«Маданият бутагы-театр»

Куурчак театры

(М.Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрынын 80 жылдыгына карата)

 

 

                              

Кыргыз эли байыртадан искусствого жакын болгондуктан, улам бир чыгармадан экинчи чыгарманы тандап ар бир адамдын жүрөгүнөн орун алып театр менен жашап келишет. Театр-бул адамзаттын искусствого болгон кызыгуусу деп айтар элем.

Театр! Ушул сөздү айтуунун өзү эле кандай кымбат. Театр бири-бирин кайталабаган таланттуулардын өлкөсү. Артист, режиссер, сүрөтчү, гример жада калса кийим кийинүүсүнөн бери адам көңүлүн өстүрүп, ак менен караны таануучу айкөлдүккө, гумандуулукка, боорукерликке ал тургай турмушту түбөлүккө сүйүүгө үйрөткөн искусство. Ошол себептен театрдын артыкчылыгы жандуу исскуство деп аталат.

Кандай окуя болбосун, ар бир мамлекеттин иш жүрөбү же болбосо окуя болобу, өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан иштери болобу, баары тарыхта калат. Өлкөбүздүн тарыхы, маданий, илимий же саясат болобу Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинде сакталып келет. Ошол документтердин арасында Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын тарыхы да бирден-бир орунду ээлейт.

Архив документтерин барактап, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын тарыхын кыскача айтып кетсек.

  Байыркы убакта эле кичинекей балдар ар кандай оюн-зоок көрсөтүүлөрдү жакшы көрүп, аларды көрүүгө шашылышчу. Балдарды гана эмес чоң адамдарды дагы өзүнө тартып турган алгачкы көрсөтүүлөрдүн бири болуп “Так-Теке”көрсөтүүсү эсептелинет. Кыргызстанда куурчак театры ачыла элек кезде эл алдына ар кандай оюн-зоокторду тартуулап келишкен.

Кыргызстанда куурчак театры 1938-жылы сентябрь айында түзүлгөн. Театр ачылганда алгачкылардан болуп Адамкалый Байбатыров эмгектенген. Ошондой эле театрды түзүүдө М.П.Волкованын салымы зор. М.П.Волкова театрдын көркөм жетекчиси, режиссер жана артисткасы болгон. Балдар үчүн пьесаларды жаратып, спектакльдарда ар кандай рольдорду ойноого да  жетишчү. Театрда алгачкылардан болуп Найденованын “Түлкү эжеке” деген  спектакли коюлган. Бул спектакль балдар үчүн жана театр сүйүүчүлөрүнө чоң белек болуп саналган. Ал эми кыргыз авторлорунун ичинен эң алгачкы спектакль болуп, режиссер О.Сарбагышевдин “Зарлык жана Дөө”жомогу саналат. 1939-жылдын сентябрь айынан баштап 1940-жылдын июль айына чейин театрда куурчак ойното турган артисттердин тобу болгон эмес. Бир жыл бою театр ар кайсы артисттерди чакырып жарым айлык менен иштетип турган. Ошол мезгилде театрдын репертуарында “Түлкү эжеке” спектаклинен башка С.Я.Маршактын ырларынын негизинде түзүлгөн “Мурутчан ала мышык” аттуу концерттик программа гана болгон.Чыгармачылык жактан жаңыдан телчигип келе жаткан театрдын чыгармачылык ишин андан ары да чыңдоо үчүн атайын Ленинграддан театралдык билими бар профессионал ишмерлер чакырылган. Алар көп жылдык режиссуралык тажрыйбасы бар В.Бабаджан менен А.Анчарова эле. А.Анчарова 1940-жылы Л.Браусевичтин “Самурайлар тайгага кантип барышкан?” аттуу пьесасын койгон. Бул чыгарма Ыраакы чыгыш элинин “Феодор мерген жана япондуктар” аттуу жомогунун негизинде жазылып, Ыраакы Чыгышты коргоо жөнүндөгү Кызыл Армиянын каармандык күрөшүн баяндаган. Акырындап театр куурчак ойнотуунун техникасын билген профессионал артисттер менен толуктала баштады. Евгения Семеновна Полоцкая, Антонина Алексеевна Вовчек, Лидия Тихоновна Демина, Екатерина Эдуардовна Анчарова, Анастасия Степановна Усольцева сыяктуу артисттер жаш театрдын калыптанышына жана чыгармачылык өсүү жолуна күжүрмөн эмгек көрсөтүшкөн.

1940-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы искусство боюнча башкармасынын чечими боюнча куурчак театрына Пушкин көчөсүнөн 80 орундуктуу оюн көрө турган залы бар имарат берилет. Театрдын жетекчилери ошол эле имараттан театралдык устакана ачышкан. Коллектив эми мурдагыга караганда көрөрмандар менен пландуу иш алып барууга мүмкүнчүлүк алат.

1941-жылы согуш башталган мезгилде башкалар сыяктуу театр дагы кол куушуруп отурбастан “Бардыгы согуш үчүн, бардык күч душманды жеңүү үчүн!” деген ураан менен гастролдоп спектаклдерди коюшуп, концерттерди беришкен. Андан  тышкары түшкөн акчаларды жоокерлерди жабдууга, азыктандырууга үзгүлтүксүз жиберип турушат.

1945-жылы театрга режиссер жана драматург Виктор Александрович Швембергер келген. Ал келип куурчак театрынын жаңы кыргыз труппасын түзөт. Анын келиши менен театрда актерлордун жардамы менен көптөгөн жумуштар жасалган. В.А.Швембергер актердук чеберчиликти өнүктүрүү максатында атайын актерлор үчүн окууларды уюштурду. Убакыттын өтүшү менен куурчак театрынын денгээли алда канча өстү.

В.А.Швембергер К.Эшмамбетов менен биргеликте “Ак аркар”пьесасын биргеликте жазышкан. “Ак аркар” пьесасын кыргыз тилинде көрөрмандарга тартуулаганда, элдин сүймөнчүлүгүнө татып азыркы учурга чейин сахнадан түшпөй келет.

1948-жылы театрдын 10 жылдык юбилейине байланыштуу, куурчак театр өнөрүн өнүктүрүүдө көрсөткөн жемиштүү иши үчүн В.А.Швембергерге Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери деген ардак наам берилет. Ушул юбилейлик жылы театрга Кыргыз ССР Министрлер Советинин чечими менен Республикалык куурчак театрына мурдагы Кыргыз Мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы филормониясынын 150 орундуу эски имараты берилет.

1957-жылдан баштап Касеин Асаналиевич Саскеев кыргыздын улуттук куурчак өнөрүнүн чыйырын салган Адамкалый Байбатыровдун ишин улантып, республикалык куурчак театрында режиссер болуп иштей баштайт. Бул болсо куурчак театрында иштеген биринчи кыргыз куурчак режиссеру эле. А.Саскеев режиссер болуп турган кезде көптөгөн тарбиялык жактан мааниси бар, патриоттук пьесалар сахнага коюлган. Ал куурчак театр өнөрүнүн калыптанышына жана өсүшүнө олуттуу салым кошот.

Республикалык куурчак театрынын 1967-1968-жылдардагы театралдык сезону ийгиликтүү чыгармачылык эмгектин этабы болду. Кыргызстанда гана эмес башка,Казакстан, Өзбекстан,Таджикистан, Туркменистан,Никарагуа Республикасы,Алжир  жана башка өлкөлөргө дагы эмгектерин көргөзө баштады. 1969-жылы театр биринчи жолу Ташкент шаарында өткөн Орто Азия жана Казакстан республикаларынын куурчак театрларынын I фестивалына катышып, ал жактан “Эр Төштүк” аттуу спектакли менен I даражадагы диплом жана баалуу сыйлыкка татыктуу болгон. Ушул эле фестиваль 1975-жылы Фрунзе шаарында өткөрүлүп, театр кыска убакыттын ичинде профессионалдык жана чыгармачылык деңгээлинин өсүп-өнүгүшүнө айкын далили болду. 1976-жылы Москвада Дүйнөлүк куурчак театрларынын ишмерлер союзунун (УНИМА)ΧII конгресси жана куурчак театрларынын Бүткүл дүйнөлүк фестивалы болуп өттү. Бул фестивалга жалпысынан 21 куурчак театры катышкан. Алардын ичинен Кыргызстан бүткүл Орто Азия жана Казакстандын куурчак театрларынын атынан катышты. Ошондой эле азыркы күнгө чейин куурчак театры чет өлкөлүк кароо сынактарга катышып байгелүү орундарды ээлеп келет.

 

                                           

 

Ар бир куурчакты сүйлөтүп, ага жан берген сахнанын артында таланттуу артисттер бар. Ал адамдар айлык маянанын аздыгына карабай, өз убактыларын бөлүп, бөбөктөр үчүн иштеп келет. Труппада болгону 30 адам эмгектенет. Алардын 15и кыргыз тилинде 15и орус тилинде спектакль, жомокторду тартуулоодо. Театрга кадрлардын жетишпегенин билдирбестен, артисттер баардык жумуштарды өзүлөрү жасап келет. Артисттер спектакль коюп жаткан учурда, сүрөтчү куурчактын эскизин даярдап, аны көркөм кеңешке өткөрөт. Качан гана көркөм кеңеш куурчакты жактырса,анан куурчакты сахнага алып чыгып, жан киргизишет. Бир куурчак жок эле дегенде 16 кг түзөт. Куурчакты өйдө кармап туруу өтө оор болгондуктан, көптөгөн артисттердин ден соолугуна залакасы тийүүдө. Ошондой эле, театрга режиссерлор дагы жетишпей келет. Чет өлкөлүк режиссерлорго сунуштарды киргизишкен, бирок алар театрдын айлык маянасына көнбөй, иштешүүдөн баш тартып келишет. Театрда артисттер дагы бат-баттан алмашып турат. Алардын негизги себеби болуп, айлык маянанын жетишпегени эсептелинет. Өз кесибин сүйүп, ага берилгендери гана азыркы күнгө чейин бөбөктөргө жагымдуу маанай тартуулашууда. Көп жылдан бери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эркин Шыкматова жана актриса Рабига Качкынова эмгектенип келишет.

Театрдын 20 жылдык өмүрүн маданиятка эмгеги сиңген ишмер, эл аралык куурчак театрлар Ассоциациясынын мүчөсү Кубанычбек Алиев жетектеп келген. Азыркы учурда куурчак театры Сатылган Сазаевдин башкармалыгы астында.

Бүгүнкү күндө куурчак театрынын сахнасын ар улуттун жомоктору ээлеп, өз көрөрмандарына жагымдуу маанай тартуулап келет. Спектаклдер кыргыз тилинде гана эмес, орус тилинде дагы коюлуп, өзүнө көптөгөн күйөрмандарды чогултууда. Спектаклдер бир гана  театрда гана эмес ар кайсы балдар үйлөрүнө,бала бакчаларга дагы коюлуп келет.

 

 

                                                

 

 

 

Даярдаган: Топтоо, илимий-маалыматчыл аппараты жана

документтерди пайдалануу бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти

Максатбек кызы Мырзайым.

 

Авторизация