Көп кырдуу талант-Сүймөнкул!

«Көп кырдуу талант-Сүймөнкул!»

 

Жүзүнөн, жүрөгүнөн жанган нуру,
Жан элең, күндөй жаркын, гүлдөй сулуу.
Кыт болуп уюгансып көңүлдөргө,
Кыргыздын кыйын чыкма Сүймөнкулу!

(Э.Ибраев)

Ооба, бул ыр саптары Кыргыз элинин сүймөнчүлүгү, актер, сүрөтчү, СССРдин эл артисти, Кыргыз эл сүрөтчүсү, Жогорку Советтин депутаты, көптөгөн Эл аралык, Бүткүл союздук, Республикалык сыйлыктардын, баш байгелердин ээси Сүймөнкул Чокморовго арналган. Аз убакыт жашаса дагы артында көптөгөн ийгиликтери эмгектери калып, элдин уулуна айланды.

Ал 1939-жылдын 9-ноябрында Кыргыз ССРинин Чүй өрөөнүндөгү Аламедин районунун Чоӊ-Таш айылында туулган. Төрөлгөндө эле бир бөйрөгү жок болуп төрөлүп(поликистоз), өмүрүнүн аягына чейин оору менен күрөшүп, көп  операцияны өткөргөн. Ооруйм деп өзүн таштап салбастан, денесине ар кандай көнүгүүлөрдү жасап турган. Бир кездерде анын буту дагы баспай калган учурлар болгон. Бирок, ал тагдырга баш ийип бербестен, басууга бүт күчүн жумшап, жыйынтыгында иш оӊунан чыгып кайрадан басып кеткен. Ал эле эмес биринчи класста окуп жатканда, спорттун чебери наамын алган.

  Сүймөнкул 6 жашында эле мектеп босогосун аттаган. 1949-жылы башталгыч мектебин бүтүрүп, 1949-1950-жылы Кемин районуна караштуу Боролдой кыргыз мектебинде окуду. 1950-жылы ооруусуна байланыштуу бир жыл мектепке барган эмес. Фрунзедеги байкеси Намырбектин үйүндө жашап,  ошол жерден сүрөткө болгон кызыгуу пайда болгон. Анын биринчи сүрөт мугалими болуп байкеси Намырбек эсептелет. 1951-жылы Фрунзедеги №5 кыргыз орто мектебинде окуп, тез эле “мыкты мектеп сүрөтчүсү” наамына татыйт. 1958-жылы Бишкек көркөм сүрөт училищасын бүтүп,  Ленинград шаарындагы И.С.Репин атындагы сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун живопись факультетинде окуп, 1964-жылы институтту бүтүргөн. Окууну бүтөөрү менен  Чокморов Фрунзе шаарындагы көркөм сүрөт училищасында мугалим болуп иштеп калган.  

Сүрөтчү катары Сүймөнкул Чокморов пейзаждарды, натюрмортторду тарткан, бирок портрет искусствосуна өзгөчө кызыгуу менен карачу. Анын моделдери негизинен чыгармачыл адамдар болгон. Сүймөнкул белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн, ошондой эле актер С.Жумадыловдун, Кыргыз ССРинин эл артисти  А.Жанкорозованын да сүрөттөрүн жараткан. Өзгөчө көӊүл жана жылуулук менен “Апа” жана “Менин балам” образдары сүрөтчүнүн колунан жаралган. Чокморовдун чыгармачылыгындагы эӊ маанилүүсү , бул чет өлкөлөрдөгү атактуу кино ишмерлери менен кезигүүсү болгон. Япон жергесиндеги кино-искусствосунун чеберлери менен болгон кезигүүсүндө, япон кинорежиссеру Акира Куросава жана актер Тосиро Мифуненин, итальялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тарткан.   Сүймөнкул Чокморовдун артында 400дөй живопись эмгектери жана 20 фильмде жараткан эң мыкты образдарды калган. Анын негизги сүрөт чыгармалары Кыргыз Мамлекеттик искусство жана сүрөт музейинде сакталган.

Сүймөнкул өзүн актер катары 1967-жылы сынап көргөн. Анын биринчи роль жараткан тасма кинорежиссер Б.Шамшиевдин “Караш-Караш окуясы” киносунда башкы каарман Бактыгулдун ролун жараткан. Сүймөнкул Чокморов буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан Бактыгулдун ролун такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойногон.  

Андан соӊ “Жамийла” тасмасында Даниярдын, “Мен Тянь-Шань” киносунда Байтемирдин, “Кызыл алмада” Темирдин ролун жана башка көптөгөн тасмаларда башкы каармандарды ойноп келген.