Эгемендүүлүкту түптөөдөгү легендарлуу парламенттин ролу

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эӊ маанилүү окуя болуп, кылымдап кыялданган улуу кыргыз элинин тилеги экендиги талашсыз. Эгемендүүлүктүн алдында Кыргыз ССРинин  Жогорку советинин сессиясында суверенитет, конституцияга өзгөртүү киргизүү, улуттук армияны түзүү, жер-жерлердин аталыштарын өзгөртүү, облустарды түзүү жана кайра калыбына келтирүү, рынок экономикасына өтүү  ж.б. маселелер каралып, талкууланган. Бул макалада Нарын облусунан шайланган эл өкүлдөрү ошол мезгилде Нарын облусунда кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы, жашоодогу катаал шарттары, облусту кайра түзүү боюнча сунуштарды, көйгөйлүү маселелерди сессияда көтөрүп чыккандыгын архивдик документтерди пайдалануу менен архивдик материалдарга жараша өзгөртүүсүз берилди.

 

Тарыхый баалуу документ

Нарын облустук мамлекеттик  архивинде  облусубуздан чыккан коомдук көрүнүктүү ишмерлердин өздүк фонддору сакталып турат. Ушундай коомдук ишмерлердин арасында Кыргыз ССРинин эмгек синирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу – Чолпонбаев Жапардын дагы өздүк фонду бар. Ж.Чолпонбаев 52 жыл мугалим гана болуп иштебестен адабият, искусство ишине көп кайрылып жаш балдар үчүн бир топ чыгармаларды жазган жана ошол эле мезгилде согуш темасына  дагы кайрылган.Төмөндө Ж.Чолпонбаевдин 1968-жылы Ала-Тоо журналынын №10 санына жарыяланган Ак-Эдил поэмасынан кыскача  үзүндү келтирейин.Ак-Эдил поэмасы согуш мезгилинде жазылган.

 

Ушла из жизни директор Иссык-Кульского областного госархива Сейдиматова Чынара Молдосановна

23 июля 2021 года на 62 году ушла из жизни директор Иссык-Кульского областного госархива Сейдиматова Чынара Молдосановна. Память о скромном, добром человеке будет всегда храниться в наших сердцах...Чынара Молдосановна родилась в 1959 году в г. Пржевальске. В 1981 году с отличием окончила Пржевальский государственный педагогический институт. В архивной системе начала работать с 1985 года старшим инспектором архивного отдела Иссык-Кульского облисполкома. В 1993 году была назначена начальником Управления архивами и документацией при Иссык-Кульской облгосадминистрации. С 2006 года по настоящее время - директор Иссык-Кульского облгосархива. Инициатор создания общественного объединения «Страницы истории», целью которого является сохранение историко-культурного наследия. Редактор 3 сборников архивных документов: «Х. Карасаев Кылым жана инсан», «История архивного дела Иссык-Кульской области 1926-2006гг.», «Иссыккульцы в годы Великой Отечественной войны 1941-1945гг.», «Справочника-путеводителя Иссык-Кульского областного государственного архива».

 

ЦГА КФФД КР разместил на youtube-канале документальный фильм о независимости Кыргызстана

Центральный государственный архив кинофонофотодокументов КР разместил на youtube-канале документальный фильм о независимости Кыргызстана «На крутых перевалах истории». Независимый Кыргызстан прошагал 30 лет, и нельзя сказать, что путь был легким. Что принес республике каждый год, какие события происходили, какие люди влияли на ход истории, в чем страна выиграла, а в чем проиграла? И наконец, куда идет Кыргызстан? Обо всем этом повествуется в фильме «На крутых перевалах истории». Кинолента подробно повествует о каждом годе независимости. Конечно, не все события были освещены, но выделены самые важные…

 

Жумгал райондук мамлекеттик архивинин курулушун баштоо боюнча капсула салуу аземи

Жумгал райондук мамлекеттик архивинин имараты 1950-жылдары саман кирпич менен эч кандай фундаменти жок эле курулган эски имарат болгондуктан жана бир дагы жолу капиталдык ремонттон өткөрүлбөгөндүктөн, жараксыз (авариялык) абалга келип, документтерди сактоо талаптарына жооп бербей калган. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-январындагы №27-Р тескемеси менен Жумгал районуна жаңы архив имаратын 15 000 000 (Он беш миллион) сомго куруу үчүн Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин тизмесине киргизилип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы архив агенттигинин 2018-жылдын 26-февралында бекитилген иш планынын негизинде аткарылышы такай көзөмөлгө алынган.

 

«Элегиянын султаны!» Обончу, композитор коомдук ишмер Түгөлбай Казаковго 70 жыл!

Кыргыздын атын алыска, даңкын далайга чыгарган инсандарыбыз аз эмес. Кыргыз эли байыртадан эле талантка бай калк. Деги койчу ырчы десең ырчысы, комузчусу, актеру, суротчусу, акыны, жазуучусу жана башка көптөгөн таланттуу инсандарыбыз арбын.  Дал ошондой таланттардын бири обончу, композитор жана коомдук ишмер Түгөлбай Казаков быйыл 70 жылдык юбилейин белгилеп отурат. Композитор 1951-жылы 28-май күнү Кыргыз Республикасынын Талас облусуна караштуу  Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Өз айтымында: Балалыгым Таластын баш жагындагы Көпүрө-Базар деген айылда өттү.Абасы,суусу да тап-таза.Бизден өйдө кийиктер эле жашайт.Тоолор бийик,жылдыздар жакын.Жылдын жарымы кыш.Ал кезде кар калын түшүп кыш узак болор эле.Кыш чилдесинде,январдын алгачкы түнү кыштоодо,боз үйдө төрөлүпмүн. Жылым койон,жылдызым-Текечер,дарагым-Пихта.  Казаков маданият жолун биринчи ыр, макала жазуудан баштаган.  6-классынан баштап райондук гезитке кабарчы катары макала жазып баштаган. Т.Казаков  башында кыргыз филология факультетине тапшырып, жазуучу болсом деп ойлогон экен.

 

Каттар, каттар...

Каттар, каттар...

Токтолбой эле бара жатамын
Барса келбес сапарга
Бара жатат окшоймун?
Алышкандын бир тобун
Ала жатат окшоймун       
Ажалым болсо өлөмүн
Азабым болсо көрөмүн
Ай тоголуп, күн күлсө
Айланып кайра келемин
Калинин шаары 14.04 1942.

Ушундай мааниде жазылган жүздөгөн каттардын ээлеринин көбү Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондор.    

 

 

Великая Отечественная война и историческая память

 22 июня в рамках ХХIХ Моисеевских чтений – международной научно-практической конференции «Россия в ХХI веке: Великая Отечественная война и историческая память» Кыргызско-Российский Славянский университет имени первого Президента Российской Федерации Б.Н. Ельцина совместно с Центральным государственным архивом кинофотофонодокументов Кыргызской Республики и ветеранской организацией Пограничной службы Кыргызской Республики организует работу секции «Киргизская ССР в Великой Отечественной войне: неизвестные страницы сражения с фашизмом».

Начало работы секции в 13.00. Мероприятие состоится в онлайн-формате на площадке КРСУ.

 

Целью конференции является определение важных событий Второй мировой войны и Великой Отечественной войны, наиболее подверженных критике и фальсификации западными научными школами и политиками, а также формулирование научно обоснованных аргументов-ответов, для формирования у молодежи исторической памяти, противодействия попыткам переписать историю и итоги сражения с фашизмом.

 

 

«Маданият бутагы-театр»

Куурчак театры

Кыргыз эли байыртадан искусствого жакын болгондуктан, улам бир чыгармадан экинчи чыгарманы тандап ар бир адамдын жүрөгүнөн орун алып театр менен жашап келишет. Театр-бул адамзаттын искусствого болгон кызыгуусу деп айтар элем.

Театр! Ушул сөздү айтуунун өзү эле кандай кымбат. Театр бири-бирин кайталабаган таланттуулардын өлкөсү. Артист, режиссер, сүрөтчү, гример жада калса кийим кийинүүсүнөн бери адам көңүлүн өстүрүп, ак менен караны таануучу айкөлдүккө, гумандуулукка, боорукерликке ал тургай турмушту түбөлүккө сүйүүгө үйрөткөн искусство. Ошол себептен театрдын артыкчылыгы жандуу исскуство деп аталат.

 

 

«Балет ханышасы Бүбүсара»

Кыргыз элинин мандайына бүткөн тубаса талант, бий периштеси,сейрек учуроочу талант, кыргыз совет хореография искусствосунун алтын барактарына түбөлүк жазылып кала турган Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында, дыйкандын үй бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бийчинин уулунун айтымында, ал 8-апрель күнү төрөлгөн. Бирок балерина туулган күнүн 17-май, уулу Эрмектин туулган күнүнө карата атайын өзгөртүп алган. Бүбүсара он жашка чыккан убагында ал окуган мектепте Ленинграддагы хореографиялык окуу жайга жаш таланттарды издеген адамдар келишет. Алар кичинекей сулуу кызды бир көрүп эле жактырышат. Ата-энеси үчүн көкүрөк күчүгүн алыс жакка жалгыз жөнөтүү оор болсо да, кызынын келечегин ойлоп макулдугун беришет. Ошентип Бүбүсара 1936-жылы Ленинграддагы Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайга өтүп, атактуу бийчи Агрипина Вагановадан таалим ала баштайт. Алгачкы жолу чоң сахнага 1939-жылы Кыргызстандын Москвада өткөн маданият күндөрүндө чыгат. Сахнада тунгуч ирет В. Власов менен В. Ференин «Селкинчек» балетинде Зайнуранын ролун аткаруу аркылуу зор бийчилик жөндөмү ошондой эле профессионалдык даярдыгын көрсөткөн. Б. Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» ошондой эле «Раймонда» спектаклдеринде ачык-айкын байкалган. Балерина окуу жайды 1941-жылы аяктап, Фрунзе шаарына кайтып келип, опера жана балет театрында алгачкы жолу сахнага чыгат.

 

Жусуп Абдрахмановдун  элине кылган эмгеги

Кыргыз Республикасынын биринчи өкмөт башчысы, чыгаан мамлекеттик саясий ишмер, Жусуп Абдрахмановдун  Совет бийлиги жаӊы орногон кезде Кыргызстандын союздук республика статусун алуусуна, өлкөнүн чегин аныктоосуна жасаган эмгеги эч качан унутулбайт

            1924-жылга чейин Жети- Суу аймагында жоопту партиялык-советтик кызматтарда ишин улантат.Ошол жылдары Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын да кеӊейтүүнү максат кылган

Жусуп Абдрахмановдун санаалаштары менген бирге жасаган аракетинин акыбети кайтып, өлкөбүз адегенде автономиялуу облус, андан кийин  автономиялуу республика болуп, өз эгемендигин алгыча СССР дин курамында союздук  республика болуп турду.

 

 

 

 

Нарын облустук мамлекеттик архивинде семинар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын «Архив кызматынын 95 жылдык мааракесине» карата Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомунун (6-бөлүмүнүн 40-41-пунктарынын) негизинде Архив агенттигинин 2015-жылдын 23-декабырандагы № 130 од  буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелеринде социалдык-укук мүнөздөгү суроо-талаптарды аткарууда нускаманын аткарылышын жакшыртуу боюнча семинар уюштурулду

 

 

 

 

«Архивы - главные хранители документальной истории государства и народа»

19 мая 2021 года директор ЦГА ОПД КР - З. Джумагулова приняла онлайн участие в VI  Межрегиональной (с международным участием) научно-практической конференции «Партийные архивы проблемы и перспективы развития», при участии Научно-методического совета архивных учреждений Приволжского федерального округа

 

 

 

 

 

“Кутман курагыңыз кут болсун”

 

Филология илимдеринин доктору, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл облустук мамлекеттик университетинин профессору Жүзөкан Осмонованын 90 жылдыгына карата юбилейлик онлайн конференциясы болуп өттү. Бул онлайн конференция К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл облустук мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факултетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан уюштурулду.

 

 

 

 

Жабыр тарткан жарандарга маалыматтарды акысыз берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-майында  № 113 Жарлыгын аткаруу максатында, Баткен облустук мамлекеттик архивдери тарабынан акы алып мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө, Баткен облусунда жабыр тарткан жарандарга социалдык төлөмдөрдү (пенсияларды, жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды)дайындоо үчүн суроо-талаптаракысыз жүргүзүлөт.

 

Выставка и круглый стол к 120-летию Жусупа Абдрахманова