Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Чүй региондук башкармалыгынын, Чүй региондук башкармалыгынын Москва райондук мамлекеттик архивинин жана Чүй региондук башкармалыгынын Жайыл райондук мамлекеттик архивдерине бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2024-жылдын 28-июнунан баштап 08-июлга чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Кант шаары, Маликова көчөсү, 10а, 2-кабат
- Байланыш номери: 61-69-01
Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгынын бош орундары
-
Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгынын бош орундары
{}
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Инженер-программист
2
- Өз ишин жылдык жана перспективдүү пландарына, ошондой эле ЧРБнын кызматкерлеринин ички эмгек тартибине ылайык уюштурат.
- Функционалдык милдеттерине ылайык документтердин сапаттуу санариптик көчүрмөлөрүн түзөт.
- Санариптештирилген документтердин сапатына көзөмөл жүргүзөт.
- Түзүлгөн электрондук көчүрмөлөрдүн сакталышы жана толук болушу үчүнжоопкерчилик тартат.
- Программалык камсыздоону түзөт жана өркүндөтөт.
- Маалымат базасын жана программалык камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылат.
- Архивдик документтерди пайдалануу жана жарыялоо боюнча бардык талаптарды аткарат.
- Белгиленген мөөнөттө өзүнүн пландык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт.
- Өзүнүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенет.
- Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы";
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгы жөнүндө Жобо
Чүй региондук башкармалыгынын Москва райондук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орун
-
Чүй региондук башкармалыгынын Москва райондук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орун
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Жетектөөчү архивист
1
- Райондук архивдин жылдык планынын негизинде өзүнүн иши боюнча жеке иш планын, айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду түзөт.
- Жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин социалдык-укуктук, тематикалык мүнөздөгү кайрылууларын жана суроо-талаптарын аткарат (архивдин илимий-маалыматтык аппаратын изилдейт, документтерди аныктайт, архивдик маалым каттардын тексттерин түзөт).
- Архивдик документтерди пайдалануу боюнча бардык талаптарды аткарат.
- Өзүнүн квалификациясын жогорулатат, компьютердик сабаттуулукту окуйт, ишмердүүлүк багыты боюнча жана бүтүндөй архив иши боюнча ченемдик-укуктук документтерди өз алдынча изилдейт.
- Ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун, эмгекти коргоону жана башка бардык колдонулуучу тармактык инструкцияларды так сактайт.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы";
- Чүй региондук башкармалыгынын Москва райондук мамлекеттик архиви жөнүндө Жобо
Чүй региондук башкармалыгынын Жайыл райондук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орун
-
Чүй региондук башкармалыгынын Жайыл райондук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орун
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Башкы архивист
1
- Мекемелер менен иштөө боюнча негизги топтоо булактардын жана болжолдуу топтоо булактарынын тизмесин даярдайти.
- Мекемелерге Иш кагаздарын жана күндөлүк архивди өткөрүү боюнча маселелер тууралуу кеңеш берет жана усулдук жардам берет.
- Архивдеги документтердин баалуулугу боюнча баалуулугу төмөн документтерди жок кылуу, өтө баалууларын андан-ары сактоо максатында менчик ээсинин өкүлү менен бирдикте экспертиза жүргүзөт.
- Докуметтерди мамлекттик сактоого даярдоодо, илимий-техникалык жактан иштеп чыгууда практикалык жардам көргөзөт.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюмдун күндөлүк архивдик документтеринин толукталышын, эсепке алынып жана сакталышын камсыздайт.
- Райондук архивдин иштерин пландоодо мамлекеттик архивдерде аткарылуучу негизги иштерди түрлөрүн өнүктүрүүдөгү убакытты нтиптүү нормаларын колдонот жана ишке киргизет.
- Жылдык, ɵздүк иш пландарын түзөт, отчетторду жана маалыматтарды даярдайт.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы";
- Чүй региондук башкармалыгынын Жайыл райондук мамлекеттик архиви жөнүндө Жобо