабыӊ тартсам билбейсиӊ.

                            

Ооба, бул ыр саптары торгой акын, өмүрү легендага айланган демократ акын, чебер комузчу жана улуу ойчул Токтогул Сатылгановго таандык. Ойчул, акылман, комузчу, элдик композитор Токтогул Сатылганов 1864-жылы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында карапайым үй-бүлөдө  туулган. Токтогулдун таланты толугу менен ата-энесинен өткөн. Себеби, атасы Сатылган, апасы Бурма алар дагы убагында таланттуу адамдардан болушкан.Төкмө акын жокчулуктун азабын жон териси менен тартып, 13 жашынан байларга малай болгон. Малай болуп жүргөн кезде эле ар кандай байлардын акындары менен айтыша кетчү. Ошондой күндөрдүн биринде бир байдын Арзымат деген акыны менен айтышка чыгып, аны жеӊип алат. Ошол кездеги салт боюнча ар бир болуш-бийдин жан-жөөкөрлөрүнүн катарында аны мактап, эл чогулган жерде жар салып турган ырчысы болгон. Токтогулдун талантына тамшанган далай бай-манаптар аны өзүнө ырчы кылгысы келген деп айтылат элде. Бирок Токтогул эч кимисине баш берген эмес. Аларга башын ийип жагынып, же алардын кокту толгон малын, сандыгы толгон дүнүйөсүн мактап ырдап кошоматтык кылган эмес. Таланты жана чынчылдыгы менен элге таанылып, кеп-сөзгө алынып калат. Ал кыргыз жергесин кыдыра баштап, элдин ой-санаасын, мүдөөсүн ырга кошуп айта баштаган. Токтогул көбүнчө ошол учурдагы теӊсиздик тууралуу көп чыгармаларды жараткан.

1884-жылы үй-бүлө күтүп, Топчубай аттуу уулдуу болот. Уулу төрөлгөн соң акын энесинин туугандарынын айылы Ийри-Суу деген жерге көчүп кетет. Токтогул жалпы эле кыргыз  өнөрпоз-ырчылары менен жомокчулар, комузчулар менен кыякчылар баштан өткөрүп келаткан күндү көрүп, ошол социалдык шарт, чыгармачылык чөйрөдө жашап, кеңири таанылып калган маалда турмушунда кескин өзгөрүшкө  туш болот.  Анын бай манаптарды мактап-жактап, кошоматчылык кылып ырдабаганы сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына себеп болгон.

1898-ж. 17–18-майда Анжиян шаарында падыша аскеринин эки ротадан турган гарнизонуна кол салган Мадали эшен баштаган каапырларга каршы козголоңдо Токтогул кармалып (11-июнга оогон түнү), 3-августта согуштук талаа соту соттоп, өлүм жазасына өкүм чыгарган. Бирок,кандайдыр бир себептер менен ал жети жылдык сүргүнгө  алмаштырылган. Бул учур Токтогулдун  өмүр жолундагы эң  эле азаптуу жылдар болот.

Токтогул ал жерден өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо орус ырларын да чертип, өзүнө окшоп эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. Айыпсыз түрмөгө түшүп, тууган эне, жаш перзент, ынак жар, эл-жерден бөлүнүп, айдоодо бараткан учуру өзүнчө бир ырлардын циклин түзөт («Кош, апаке!», «Кош, элим!», «Айдалып жөнөгөндө», «Азапка түштү  өмүрүм»). Сибирде  өткөргөн кайгылуу күндөрү дагы бир аз башкачараак ырлардын топтомун жаратат. Ошондой эле  сагыныч, кусалык, эңсөө мотивдерин камтыган дагы чыгармаларды жараткан. Мисалга алсак «Аман кетээр күн бардыр», «Элиме качан жетемин», «Туткундагы арман», «Туткунда жүргөндө» жана башкалар. Түрмөдөн качып келгенде «Качып келе жатканда», «Көчөдө  өлчү  күнүмбү?»! «Жерди көргөндө», «Кетмен-Төбөнү көргөндө», «Эңсеген элим аманбы?», «Атакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын циклин түзөт.

Токтогул Иркутскинин түрмөсүндө жети жылдай жатат. Бир нече жолку аракеттен кийин ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап бир топ жыл дегенде өз мекенине жетет. Жолдо казак жеринде эле Токтогул деген атты уккан карапайым эл анын курсагын тойгузуп, колунан келгени атын миңгизип, жардам кылат. Токтогул болсо ошентип, өз мекенине жөнөйт.  Бирок кыйынчылык менен эптеп элине жеткен Токтогулду үйүндө да кайгы күтүп алат. Кичинекей уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка менен турмуш куруп кетет. Аны эки көзү тең күйүттөн көрбөй, жаман алачыкта жалгыз калган энеси тосуп алат. Бирок эрки күчтүү, кайраттуу, сабырын колдон чыгарбаган Токтогул баарына туруштук берет. Элине, жашоого, чыгармачылыкка  болгон сүйүүсү жеңип чыгат.

Кыйынчылыктын кыйын күндөрүн баштан кечирген Токтогул Сатылганов 1908-1910-жылдар аралыгында өз жерине кайтып келген. Ал Сасык-Жийде айылындагы эки бөлмөлүү чакан үйдө өмүрүнүн аягына чейин күн өткөргөн. 1922-жылдары экинчи жолу түтүн булатып, өзүнөн 19 жашка кичүү Сейдимканга баш кошкон. Бул түгөйлөр 1925-жылы Гүлсара, 1928-жылы Бабажан аттуу балалуу болушкан.

Өз заманынын аӊ-сезимдүү, кыраакы, тереӊ ой жүгүртө билген инсаны катары Токтогул элдин кайгы-муӊ, ой-санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу “Беш каман” аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөстөн беш бир тууганды сынга алган.

Ошондой эле  "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал" сыяктуу лирикалык ырлары, жакшы жүрүм-турум, улуу-кичүүнү сыйлоо сыяктуу таалим-тарбиялык маанидеги "Үлгү ыры" сыяктуу санат, насыят ырлары эл оозунда калган. Айтылуу "Алымканды" да Токтогул жараткан. Айылдын сулуусу, ажарлуу Алымканга болгон акындын аруу сезими, экөөнүн тең күйүттүү тагдыры тууралуу 1965-жылы да көркөм тасма тартылган.

 Көп ырларында акын жашоонун баркы, чыныгы бийик мамилелер, чыныгы сезимдер жөнүндө ой толгоп, эмгек, ынтымак, адамгерчилик сапаттарды сыпаттайт. 

Мисалы:

Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың?

Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың? 

Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың?

Аз дүйнөнү жаман деп, көптү кайдан табасың? 

деп акын элди ынтымакка, колдо барды барктоого, токпейилдикке чакырат.