Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

6photo3

2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Архив кызматынын жетекчиси Алыбаева Мария Артельевна Россия Федерациясынын Свердлов облусунун архивдер башкармалыгынын башчысы Роман Сергеевич Тарабориндин,

Свердлов облусунун административдик органдарынын мамлекеттик архивинин директору Оксана Викторовна Зелневойдун жана Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин тышкы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык департаментинин башкы адиси Диана Рафиковна Халецкаянын курамында Россия Федерациясынын Свердлов облусунан өкүлчүлүктүү делегацияны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Архив кызматынын төрагасы “маалыматтык ресурстарды жана технологияларды өнүктүрүү жаатында өнүгүүнүн баштапкы жолунда турган архив тармагы бардык мүмкүн болгон чараларды көрүп жатканын” белгиледи.

Өз кезегинде Свердлов районунун Архив башкармалыгынын башчысы Роман Сергеевич Тараборин Архив кызматына келип, өз ара кызматташуу маселелери боюнча жеке сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин билдирди.

Белгилей кетсек, жолугушуу губернатордун орун басары башында турган Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон масштабдуу сапарынын алкагында өттү. Борбордук иш-чара архивдик документтердин "эскирүү мөөнөтү жок" көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин фондуларынан документтерди берүү менен архив кызматы активдүү катышкан ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аянтчасында" тарых соттору " коомдук фонду тарабынан уюштурулган.