«Ак илбирстин тукуму!» Т.Океевге 85жыл

«Ак илбирстин тукуму!»

ежиссер Т.Океевге  85жыл )

 

Биздин кинобуз профессионал адабиятыбыздан, музыкабыздан, сүрөт өнөрүбүздөн кыйла кечирээк жаралса да, тез арада алдыга кескин суурулуп чыкпадыбы. Менимче, кыргыз киносунун көкөлөп калкыбыздын арасынан чыгармачылык дээри ашкан мыкты, кинематографияга кесиптик камылгасы бардык жагынан шайма-шай өнөрчүлөрдүн өз убагында чыгып калышына түздөн-түз байланыштуу.  Убагында кино тармагында өзгөчө эмгекти калтырып, артында унутулгус из калтырган режиссерлордун бири Төлөмүш Океевдин ысымы оозго уруна калат.

Табият Төлөмүштү адамдык жөндөм, чыгармачылык кудурет, мээнеткечтик сапат жагынан дегеле таарынткан эмес, баарын жоомарттык менен жалгыз башына ыйгарып салган.  Жаратылыштан художник болмоюнча көркөм чыгармачылыктын бир салаасында ийгиликтүү иштеп, ойдогудай кадыр-барк таап кетиш кыйын.  Турмуштук тажрыйбасына, эстетикалык маалыматына, көргөн-билген таасирлерине таянып кыялында өзүнчө көркөм дүйнөлөрдү жасай алса гана адам баласы берекелүү чыгармачылыкка толук жарамдуу болот. Т.Океевдин  кыялы дайыма чыгармачылык козголуу же эргүү абалында жүрөт, ошол себептен андан оригиналдуу көркөм идеялар, образдар, деталдар, сюжеттер фонтандай оргуштап атылып турат. Төлөмүш Океев айтып жүргөн “оозеки сценарийлер” динамикалуу окуясы, элестүү эпизоддору, жандуу образдары, поэтикалуу концепциясы менен угуп жаткан адамды дароо өзүнө имерип, байкатпай толкундатып таштаган.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, замандын залкар кинорежиссеру Төлөмүш Океев “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, "Көк серек", “Кызыл алма”, “Алтын күз”, “Ак илбирстин тукуму” деген тасмалары менен кыргызды дүйнөгө таанытканын, элдин бактысына бүткөн таланттуу инсан 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген.  Тоолук жигит 8-класска чейин айылдык мектепте окуп, андан соң Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 мектеп-интернатында окуп калат. Төлөмүш ага балалыгы тууралуу мындайча эскерет: “Мына, элүү жашка чыктым. Жөнөкөй арифметика менен алганда 600 ай, 18 000 күн, 432 000 саат… Бул убакытта эмнелер гана болгон жок. Кыялдануу, өкүнүч, жеңиш, жеңилүү… Менин оюмча, эң бактылуу кез – балалык, энеңдин мээрими, атаңдын насааты, жылкынын дүбүртү, комуздун күүсү, манасчылардын дастаны…

Мен боз үйдө төрөлгөм. Көп жерлерди кыдырдым. Бирок балалыгымдын ошол элестериндей жылуу сезимди эч жерден таппадым”.

Боз үйдө төрөлүп, жайлоодо өскөн Т.Океев Орто мектепти бүткөн соң Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинде окуп, үн режиссёр адистигине ээ болот. 1958-жылы ал жакты бүтүргөндөн кийин Фрунзеге келип, алгач үн инженери, андан кийин үн оператору болуп иштеп баштаган. Барган сайын киного ышкысы артып, 1964-жылы кайрадан окуу үчүн  Москвага келет. Ал эӊ биринчи     1966-жылы “Бул жылкылар” аттуу кыска метраждуу тасмасын жараткан. Биринчи тарткан эмгегинде эле ал жөндөмдүү режиссер, башкаларга окшобогон өзүнө таандык чыгармачылык өзгөчөлүгү бар сүрөткер катары көргөзө алган. Анын даректүү тасмаларынан баштап, бардык толук метраждуу кинолору Африка, Азия, АКШ, Европадагы эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга татыктуу болгон.

Т.Океев туулуп өскөн Ысык-Көлдүн жээгиндеги айыл маданий борбордон алыс жайгашкандыктан, жаш кезинен театр, классикалык музыка, живопись сыяктуу өзү теӊдүү балдар билгенди билүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал убагында атактуу манасчылардын айтканын, комузчулардын комузда кол ойнотконун, элдик жомокчулардын өнөрлөрүн көрүп угуп, ырахат алчу.  Ал баардык кинолоруна кыргыз маданиятынын ар кайсы тармактарынан кичине болсо да үзүндү кошуп кетчү.  

Ал кино менен эле катар 1989-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты катары Москвада Коммунисттик партиянын Кремлдеги курултайында мамлекет башындагы дөө-шааларды, эл депутаттарын элге чындыкты айтууга, калп айтпоого үндөгөн.

Алдыда абдан оор иштер турат. Негизинен элге жашоонун чындыгын жеткирүү керек. Калп айтпай, коркоктук кылбай, элге ак дилинен берилип, туулган Жер энени сүйүп, керек болсо ал үчүн жанды берүүгө даяр болуш керек,- деп Төлөмүш Океев белгилүү жазуучу Александр Твордовскийдин чыгармасындагы каарман Василий Теркиндин сөзү аркылуу өзүнүн жеке пикирин билдирген.

Айтылуу кинорежиссер жана коомдук ишмер Төлөмүш Океев 1993-жылдын 9-апрелинде Кыргызстандын Түркия Республикасына толук ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалып, гиперинфляция жана каатчылыктан кабыргасы кайышкан интеллегенция үчүн анын элчилик кызматка кетиши кыргыз киносунун акыры катары кабыл алынган.

Т.Океев өтө шайыр, тубаса куудул адам болгон. Санаалаштары аны “өлгөн кишини дагы күлдүрөт” деп тамашалап калышчу.  Кинолору
өз эли-жеринде гана атак-даңкка ээ болбостон дүнөлүк кино дүйнөсүндө да өз ордун тапкан. Анын биринчи жемиштүү эмгеги  “Бакайдын жайыты” кинотасмасы болгон. Фильм дүйнөлүк 100 мыкты кинонун катарына кирген. Режиссердун кдээрлик бардык тасмаларында кыргыз руху даңкталып, кыргыз жыттанып турган.

Анын кыргыз маданиятына кошкон зор эмгеги үчүн Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгынын ээси жана Кыргызстан Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Эл аралык конкурстардын жана кинофестивалдардын лауреаты, Польшанын жана Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССРдин эл артисти болгон.

Режиссер мекени үчүн күйгөн өтө патриот адам эле. Ал “Маданиятка көңүл бурбаган мамлекеттин келечеги жок” деп каңырыгы түтөп, мекенине батпай кыргыздын уул-кыздары дүйнө кезип тентип жүрүшкөнүнө кейиген күндөрү болгон.

Режиссер жубайы Жумаш Өмүрова менен Ленинградда таанышып, баш кошушкан. Азыркы учурда эки кыз бир уулу бар. Улуу кызы Азиза Океева атасынын атындагы фондду түзүп, атасынын атын өчүрбөй келет.

Өлүм баарыбыздын башыбызга келет эмеспи. Ошондой Төлөмүш Океев 66 жаш курагында, 2001-жылы 18-декабрда жүрөк оорусунан Анкарада каза болуп, сөөгү 21-декабрда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

2002-жылы 17-ноябрда “Кыргыз-фильм” киностудиясына Т.Океевдин ысымы ыйгарылган.

Залкар Төлөмүш Океевдин мекенчилдиги, адамдык сапаттары, өмүр жолу тууралуу көлөмдүү роман, драма жаралышы керек эле. Анын эмгектери терең изилденип, кийинки муундарга калтырылышы абзел экендигин эч ким тана албайт.

Ошондуктан окурман кыргыз болуп туруп, кыргыздан чыккан кыйын таланттарды билбей коюу биз үчүн уяттуу нерсе. Маданият жылдызы Т.Океевди унутуп калбастан, кимдир бироо ал жөнүндө сураса “Билбейм” деп унчукпай калбайлы. Ал жонундо аз да болсо маалымат алып, эсибизде түйө жүрөлү.