Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

dlyasaita0517bb72e03

Бүгүн, 2023-жылдын 14-декабрында, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрайымы Алыбаева Мария Артельевнанын төрагалыгы алдында Архив кеңешинин отуруму болуп өттү. 

Кеңештин жыйынына Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко жана кызматтын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйында:

-"Архив тармагын санариптештирүү боюнча 2023-жылдын 9 айында аткарылган иштер жана алдыдагы пландар жөнүндө";

-Архив кызматынын 2023-жылдын 9 айындагы негизги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы иш пландар жөнүндө;

-Архив кеңешинин 2-отурумунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча боюнча маселелер каралды.

Кеңештин жыйынынын алкагында Архив кызматынын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери да баяндама жасашты. Алар чогулгандарга 9 айда аткарылган иштери, негизги жетишкендиктери, көйгөйлөрү (курулуш иштери ж.б.у.с.) жана 2024-жылга пландары менен бөлүшүштү